суббота, 11 июля 2015 г.

ЖЫЙЫНТЫК: ЖАРАТЫЛУУ ЧЫНДЫГЫ


Чындыгында, асмандардагы жана жердегилер, күн, ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, жаныбарлар жана адамдардан көпчүлүгүнүн Аллахка сажда кылып жатканын көргөн жоксуңбу... (Хаж Сүрөсү, 18)


Бал аарыдагы керемет аттуу бул китепте жыйынтык бөлүмүнө чейин аарылардын көптөгөн өзгөчөлүктөрүнөн сөз кылдык. Аарылардагы кемчиликсиз системалар, акылдуу иш-аракеттер, эсептөө, пландоо, куруу сыяктуу жөндөмдөр кантип пайда болгон деген суроонун жообун далилдери менен бирге бердик. Ошондой эле, эволюционисттердин механизмдеринин жараксыз экенин аарылардын жашоосунан, алардагы механизмдерден мисалдарды келтирүү аркылуу терең көрсөттүк. Эң негизгиси, бул китепте акылы менен ойлонгон ар бир адам оңой эле байкай алчу апачык чындык дагы бир жолу көз алдыга тартууланды.
Бул чындыкты көрүү үчүн алгач эң биринчи пайда болгон аары кантип жашаган деген суроону карайлы. Жана бул суроого эволюционисттердин эч качан логикалуу бир жооп бере албашын дагы бир жолу көрөлү.
Белгилүү болгондой, эволюционисттер жандыктар кокустуктардын натыйжасында бири-биринен келип чыккан дешет. Негизи бул көз-караш түп-тамырынан кыйрады (тереңирээк маалымат үчүн китептин «Эволюция жаңылыштыгы» аттуу бөлүмүн караңыз). Бирок биз бир саамга алгачкы аары кокустан жер жүзүндө пайда болгон деп элестетели. Ал аары урпагын уланта алышы үчүн сөзсүз түрдө ургаачы аары, тагыраак айтканда, эне аары болушу керек. Бирок эне аары өзүн өзү бага албайт; белгилүү болгондой, жумушчу аарылар аны аары сүтү менен багышат жана эне аарынын жумурткалоо жөндөмү ошондо гана өрчүйт. Демек, өзүн бага албаган жана жумурткалоо жөндөмү өрчүбөгөн бир эне аары урпагын уланта албастан, жер жүзүнөн жок болот. Мындан тышкары, эне аарынын жер жүзүндө жалгыз жашап жатышы урпагын улантуу үчүн жетиштүү болбойт. Эне аарыны уруктандыра турган бир эркек аары дагы болушу зарыл.
Биз бир учурда бир эне аары менен бир эркек аары жер жүзүндө кокустан пайда болушту деп элестетели (негизи мындай нерсенин ишке ашуу ыктымалдыгы нөлгө барабар). Эне аары уруктанган соң жумуртка таштап баштады дейли. Эми болсо эне аары уя жасай албайт, себеби анын мындай жөндөмү жок. Жумурткаларын башка бир жерге да таштай албайт, себеби жумурткалардан чыккан личинкалар сыртта жашай алышпайт. Мындан тышкары, эне аары балдарына жегизе турган азыктарды чогулта албайт. Себеби эне аарыда уянын сыртына чыгып чаңча чогулта турган дагы, бал өндүрө турган дагы орган жок. Ошондуктан жумурткадан чыккан личинкалар кыска убакыт ичинде өлүмгө дуушар болушат. Мындан тышкары, эне аарыда дагы, эркек аарыда дагы өзүн коргой турган ийнеси болбойт. Ушул себептен душмандарынан коргоно алышпайт жана личинкаларын да эч качан коргой алышпайт.


Жыйынтыктасак, бир аарынын кокустан пайда болуп, жашап калышы эч мүмкүн эмес. Демек эволюционисттердин кокустуктарга таянган теориясынын эч бир илимий негизи жок; башкача айтканда, жер жүзүндөгү бир эле жандыктын өзгөчөлүктөрү дагы эволюция теориясынын кулаганын бизге көрсөтүүдө. Себеби жогоруда берилген бир канча мисал деле аарылардын жер жүзүндө ар кандай жумушту жасай алган жумушчу аарылар, колониянын урпагын улантуучу эне аары жана аны уруктандыруучу эркек аарылар менен бирге бир учурда пайда болгонун толук далилдейт. Бул жандыктардын баарынын чогуу, бир учурда пайда болушунун бир гана жообу бар: баары Аллах тарабынан жаратылган. Бул апачык бир чындык; Аллах бүт башка жандыктар сыяктуу аарыларды дагы жогорку жөндөмдөрү менен бирге жараткан. Жана аларга өз муктаждыгынан алда канча көп бал өндүрүү жөндөмүн тартуулап, адамдарга кызмат кылдырып койгон.
Акылы жана абийири бар бир адам бул китепте окуп, үйрөнгөн чындыктардан төмөнкүдөй жыйынтык чыгарышы керек: Аллах кулдарына карата чексиз боорукер жана чексиз мээримдүү. Ал асмандардагы жана жердеги бүт нерселердин, бүт жандыктардын жалгыз кожоюну. Жандыктардагы өзгөчөлүк жана жөндөмдөрдүн баары Аллахтын чексиз илиминин жана кудуретинин жер жүзүндөгү чагылуусу.


Демек мактоолор асмандардын Рабби, жердин Рабби жана ааламдардын Рабби Аллахка тиешелүү. Асмандарда жана жерде улуулук Ага тиешелүү. Ал – улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Жасия Сүрөсү, 36-37)

Комментариев нет:

Отправить комментарий