суббота, 11 июля 2015 г.

ААРЫНЫН ДЕНЕСИНИН КЕМЧИЛИКСИЗ ДОЛБООРУ


Асмандардын, жердин жана (экөөсүнүн) арасындагылардын баарынын мүлкү Аллахка тиешелүү. Ал бүт нерсеге кудуреттүү. (Маида Сүрөсү, 120)



Дүйнөнүн эң белгилүү компьютер журналдарынын бири Byte'да чыккан бир макала бал аарылар жөнүндө өтө кызыктуу маалыматтарды камтыган.
Журнал компьютерлер менен аарылардын мээсин салыштырган. Журналда айтылган бир изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, аарынын мээси дүйнөнүн эң алдыңкы компьютерлеринен ылдамыраак иштейт. Учурда эң алдыңкы компьютер секундасына 16 миллиард операция жасайт. Аары мээсинин операцияларынын саны болсо мындан толук 625 эсеге чоң, башкача айтканда, 10 триллион.
Болгондо да, аарынын мээси ушунчалык көп операция жасап жатып компьютерге караганда бир топ аз энергия коротот. 10 миллион аарынын короткон энергиясы 100 Ваттык бир лампаны күйгүзүүгө коротулган энергияга барабар (аарынын мээси 10 микроваттан да аз энергия коротот).111
Аарынын мээси менен байланыштуу бул салыштыруудан да көрүнүп тургандай, аарылардын дене түзүлүшүндө кемчиликсиз бир долбоор бар. Аарынын ар бир органы атайын учурда кылып жаткан кызматтарын орундата алышына ыңгайлуу кылып пландалган. Мисалы, аарынын скелети абдан бекем, дем алуу системасы абаны жакшыраак колдонуп, тканьдарга көбүрөөк азык жеткире турган түзүлүшкө ээ. Булчуң түзүлүшү болсо дененин ар кайсы тарабында муктаждыкка жараша ар кандай өзгөчөлүккө ээ. Мисалы, канаттарындагы булчуңдарында көбүрөөк кычкылтек алуу үчүн башка булчуңдардагыдай сырткы чел жок. Ошол сыяктуу, жыт жана даам сезүү системаларында дагы аарынын гүл топтоо сыяктуу кызматтарына эң ыңгайлуу бир долбоор бар.
Китептин мурдакы бөлүмдөрүндө да каралгандай, аарылардын кемчиликсиз дене түзүлүштөрүнүн баары тар бир клетканын ичиндеги чоңоюу этабында пайда болот. Аарылардын денесинин долбоору Аллахтын теңдешсиз жаратуу чеберчилигин, чексиз илимин көрсөткөн далилдердин бирөөсү гана. Аллах илими менен бүт нерсени курчап тураарын бир аятында мындайча кабар берген:

Силердин Кудайыңар бир гана Аллах, Андан башка кудай жок. Ал илим жагынан бүт нерсени ороп-курчаган. (Таха Сүрөсү, 98)

Бул бөлүмдө аарылардын дене түзүлүштөрү кыска кыска маалыматтар менен каралат.



Аарынын скелети

Аарыларда башка чымын-чиркейлердеги сыяктуу катуу кабыктардан турган бир тышкы скелет бар. Бул тышкы скелеттин негизги бөлүгүн хитин деп аталган катуу бир катмар түзөт. Бул катмарлар тышкы скелетти түзө турганчалык бекем кылып жаратылган.112
Скелетти түзгөн башка заттар болсо суу, белок жана май.

Дем алуу системасы

Аарылардын дем алуу системасы сыртка чыгып турган дем алуу тешиктери менен башталат. «Трахея системасы» деп аталган бул система аарынын денесиндеги бүт органдарга жете ала турган бутактарга бөлүнгөн. Трахеянын бутактары кеңейип, аба баштыктарын пайда кылат. Аз санда, бирок чоң болгон бул аба боштуктары абаны жыйнап коюу үчүн пайдаланылат. Баштыктардан чыккан ичке бутактар менен түтүктөр тканьдарга чейин жетет. Аарылар бул баштыктарды кысуу аркылуу денелериндеги айланууну ылдамдатышат жана натыйжада азыктардын тканьдарга жеткирилиши дагы ылдамдайт.113

Булчуңдун түзүлүшү

Аарылардын денесиндеги ар бир булчуң ар кандай сандагы булчуң талчаларынан турат. Булчуң талчалары болсо узунунан кеткен клеткалардан турат. Белгилүү болгондой, ар бир тирүү клетка иш-аракет жүргүзүү үчүн энергияга муктаж. Клеткаларга бул энергияны митохондриялар берет. Аарылар дагы кыймылдоо үчүн жыйрыла турган түзүлүштөргө муктаж болушат. Алардын бул муктаждыгын булчуң талчаларынын суюктугунун ичинде көп көлөмдө кездешкен, «миофибрилл» деп аталган жыйрыла алган түзүлүштөр камсыз кылышат. Миофибриллдер белоктордон турат жана ичинде узунунан тизилген сүйрү формадагы чоң митохондриялар болот. Натыйжада булчуң талчаларынын цитоплазмасы энергия кампасы катары колдонулган гликоген кантка толот.
Аарынын ыкчам кыймылдаган канат булчуңдарында миофибриллдердин диаметри 2,5-3 мкм болот.114 Жана абдан кичинекей болгон бул түзүлүштөр бал аарылардын канаттарын секундасына 250 жолу кагышына мүмкүнчүлүк берет.115 Аары болушунча көп чаңча көтөрүп баратканда саатына 9 км ылдамдыкта уча алат. Жүгү жок кезде болсо 13 км/саат ылдамдыкта учат.
Аарыны кыймылдаткан булчуңдарынын түзүлүшү колдонулган тармагына жараша өзгөрөт. Мисалы, канат булчуңдары сыяктуу өтө ылдам кыймылдаган булчуңдарда жетиштүү көлөмдө кычкылтек алуу үчүн башка дене булчуңдарында кездешкен тышкы чел болбойт. Ошондой эле, ыкчам кыймылдаганда керектүү кычкылтек келип турушу үчүн аарылардын бүт денеси трахея (дем алуу) түтүктөрү менен жабдылган.116
   

Канаттын түзүлүшү

Бал аарылар, учуп баратканда эки канаттуудай көрүнгөнү менен, негизи төрт канаттуу. Учуп баратканда төрт канатын эки канаттай кыймылдатышат. Мындай колдонуу аэродинамика эрежелерине көбүрөөк туура келет. Эгер бул төрт канат өз-өзүнчө кыймылдаганда, учууга ыңгайсыз болмок. Аарылар канаттарындагы өзгөчө долбоор себептүү көп учуучу жандыктарга караганда ылдамыраак кыймылдашат.
Бал аарыларда арткы канатта бир катар күчтүү илмек формасындагы түкчөлөр болот. Ал илмектер алдыңкы канаттын бүктөлгөн арткы четине илинип калат жана натыйжада учуп баратканда эки канаттай кыймылдайт. Эс алуу учурунда болсо бүт байланыштар үзүлүп, алдыңкы жана арткы канаттар өз-өзүнчө болуп калат.117



Жыт сезүү системасы

Аарылардын жыт сезүү органы антенналарынын үстүндө жайгашат. (Чымын-чиркейлердин жыт сезүү органы адамдардыкы сыяктуу дем алуу тешиктеринин ичинде жайгашпайт. Дем алуу тешиктери баштарында эмес, денелеринин башка тараптарында болот.) Антеннасынын ичин көздөй мээсинен келген жыт сезүү нервдери созулат. Бирок бул нервдер жыт заттарына түздөн-түз тийбейт. Себеби чымын-чиркейлердин денеси -антенналар да кошо- кабыкча менен оролгон.
Аары антенналарын микроскоп менен караганыңызда антеннанын бетинде көптөгөн тешиктерди көрөсүз. Мээден келген жыт нервдери ушул тешиктердин ичинде токтойт. Бирок бул тешиктердин бети атайын бир чел менен капталган жана бул нерв учтарын коргойт. Анткен менен, жытты өткөрүү касиетине ээ. Бул тешиктердин арасын болсо ипичке түкчөлөр каптап турат. Булар аарынын сезүүчү түкчөлөрү.118


Даам сезүү системасы

Аарылардын даам сезүү органы оозунда жана шлангдарында жайгашкан. Аарылар таттууну, ачууну, кычкылды жана туздууну айырмалай алышат.

Бал чогулткан аарылар үчүн булардын эң негизгиси таттуу даам. Аарылар өзгөчө канттын өздөрүнө керектүү түрлөрүн өтө мыкты айырмалашат. Бул жерде аарылар менен адамдарды мындайча салыштырууга болот. Адамдар азыктык баалуулугу жок таттуу кылуучу заттар менен канттын арасындагы айырманы көп биле беришпейт. Ал эми аарыларды болсо таттуу кылуучу заттар менен алдай албайсыз. Аары чыныгы кант менен таттуу кылуучу заттын айырмасын заматта байкап, таттуу кылуучу зат кошулган суудан азык албайт. Даам сезүү системасынын мындай сезгич болушу аарылар үчүн зор мааниге ээ. Себеби аары чогулткан ширелерин колдонуп бал өндүрөт. Ошондуктан жытты жана канттын даамын туура эмес сезүү балдын эч пайда болбошуна же начар болуп калышына алып келет.119

Булактар:

111- BYTE Dergisi, Haziran 1995
112- The Guinness Encyclopedia; s.18
113- The Guinness Encyclopedia; s.91-94
114- Prof.Dr.Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları, Omurgasızlar/Böcekler, Entomoloji Cilt II/Kısım -II, Ankara; s.96-99
115- Joan Embery, Collection of Amazing Animal Facts, Delacorte Press, New York 1983, s.23
116- Prof. Dr.Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları, Omurgasızlar/Böcekler Entomoloji Cilt II/Kısım-II, Ankara; s.98
117- Prof. Dr.Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları, Omurgasızlar/Böcekler, Entomoloji Cilt II/Kısım -II, Ankara; s.65
118- Prof. Karl von Frisch, Arıların Hayatı, s.117-119
119- Prof. Karl von Frisch, Arıların Hayatı, s.124

Комментариев нет:

Отправить комментарий