суббота, 11 июля 2015 г.

БИР ИНЖЕНЕРИЯ КЕРЕМЕТИ: ААРЫ УЯСЫ


Асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагылардын Рабби, улуу жана кудуреттүү, кечиримдүү. (Сад Сүрөсү, 66)



Аарылардын эң таң калыштуу өзгөчөлүктөрүнүн дагы бири болсо – бул алты бурчтуу аары уялары (соты). Көп сандагы аарынын уя куруп жатканына байкоо жасасак, биринчи эле булардын ишинин аягында башаламандык келип чыгат го деген ойго келебиз. Ар бири өзүнчө иштеп жаткандай көрүнгөн бул жандыктарды биргелешип өтө пландуу курулуштарды кура алышат деп айтуу кыйын болот. Бирок сырттан көрүнгөндүн тескерисинче, уя жасаган (токуган) аарылар жогорку уюшкандыкта жана өтө тартиптүү иш алып барышат. Ар бир ар кайсы тарабынан баштаганы менен, баары бирдей чоңдуктагы алты бурчтуу клеткаларды жасай алышат. Ал алты бурчтуктарды ортодо бириктиргенде, бириккен жери такыр билинбей калат жана алты бурчтуктардын эч биринин бурчу бузулбайт.
Аарылар уюкта муктаждык болгондо гана уя жасашат. Ал уяларды турак жай катары пайдалануу, азык жыйнап коюу жана личинкаларды чоңойтуу үчүн курушат. Уялар бүт тарабынан пландуу бир түзүлүшкө ээ. Мисалы, аары уялары эки беттүү болот. Эки бети тең жүздөгөн, ал тургай, миңдеген көздөн турат. Ал көздөрдүн бал, чаңча жана жумуртка менен толтурулушу дагы белгилүү бир тартипке таянат. Тизмеге тизе турган болсок, бир аары уясында эң үстүнөн ортоңку бөлүккө чейин бал жайгашат. Ортодо чаңчалар, эң астында болсо личинка бөлмөлөрү орун алат. Бал кампалары уюктун капталдарында да уланат. Бирок жумушчу аарылар личинка бөлмөлөрү менен бал бөлмөлөрүнүн арасына сөзсүз бир качан катар чаңча жыйнашат.120 Натыйжада бал, личинкалар жана чаңчалар бири-бирине аралашып кетпейт. Албетте, уюктун ичинде бал менен личинкалардын бири-бирине аралашпашы эң көп адамдарга пайда алып келет. Антпесе, бал челекчилерге кыйын болмок. Аары уясынын бир бөлүгүн бөлүп алууну каалаган бал челекчилер бал алууга аракет кылып жатып аары колониясынын жаңы индивиддерине аргасыздан зыян тийгизишмек. Ошондой эле, личинкаларга аралашып кеткендиктен, балды жеш дагы өтө кыйын болуп калмак.
Бул жеңилдик дагы аарылардын аң-сезимдүү иш-аракеттеринин бир натыйжасы. Көрүнүшү жагынан уялардагы клеткалардын (мисалы, личинка клеткалары менен чаңча жана бал клеткаларынын) арасында эч кандай айырма жок. Булардын баары бири-бирине опокшош. Бирок окшош болсо дагы, эне аары жаңылып кетип бош турган бал же чаңча клеткаларына жумуртка таштап койбойт. Дайыма туура жерге жумуртка таштайт. Албетте, бул дагы эне аарыга Аллах тарабынан берилген бир жөндөм.

ЭВОЛЮЦИОНИСТТЕР УЯЛАРДЫН КУРУЛУШУ ЖӨНҮНДӨ КАНДАЙ ОЙДО?


Башка бүт жандыктар сыяктуу бал аарылардын дагы өз түрүнө тиешелүү кыймыл-аракеттери бар. Бул кыймыл-аракеттер дагы эволюционисттерге көптөгөн суроолорду туудурат. Мисалы, эволюционисттер бал аарылардын жасаган уялары, өз ара байланыш ыкмалары сыяктуу көптөгөн өзгөчөлүктөрү жөнүндө узатылган суроолорго жооп таба алышпайт. Себеби эволюция механизмдери менен аарылардын коомдук жашоосун жана өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүүгө болбойт.
Чарльз Дарвин өзгөчө колония болуп жашаганы үчүн «коомдук чымын-чиркей, курт-кумурскалар» деп аталган аарылардын жана кумурскалардын кыймыл-аракеттерин өзүнүн теориясынын механизмдери менен түшүндүрүүдө кыйналганын көп жолу мойнуна алган. «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинде Дарвин бир суроо менен өзү чыгарган теориясынын инстинкттер жөнүндө кабылган парадоксуна төмөнкүчө токтолгон:
...Инстинкттер табигый тандалуу менен пайда болушу же өзгөрүшү мүмкүнбү? Аарыны, атактуу математиктердин ачылыштарынан эбак эле, аары уяларынын көздөрүн жасаганга багыттаган инстинкт жөнүндө эмне дей алабыз?121
Дарвиндин эмне үчүн өзүнүн теориясына суроолор узата турганчалык оор абалда калганын аарылардын жасаган уяларын карап көргөндө түшүнөбүз.


ААРЫ УЯСЫНЫН ЖАЛПЫ ТҮЗҮЛҮШҮ



Бир уяны (соты) ортодон экиге бөлсөк, өтө кызыктуу нерсени көрөбүз. Уянын ортосунда бир тосмо болот. Бул тосмо дагы башка бөлүктөр сыяктуу бал момунан жасалат жана эки тарапты көздөй тизилген клеткалардын (көздөрдүн) түбүн түзөт. Клеткалардын түбү түз эмес. Бири экинчисине туура келе тургандай чуңкур кылып жасалат. Эки тараптагы клеткалардын чуңкурлары бош орун калбашы үчүн бири-биринин ичине кирип турат. Капталдар клеткалардын ортоңку тосмого салыштырмалуу бир аз ийилген болушуна шарт түзө турган бир түзүлүшкө ээ. Бул форма клеткаларга толтурулган балды агызбай сактайт.122
Мындан тышкары, уюкта жумушчу аарылардын клеткалары жогоруда, эркектердин аз сандагы клеткалары болсо төмөндө жайгашат. Эне аары клеткалары болсо эң төмөнгө курулат. Ошондой эле, уя клеткалары муктаждыкка жараша жасалат. Мисалы, уюкта эркектердин саны азайганда же кыштан чыкканда (кышында уюкта такыр эркек болбойт) эркектер үчүн башкаларга караганда чоңураак болгон клеткалар жасалып башталат. Ошол сыяктуу, эне аары клеткасы дагы уюкка жаңы бир эне аары керек болгондо гана жасалат.
Мындан тышкары, уяларды курууда дагы өтө маанилүү жагдайлар бар. Уянын чийки затын өндүрүү жана колдонуу, уяны жасоодогу математикалык эсептөөлөр сыяктуу жагдайлар дагы өтө таң калыштуу.


Уя жасоонун биринчи этабы: бал момун өндүрүү

Аары уяларынын негизги курулуш материалы – бул бал мому. Аарылар бал момун курсактарынын астында жайгашкан 4 жуп секреция безинен чыгарышат. Бул бездер бириккен жерде эки кичинекей боштук бар. Бал мому ошол боштуктарда майда ичке бөлүкчөлөр формасында пайда болот. Аарылар бул кичинекей катмарларды алуу үчүн түкчөлөрдөн турган арткы буттарындагы илмектерин колдонушат. Муну бал мому плитасына өткөрүп, арткы буттары менен тартып сыртка чыгарышат. Анан алдыга түртүп алгач ортоңку, анан алдыңкы буттарына өткөрүшөт (аарылар 6 буттуу). Аягында плитаны ээк сөөктөрү менен алып, жууруп колдонула турган абалга алып келишет.123 Бир мом катмарын алаар замат боштуктан экинчиси чыгып калат. Бирок бал момун чыгаруу үчүн эң негизги нерсе – бул температура. Ушул себептен жумушчу аарылар уя жасап баштаганда бири-бирине катар жабышып, топ формасына келишет. Натыйжада температура бал момуна керектүү 35°Сге жетет. Жууруу процесси ушундай эң ыңгайлуу температурада жасалат жана мунун натыйжасында пластик сымал, курулушка оңтойлуу бал мому даяр болот.
Бал момунун түсү биринчи чыгарылган кезде ак болот. Ичине чаңча жана башка заттар аралашканда түсү сарыга жана күрөңгө айланат. Бал момунун химиялык курамы болсо төмөнкүдөй:124
Углеводороддор             14%
Татаал моноэфирлер      35%
Диестерлер                    14%
Гидрокси полиэстерлер  8%
Эркин кислоталар          12%
Бал момун өндүрүү өтө көп энергияны талап кылат. Ошондуктан аарылар 1 кг бал момун жасоо үчүн болжол менен 22 кг бал керектешет. Аарылар бал момун секреция бездеринен болжол менен бир төөнөгүчтүн башындай көлөмдөгү бөлүкчөлөр формасында чыгарышат.125 Бул көлөмдү эске алганда бал момунун эмне үчүн мынчалык баалуу экенин жакшыраак түшүнөбүз. Аарылар кичинекей бир мом сыныгын дагы колдонуп, бал момун максимум пайдаланышат. Ал тургай, бир уюкту толугу менен таштап кетүү керек болгондо, балды керектеп (жеп) бал момун өндүрүүнүн ордуна, мурдакы уюктан бал момун ташыганы да байкалган. Бул жөнүндө изилдөө жасаган немец илимпоз доктор Н. Коенигер (Dr. N. Koeniger) башка жерде жаңы бир уюк жасоо үчүн мурдакы уюгун таштап кеткен бир аары колониясын тапкан. Эртеси жумушчу аарылардын уюкка кайра келгенин байкаган Коенигер аарылардын мурдакы клеткалардан бал момун кемирип, аларды жаңы уюктарына алып кетип жатканын аныктаган. Аарылардын мындай кылышына бал момун өндүрүүдө көп энергия сарпталышы себеп болот.126
Аарылар төөнөгүчтүн башындай көлөмдөгү бөлүкчөлөрдөн турган бал момун өтө акылдуу колдонуп, эң аз бал мому менен эң көп уя курушат. Мисалы, аарылардын өлчөмү 22,5х37 см болгон бир уяга болгону 40 грамм бал момун коротоору аныкталган. Өзүнүн салмагы 40 грамм болгон бул уя болжол менен 2 кг бал сактай алат.127

Бал мому кантип пайда болгон?

Аарылар бал мому болсо гана уя жасай алышат. Бал мому сыяктуу уя жасаганга абдан ыңгайлуу бир заттын аарылар тарабынан өндүрүлүшүнүн өзү эле бир жаратылуунун (Жаратуучунун бар экендигинин) далили.
Эволюционисттер аарылар алгач пайда болгондо мындай өзгөчөлүктөрү болгон эмес жана бүт өзгөчөлүктөрү узун бир убакыт аралыгында, бир катар кокустуктардын натыйжасында келип чыккан дешет. Ошондуктан бул жерде жооп берүү керек болгон кээ бир суроолорду узатып, эволюционисттердин бул көз-карашынын негизсиздигин карап чыгуу туура болот.
Эң биринчиден, аларга толугу менен чоочун бир зат болгон бал момунун курамын аарылар кантип табышкан?
Жана кантип аарылардын баары бирдей формуланы, бирдей курамды миллиондогон жылдан бери эч катасыз жасап келе жатышат?
Аарылар бал мому сыяктуу идеалдуу бир материалды өндүрө турган системаларды денелеринде кантип пайда кылышкан же жасашкан?
Аарылар өз алдынча кандайдыр бир жол менен уянын чийки заты болгон бал момун өндүрө алышты деп элестетип көрөлү. Бул ийгилик эч бир ишке жарабайт. Себеби аарынын ошол эле учурда кура турган курулушу жөнүндө техникалык маалыматы жана жөндөмү дагы болушу керек.
Бир аары, эч ыктымалсыз болсо да, бул өзгөчөлүктөргө кокустан ээ болуп калган деп элестетели; бул дагы эч качан жетиштүү болбойт. Ал аары бул маалыматты кандайдыр бир жол менен башка колония мүчөлөрүнө үйрөтүшү керек болот. Жана алардын денесинде дагы бал момун өндүрүүгө керектүү системаны пайда кылышы керек. Мындан тышкары, келечек урпактарга дагы бул маалыматты жана өндүрүш системасын өткөрүп бериши зарыл.
Ошондой эле, бүт аарылар чогуу иштей алышы үчүн иштерди бөлүштүрүүнү да билиши керек болот. Себеби аарылардын уя жасаганды билиши эле жетиштүү эмес. Аарылар чогуу иш алып баруу үчүн өз ара уюша ала турган акылы жана аң-сезими да болушу шарт. Себеби аарылар кантип уюша алышат, кантип өз ара байланыш курушат, он миңдеген аарынын караңгы бир уюкта эч башаламандык чыгарбай иштешинин түпкү себеби эмне деген сыяктуу суроолорго да жооп берүү керек.

Акылман адамдардын жогоруда кыскача айтылган бул этаптар жөнүндө абийирин колдонуп бир саамга эле ойлонушу жетиштүү болот. Аары сыяктуу бир жандыктын уя жасай ала турган, ал уяларды эң керектүү таризде колдоно ала турган өзгөчөлүктөргө ээ болушу, албетте, кокустуктардын натыйжасы эмес. Бул кереметтүү куруу жөндөмү аарынын көлөмүнө дагы, мээсинин күчүнө дагы, акылы менен аң-сезимине дагы эч туура келбейт.
Аарынын бул жөндөмдөрүн жер жүзүндөгү акылы жана аң-сезими бар жалгыз жандык болгон адамга салыштыруу аркылуу ойлонуп көрөлү. Бир адам өз каалоосу менен өзүнүн денесине бир ишине жарай турган жаңы бир секреция безин жасай алабы? Мисалы, керек учурда шилекей бездерине клей өндүртө турган жаңы бир системанын планын түзүп, аны денесине орното алабы? Албетте, адамдын колунан мындай нерсенин келбей турганын элдин баары билет. Андай болсо, адамдын акылы жана аң-сезими бар туруп жасай албаганын бир аарыдан күтүүгө болобу?
Аары дагы, жер жүзүндөгү башка бир жандык дагы өз каалоосу менен денесине жаңы органдарды кошо албайт, жаңы секрецияларды чыгара албайт. Аарылардагы долбоор жана кереметтүү жөндөмдөр алардын бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын апачык далилдөөдө. Аарылар дагы жер жүзүндөгү бүт жандыктар сыяктуу Аллах тарабынан жаратылган. Аллах аарыларда адамдар ой жүгүртүп, насаат алышы үчүн теңдешсиз Акылынан мисалдар көрсөтүүдө. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү. Акылы бар адамга болсо абийиринин үнүн угуп, бүт кылган иштеринде Жаратуучубуз Аллахка кайрылуу жана бүт өмүрүн Анын каалоолоруна ылайык өткөрүү милдети жүктөлгөн:

Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берген ким? Кулактардын жана көздөрдүн ээси ким? Тирүүнү өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким?» Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айткын: «Силер дагы эле коркуп, тартынбайсыңарбы?» (Йунус Сүрөсү, 31)

Аары уяларын түзгөн бирдей өлчөмдөгү клеткалардын көлөмү кантип белгиленет?

Уя клеткаларын токуу (жасоо) этабы дагы өзүнчө бир керемет. Абдан тегиз, бирдей өлчөмдөгү алты бурчтуктардан турган уялар – аарыларда көрүлгөн улуу акылдын дагы бир көрсөткүчү.
Уя жасоо эң үстүнөн башталат жана аарылар бир учурда 2-3 тарабынан төмөн көздөй токуп жөнөшөт. Бир уя бөлүгү эки тарапты көздөй кеңейип барып, башка эки катар менен биригет. Бул жумуш өтө шайма-шай жүргүзүлөт. Натыйжада аары уясынын эки-үч бөлүктүн биригишинен пайда болгону эч билинбей калат. Ар кайсы учунан башталып курулган уя тилкелери ушунчалык тегиз болгондуктан, жүздөгөн клетка жана бурчтан турганы менен, аягында бүтүн бир уя келип чыгат. Уяда бир дагы уланган жерди жолуктура албайбыз. Бул болсо аарылардын жумушту туш келди баштабай турганын, башталган жана бириккен жерлердин арасындагы аралыкты алдын ала эсептээрин көрсөтөт. Бал аарылар жасаган уялардын көздөрүнүн туурасы дагы стандарттуу болот. Бал, чаңча жана личинкалар үчүн курулган уянын көздөрүнүн (клеткаларынын) туурасы 5,2-5,4 мм арасында болот. Эркек аарылар үчүн гана 6,2-6,4 мм тегерегинде клеткалар даярдалат.128
Аарылар уянын көздөрүнүн туурасы менен калыңдыгын сезгич түкчөлөрү менен ченешет. Аарылардын сезгич түкчөлөрү өзгөчө ээк жана антенналарда жыш болот. Бир бал аарынын бир антеннасында 8500гө жакын сезгич түкчө (sensilla trichodea) жана 500000 сезгич клетка аныкталган.129 Аарылар бул түкчөлөрдү колдонуп жасаган клеткаларынын капталынын калыңдыгын өлчөшөт. Өлчөөнү өтө тактык менен жасашат. Бир клеткага бал момун кошкон аары клетканын капталын акырын акырын түртүп көрөт. Капталдын кыймылдашына жараша клетканын ийкемдүүлүгүн жана калыңдыгын түшүнөт. Натыйжада дагы бир керемет көрүнүш келип чыгат. Бүт аарылардын бал момунан жасаган уяларынын капталдарынын калыңдыгы (жоондугу) толук 0,07 мм болот. Бул чоңдуктан 0,002 миллиметрге (миллиметрдин миңден экисине) гана четтөө болушу мүмкүн.130
Уянын клеткалары бир тараптан курулуп жатканда, экинчи тараптан бириктирилиши дагы өтө кызыктуу жүрөт. Аарылар бир клетканы толук бүтүрүп, анан экинчисин башташпайт. Биринчи клеткалардын капталдары кошулуп жатканда төмөн көздөй жаңы клеткалар жасалып башталат. Коңшу клеткалардын капталдары төмөн жагынан курулуп башталат. Уялардын курулушу уланып жатканда жаңы келген аарылар да бул жумушка кошула алышат. Бул жерде эң кызыгы, уяны курууга кийин кошулган аарылардын баары курулуштун кайсы этапка келгенин заматта түшүнүп, жумушту ошол жеринен баштай алышат.
Уянын көзү калыпка салынып, жасалып бүткөн соң аарылар курсактарынан чыккан башка бир суюктук менен бал момун катуулаштырып, ишти аягына чыгарышат. Ошентип баары бирдей болгон жана кемчиликсиз алты бурчтуктардан турган уялар пайда болот. Бирок муну да айта кетүү керек; аарылар абдан көп санда уя жасашат. Мисалы, аарылар 9,9 кг бал сактоо үчүн 35000 клеткадан турган бир уя жасашы керек болот.131
Бул жерге чейин айтылган маалыматтардан көрүнүп тургандай, аары уясынын өндүрүү этабында да, жалпысынан долбоордун бүт этаптарында да эч бир кемчилик жок. Уянын бурчтарынын долбоору дагы таң калаарлык бир түзүлүшкө ээ. Аарылар уянын капкагын жаап жатканда алты бурчтук, капталдарында трапеция, төбөсүндө болсо ромб формасын негиз алышат. Ушундайча эки тараптуу уя көздөрүнүн төбөлөрүн бириктиришет. Бир тараптагы үч уя көзүнүн ортосуна, экинчи тараптагы уя көзүнүн төбөсүн келтирүү аркылуу болсо уяларды чыдамкай, бекем кылышат.



Аарылардын теңдешсиз уя жасоо жөндөмү

Аарылар дүйнөсү изилденген сайын илимпоздордун таң калуусу ан сайын өстү. Аларды аарылардын алты бурчтук, трапеция, ромб сыяктуу математикалык формалар менен байланыштуу эсептөөлөрдү жана бул формалардын кайсынысынын уянын кайсы жеринде болоору сыяктуу нерселерди так, толук билиши таң калтырды. Мисалы, аарылар жөнүндө жазылган белгилүү эмгектердин бири болгон «The World of Bees» аттуу китебинде изилдөөчү Мюррей Хойт (Murray Hoyt) уя жасоо жөнүндө мындай деген:
Бир канча аары ооздорундагы бал момун керектүү жерге койгон соң бирдей калыңдыктын жана форманын келип чыгышы таң калыштуу. Бул жерден он миңдеген аарынын ар бири өзүнчө бир адис инженер деген тыянакка барасыз.
Ар бир аары уядагы өзүнүн бөлүгүнө кичинекей бир бал момун кошот. Жана ар бир уя клеткасы, ошого карабастан, башкалар менен бирдей өлчөм жана формада болот. Аарылардын иштеп жатканын караганыңызда, ар бири бир тыякка, бир быякка туш келди оюна келгендей чуркап жүрөт деп ойлойсуз. Уя курууда бир инженердин кереметтүү программасы сыяктуу чен-өлчөмдөр бар. Жүздөгөн, миңдеген аары ар тарабынан жасап, өзгөртүп отурат. Эң ыңгайлуу орундар, эң ыңгайлуу клетка өлчөмдөрү келип чыгат.132
Булар абдан ойлондурарлык сөздөр. Бир адам колунда сызгыч, транспортир сыяктуу шаймандар болбостон, түз геометриялык формаларды оңойчулук менен сыза албайт. Бир адам аарылардай бир алты бурчтуктун 120 градустук ички бурчтарын так чыгара албайт.
Ошондой эле, кагаз бетинде сызууга аракет кылынган формалардын эки өлчөмдүү экендигин да унутпаш керек. Аарылар болсо үч өлчөмдүү алты бурчтуу призмаларды жасашат. Мындай үч өлчөмдүү призмаларды жасоодо капталдарынын калыңдыгы, ийкемдүүлүгү сыяктуу өтө так эсептөөлөр жүргүзүлөт. Мындан тышкары, уя эки тараптуу болгону үчүн эки тараптагы клеткалардын түптөрүн бириктирүү маселеси да келип чыгат. Мындан тышкары, бүт уя клеткалары бал сыртка агып кетпеши үчүн 13 градуска жантайтылып жасалат.133
Ошол эле учурда, жогоруда айтылгандай, уя өз-өзүнчө жасалган бөлүктөрдүн бириктирилишинен келип чыгат. Башкача айтканда, уя кичинекей бир бөлүктү акырындап кеңейтип, чоңойтуу аркылуу жасалбайт. Уяларда ар бир аары өз-өзүнчө жасаган бөлүктөрдүн учтары бириктирилет. Ар тараптан бирдей жасалып келген уя тилкелери бириктирилгенде ортодо эч кандай из калбайт. Клеткалардын бириккен жерине туура келген алты бурчтуктар жарым да болуп калбайт же көлөмү дал келбей, бири узун, бири кыска, бири-бирине дал келбеген клеткалар да чыгып калбайт. Аарылар клеткаларды ушунчалык кемчиликсиз, катасыз бириктиргендиктен, уя жасалып бүткөн соң бириктирилген жерлерди эч ким таба албайт.
Бул жерде оюбузга аарылар эмне үчүн уяны бир тараптан жасап баштабайт деген суроо келиши мүмкүн. Эгер аарылар уяны бир жагынан жасап баштаганда, уянын курулушу абдан көп убакыт алмак. Себеби курулган аянт тар болгондуктан, клеткалардын саны көбөйгөндө гана жаңы аарылар ишке кошула алмак. Уя жасоо азыркыдай бир канча жагынан жасалып баштаганда болсо алда канча көп аары иштегендиктен, курулуш абдан ылдам жүрөт.

Көрүнүп тургандай, уя жасоо менен байланыштуу жагдайлар өтө көп. Аары уясынын атайын долбоорлонгон бир түзүлүш экени апачык көрүнүп турат. Бул кокустан келип чыккан болушу мүмкүн деген көз-караш болсо эч акылга сыйбайт. Аарылардын жашоосунун ар бир этабы Аллахтын чексиз кудуретинин жана жаратуу күчүнүн көрүнүштөрүнөн.



Аарылар жасаган кереметтүү эсептөөлөр

Аарылар жасаган жумуштун кереметтүүлүгүн жакшыраак түшүнүү үчүн бир мисал жөнүндө ойлонолу. Колуңузда баарынын өлчөмдөрү бирдей болгон кирпичтер бар дейли. Аларды түз бир сызыктын үстүндө, сызыктын эки учунан жана бир учурда баштап тизип чыгыңыз десе (берки тарапта сизге көмөкчү болгон дагы бир киши болсо), муну оңой эле жасай аласыз. Эч кандай эсепти талап кылбаган бул жумушта ортосуна келгениңизде ортодо кирпичтин узундугунан кыскараак бир боштук калуу ыктымалдыгы жогору болот. Бирок бул маселени бир кирпичти сындырып кыскартып, ал боштукка коюу аркылуу чече аласыз.
Муну аарылар сыяктуу эң учундагылардан тышкары эч бир кирпичти кыскартпастан жасашыңыз талап кылынды дейли. Анда эмне кылмаксыз? (Аарылар алты бурчтуктун геометриялык формасы себептүү уянын четке карманган жерлеринде гана жарым алты бурчтуктарды, б.а. трапецияларды жасашат.) Башкача айтканда, аарылардай кылышыңыз керек болсо, анда эки учтагыларды гана сындыра аласыз. Башка кирпичтердин баары аарылар жасаган клеткалардай бири-бирине тең болушу керек.

Мындай кылуу үчүн кээ бир эсептөөлөрдү жасашыңыз керек болот. Себеби мындай бир жумушту туш келди баштап, туура натыйжа ала албайсыз. Дал талап кылынгандай орундатуу үчүн катары менен кээ бир эсептөөлөрдү жасашыңыз керек. Эң биринчиден,
1-Колуңузга метр алып, сызыктын узундугун ченешиңиз керек.
2-Андан соң кирпичтердин бирөөсүнүн узундугун ченешиңиз керек.
3-Сызыктын узундугун кирпичтин узундугуна бөлүшүңүз керек. Эгер сызыктын узундугу кирпичтин узундугунун эсеси болбосо, үтүрлүү бир сан келип чыгат.
4-Чыккан сандын үтүрдөн кийинки бөлүгү өтө маанилүү, себеби бул эң учтагы кирпичтерди канчага кыскартуу керек экенин көрсөтөт. Мисалы, бул сан 0,25 чыкса, эки учка койо турган кирпичтердин жалпы узундугу 0,25тен ашпашы керек. Чыккан санга карап оңдоолорду киргизе аласыз.
5-Чыккан санга карап эки учуна кыскартылган эки кирпичти койгон соң калган кирпичтерди тизе аласыз. Ортосуна келгениңизде койгон акыркы кирпичиңиз бош жерге толук дал келет. Албетте, бул жерге чейин ката кетирбеген болсоңуз!
Көрүнүп тургандай, бул жумушту бир катар эсептөөлөрдү жүргүзүп, кээ бир өлчөгүч шаймандарды колдонуу менен гана жасай аласыз.
Эми аарылардын кирпич экспериментинен алда канча татаал болгон жана эч бир шайман колдонбой жасаган эсептөөлөрүнө келели...
Аарылардын түз бир беттин үстүндө сызык сызуу же кирпич тизүү сыяктуу бир жумушту эмес, баары бирдей өлчөмдөгү алты бурчтуктарды катар тизүү жумушун жасаарын дагы бир жолу эске салалы. Аарылар мээси 0,74 миллиметр куб, салмагы болсо 80 менен 110 мг арасында өзгөргөн жандыктар.134 Бирок адамдар гана чыгара алчу эсептерди чыгарып, ал тургай, кээде адамдарды да кыйынчылыкка салган бурчтарды эч жаңылбай эсептеп, бирдей өлчөмдөгү алты бурчтуктарды жасашат. Ошондой эле, бир уюкта уя жасаган аарылардын баарынын мындай эсептөөлөрдү жана өлчөөлөрдү жасай алаарын, баарынын бири-бири менен координациялуу иш алып бараарын да унутпаш керек.
Аарылар бал момунан жасаган клеткалардын баарынын туурасы дайыма 5,2 менен 5,4 мм арасында болот. Уя чектүү бир аянтка эч көйгөйсүз батышы үчүн капталдардагы кармана турган чекиттерге туура келген жарым клеткалардын (трапециялардын) туурасы дагы өтө маанилүү. Эгер эки учтагылар (кээде үчүнчүлөр) бир аз кенен же бир аз тар жасалса, ортого келгенде бириккен жерлер туура эмес болуп калат. Бул жерде көңүл буруу керек болгон дагы бир жагдай бар: бүт узундуктар толук туура эсептелген болсо дагы, эгер аары топторунун бири жумушту бир аз төмөнүрөөк же бир аз жогорураактан баштаса, ортого келгенде уялардын бөлүктөрү бири-бирине дал келбей калат жана аларды бириктирүүгө болбой калат. Дагы бир жагдай болсо, эгер ортодогу аары тобу уя тилкесин бир аз солго же оңго жылдырып, жасап баштаса, эки тараптан келген уялар ортодогуга бириге албай калат.
Жогорудагы мисалга кайра кайта турган болсок, кирпичтерди эки учунан тизип баштаганда, үчүнчү бир кишинин ишке аралашып, сызыктын үстүнө кирпич коюп башташы башаламандыкка себеп болот. Бул жолу ал киши койо турган биринчи кирпичтин ордун так аныктоо керек болот. Себеби кирпич туура эмес жерге коюлуп калса, эки тарабында тең бош орун калып калат.
Бирок аарыларда мындай бир ката же бириккен жерин билүү деген сыяктуу бир маселе жаралбайт. Бир учурда канча аары иштебесин, баарынын кылганы бири-бирине төп келип, жумуштарын дасыккан инженерлердей ийгиликтүү орундатышат.

Бир гана калем колдонуп аары уясынын сүрөтүн тарта аласызбы?

Эми болсо мындан да жөнөкөй бир эксперимент жасап, аарылардын кылган ишин башка бир мисал менен карайлы. Бир ак кагаздын бетине бир канча бурчунан баштап алты бурчтуктарды тартып баштаңыз жана кагаз бетинин ортосунда бул алты бурчтуктарды бириктирүүгө аракет кылыңыз. Жана бириккен жеринин такыр билинбей калышына өзгөчө көңүл буруңуз. Эң негизгиси муну сызгыч, транспортир сыяктуу шаймандарды колдонбостон жана эч кандай эсептөөлөрдү жүргүзбөстөн жасаганга аракет кылыңыз. Мунун өтө татаал, ал тургай, эч мүмкүн эмес экенин көрөсүз. Ал эми үч-төрт кишинин ар биринин ар тарабынан баштап бул сүрөттү тартканга аракет кылып жатканын элестетсек, мунун канчалык татаал экенин жакшыраак түшүнөбүз.
Ошондой эле дагы бир нерсени эске салуу керек: сиз бул сүрөттү тартып жатып ката кетирсеңиз, аны өчүрүп башынан тарта аласыз. Ал эми аарылар уя жасап жатканда болсо ката кетирип башынан баштап отурушпайт. Алар уяларды бир жолуда эле эч катасыз жасап коюшат.
Бул мисалдардан да көрүнүп тургандай, аары иштеген шарттарда иштеп, ошондой кемчиликсиз алты бурчтуктарды жасап, анан аларды бириктирип бир уя жасоо абдан кыйын. Болгондо да, аарылар пайда болгон кезден бери жасап келе жаткан уялардагы кереметтер булар менен эле чектелбейт.


Аары уясындагы бурчтар

Аарылар уянын клеткаларын куруп жатканда 3 бурчка көңүл бурушу керек.
1-Уянын клеткаларынын ички бурчтары
2-Клеткалардын жерге болгон бурчу
3-Клетканын түбүндөгү трапециялардын бурчтары
Аарылар уянын клеткаларын жасоодо жактары бирдей болгон алты бурчтук келип чыгышы үчүн талап кылынган 120 градустук бурчту эч катасыз сакташат. Бал аарылар уя курууда көңүл бурган дагы бир жагдай болсо – бул клеткалардын жантайышы. Клеткалар жерге толук параллельдүү кылып курулса, ичине куюлган бал сыртка агып кетет. Клеткалар аарылар тарабынан эки тарапты тең көздөй 13 градустан көтөрүлүп, жерге толук параллельдүү жасалбайт.135
Аарылар колдонгон үчүнчү бурч болсо – бул клеткалардын түбүнүн биригүү бурчу. Бул илимпоздор арасында кайчы пикирлерге себеп болуп, бирок аягында кайра эле аарылардын жеңиши менен жыйынтыкталган өтө кызыктуу бир жагдай.

Аарылардын илимпоздордун үстүнөн жеңиши: жантайуунун эч катасыз эсептелиши

Жогоруда айтылгандай, аарылар уяларын эки тарапты көздөй жасашат. Алты бурчтуу призма формасындагы уя клеткаларынын түбү тигил тараптын клеткалары менен биригет. Аарылар жасаган уялардын долбоору бүт тарабынан кемчиликсиз. Бирок уялардын клеткалары бириккен жерде өзүнчө бир кереметтүү долбоор бар.
Бул долбоордо көңүл буруу керек болгон биринчи жагдай; уянын клеткаларын түзгөн алты бурчтуу призмалардын түптөрүндө 3 даана трапеция болот. Экинчи жагдай болсо; ар бир клетка арт жакта дайыма 3 клетканын ортосуна өтө тургандай долбоорлонгон. Уянын клеткаларынын минтип бири-бирине кирип турушу уяны өтө чыдамкай кылат. Түбүнөн бириккен клеткаларды бири-бирине кадалган болоттордой бекем карматылган деп айтууга да болот.
Аарылар курган уянын долбоорун изилдеген илимпоздор 3 клетканын түптөрүнүн тигил тараптагы бир клетканын түбү боло тургандай кылып жасалышындагы математикалык эсептөөлөргө абдан таң калышкан. Бул өтө татаал математикалык эсептөөлөрдү талап кылган бир долбоор.
Аарылар жасаган мындай татаал эсептерди чыгарган илимпоздор жогорудагы талапка жооп бере турган өтө так бурчтарды аныкташкан. Белгилүү математик Кенигдин жасаган эсептөөлөрү боюнча, эң мыкты курулуш үчүн анын түбүндөгү бул бурчтар толук 109 градус 26 мүнөт жана 70 градус 34 мүнөт болушу керек.
Аарылар кандай бурчту колдонушат? Тиешелүү өлчөөлөр жасалганда, аарылардын уя куруп жатканда толук 109 градус 28 мүнөттүк жана 70 градус 32 мүнөттүк эки бурчту колдоноору жана бул чоңдуктун эч качан өзгөрбөй турганы аныкталган. Бул, албетте, укмуш бир көрүнүш. Аарылар математик генийлер гана чыгара алган бир эсепти чыгарышууда.


Бирок бул эсептөөлөрдүн натыйжасында аарылар чыгарган эсеп 1 градустун 1/30ундай (1 градус 60 мүнөткө барабар. Уялардагы бурч менен табылган бурчтун арасындагы 2 мүнөттүк айырма 1/30 градуска туура келет) айырмачылык көрсөткөн. Башкача айтканда, аарылар уя куруп жатканда, абдан аз болсо да, жаңылыштык кетиришүүдө.
Ооба, бул жерде 1/30 даражалык бир ката бардай көрүнүүдө. Бул айырмачылыктан улам илимпоздор башында аарылар эң туура бурчту ала алышпайт жана кемчиликсиз натыйжага бир аз ката менен жакындашат деп ойлоп келишкен. Бирок мунун эң укмуштуу тарабы ушул жерден чыккан. Себеби аарылар ката кетирген эмес.
Белгилүү шотландиялык математик Колин Маклорен (1698-1746) бул эсепти кайра чыгарып, алган жыйынтыгын илим дүйнөсүнө жарыялаганда, аларды катуу таң калтырган. Себеби Маклорен аарылар колдонгон бурчтун толугу менен туура экенин, аары уяларын алгачкылардан болуп изилдеген Кениг менен командасынын эсептөөлөрдө колдонгон логарифмалык шкаладагы бир катадан улам туура эмес жыйынтыкка барганын аныктаган.
Кыскасы, аарылар жасаган уяларда кичинекей дагы катачылык жок экени аныкталган.136 1/30 градустук ката аарылардын эмес, илимпоздордун катасы.

Эмне үчүн алты бурчтук?

Көрүнүп тургандай, аары уялары – көп адамдар чыгара албаган татаал эсептөөлөргө таянган жана мындан улам илимпоздорду абдан таң калтырган архитектура керемети.
Уялардын түзүлүшүн изилдеген илимпоздор аарылардын уяларды эмне үчүн туш келди формада же сегиз бурчтук, беш бурчтук, үч бурчтук формасында эмес, дайыма алты бурчтук кылып кураарын абдан терең иликтешкен.
Бул суроонун жообун «Animal Architecture» китебинин автору, ошондой эле, аарылар темасында дүйнөнүн эң белгилүү илимпозу катары белгилүү инсан Карл фон Фриш төмөнкүчө берет:
Аары уялары алты бурчтуктун ордуна, мисалы, тегерек же беш бурчтук формасында курулганда, ортодо колдонулбаган жерлер пайда болмок жана натыйжада азыраак бал сакталмак жана ортолорду толтуруу үчүн бал мому пайдасыз эле сарпталмак. Тереңдиги бирдей болсо үч бурчтуу жана төрт бурчтуу клеткаларда деле алты бурчтуу клеткалар менен бирдей көлөмдө бал сактала алмак. Бирок бул формалардан айланасы эң кыска болгону – бул алты бурчтук. Көлөмү бирдей болгону менен, алты бурчтуу клеткаларга сарпталган материал үч бурчтук же төрт бурчтукка сарпталганга караганда азыраак болот. Мындан төмөнкүдөй жыйынтык келип чыгат: алты бурчтуу клетка эң көп көлөмдө бал сактаган жана куруу үчүн болсо эң аз бал момун талап кылган форма. Башкача айтканда, аарылар эң оптималдуу форманы колдонушат. Аарылардын алты бурчтуу клеткалары колдонууга ыңгайлуу. Клеткалар бири-бирине туура келет жана капталдары орток болот. Бул эң аз бал мому менен эң көп сактоочу жай жасаганга мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда бул клеткалар өтө бекем болушат. Өзүнөн бир канча эсе чоң салмакты көтөрө алышат.137
Бул сөзүндө Карл фон Фриш «Эмне үчүн алты бурчтук?» деген суроого апачык жооп берген. Бирок эң негизгиси аарылар муну кантип тапкан деген суроонун жообун берүү керек. Аары уяларындагы мындай кемчиликсиз долбоордун аарылар тарабынан «эволюция процессинде», акырындап иштеп чыгыла албашын түшүнүү үчүн акыл-эстүү бир адам болуу жетиштүү. Бир аары бир күнү беш бурчтуу уя жасап, кийинки күнү үч бурчтук кылып көрүп, белгилүү убакыт ушинтип уланткан соң, андан кийинки күндөрдө, жылдарда же кылымдарда уя жасоодо алты бурчтуктун эң натыйжалуу форма экенин түшүнүп, мындан ары ушундай кылууну чечкен деген сыяктуу бир сценарийди элестетүүгө да болбойт. Мындай ойду айтуу аарыларда жок дегенде адамдарчалык акыл жана аң-сезим бар деген ойду айтканга барабар. Мындай пикирди болсо акыл жана абийир менен кабыл алууга болбойт.
Аарылар Аллах тарабынан жаратылган. Эволюциялык бир процесстен өткөн эмес. Эч кандай өзгөрүүгө дуушар болушкан эмес. Биринчи жаратылган кезде кандай өзгөчөлүктөрү бар болсо, азыр дагы ошондой өзгөчөлүктөрү бар.











Жыйынтык

Бул китепте каралгандай, аарылар жасаган иштердин көпчүлүгү адамдарды абдан таң калтырууда. Бир канча жумалык кыска өмүр сүргөн бал аарылар кезеги менен бир жумуштан экинчисине өтүп уюктагы бүт иштерди жасашат. Личинкаларды багуудан уя курууга, азык табуудан бал өндүрүүгө чейин ар кандай ишти кыла алышат.
Мындай таң калыштуу иштерди жасай алган бир бал аарынын нерв системасында 7000дин тегерегинде нерв клеткасы болот. Бир адамдын нерв клеткаларынын саны болсо мындан 2 миллион эсеге көп.138 Бирок, бал аары, бул китепте кээ бирлери терең каралган, адамдарды таң калтырган төмөнкү жумуштарды эч кемчиликсиз жасай алат:
-Уюкта бир катар татаал иштерди жасайт: личинкаларды багуу, тазалык жасоо, желдетүү, оңдоо, жаракаларды жамоо сыяктуу;
-Өзгөчө дос жана душман аарыларды айырмалай алат.
-Күндүн бурчуна жараша багытын аныктай алат.
-Ультра-кызгылт көк нурларды сезе алат.
-Топтогон гүл чаңчасынын салмагын эсептей алат.
-Асмандын ачыктыгына, жер бетиндеги белгилерге карап жана жолундагы жыттарды сезип, туура учуу маршрутун таба алат.
-Учуп баратканда басып өткөн аралыгын эсептей алат.
-Азыкты коюу үчүн уюктун эң ыңгайлуу бөлүгүн аныктай алат.
-Уюктагы бийде кыймылдардын жыштыгын өлчөй алат жана ал аркылуу азык булагына чейинки аралыкты биле алат.
-Тигинен жайгашкан бир уюкта бий көрсөтүлгөндө, күн менен азык булагынын арасындагы бурчту эсептей алат.
- Алты бурчтуу уяларды укмуш тегиз жана тактыкта кура алат...


Бирок бул иштердин баарын жасай алган бул жандыктар жөнүндөгү бир нерсеге көңүл буруу туура болот: булардын баарын кыла алган бир бал аарынын мээсиндеги нерв клеткаларынын жалпы саны бойго жеткен бир адамдын латын тилиндеги «бал аары (apis mellifica)» деген сөздү айтуу үчүн колдонгон нерв клеткаларынын санынан да аз.139 Бир бал аарынын мээсинин жалпы көлөмү 0,74 миллиметр кубга барабар.140 Ал тургай, уюктун эң негизги аарысы болгон эне аарынын мээси болсо, көлөмү чоң болгонуна карабастан, мындан да кичине: 0,71 миллиметр куб. Бул маалыматтардан төмөнкүдөй жыйынтык чыгат: аарылардын кылган иштеринин мээсинин көлөмү (кубаттуулугу) менен эч бир байланышы жок. Аларга бүт бул кемчиликсиз жөндөмдөр «берилген».
Эми бул маалыматтарды кайрадан ойлонолу. Аарыларга бул кереметтүү жөндөмдөрдү ким берген? Адамдар чыгара албаган эсептерди чыгара алган, сансыз өзгөчөлүктөр менен жабдылган бул жандыктар кантип пайда болушкан? Бул жандыктар кантип бул дүйнөгө келээр замат, эч кандай билим албастан, укмуштай иштерди жасай алышат? Болгондо да, өз милдеттерин кантип коомдук бир тартиптин ичинде эч кемчиликсиз орундатышат. Аарылардагы кемчиликсиз уюштуруу өтө улуу бир акыл тарабынан гана жасалышы мүмкүн. Бул аң-сезими жок жандыктар кантип мындай уюштурууну жасай алышат?
Бул суроолор жөнүндө ойлонгонубузда бир гана чындыкка барабыз: аарыларга бул өзгөчөлүктөрдү, бул таң калыштуу жөндөмдөрдү чексиз кудуреттүү Аллах берген. Аллах бүт жараткан жандыктарында көрсөткөндөй, аарыларда да чексиз илимин жана өрнөксүз жаратуусун бизге көрсөтүүдө. Бул жаратууга күбө болгон адам бир гана бүт нерсенин өкүмдары болгон Раббибизди улуктап, Аллахка моюн сунушу керек.


... Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт). (Худ Сүрөсү, 56)


Булактар:

120- Prof. Karl von Frisch, Aus Dem Leben Der Bienen, Verständliche Wissenschaft Band 1, 8.Auşage, s.48-49
121- Charles Darwin, Türlerin Kökeni, s.186
122- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.81
123- Prof. Karl von Frisch, Arıların Hayatı, s. 22
124- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.36
125- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.83
126- Prof. Karl von Frisch, Animal Architecture, A Helen and Kurt Wolff Book/Harcourt Brace Jovanavich, Inc. New York and London, s.95
127- Prof. Karl von Frisch, Animal Architecture, A Helen and Kurt Wolff Book/Harcourt Brace Jovanavich, Inc. New York and London; s.87
128- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.81
129- The New Encyc. Britannica, Sensory Reception, Vol.27, s.132
130- Prof. Karl von Frisch, Animal Architecture, A Helen and Kurt Wolff Book/Harcourt Brace Jovanavich, Inc. New York and London; s.89
131- Encyc. Americana, 1993, USA, Vol.3, Int. Headquartes, Danbury Connecticut, s.441
132- Murray Hoyt, The World of Bees, Coward Mcnann Inc, New York, 1965, s.100-101
133- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991,s. 81
134- Anthony Smith, İnsan Beyni ve Yaşamı, İnkılap Kitabevi, S.39
135- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991,s.81
136- G. Mansfield, Creation or Chance! God's purpose with mankind proved by the wonder of the universe, Logos Publications
137- Prof. Karl von Frisch, Animal Architecture, A Helen and Kurt Wolff Book/Harcourt Brace Jovanavich, Inc. New York ad London, s.86
138- Anthony Smith, İnsan Beyni ve Yaşamı, Çev.Nejat Ebcioğlu, İnkılap Kitapevi, s.38
139- Anthony Smith, İnsan Beyni ve Yaşamı, Çev.Nejat Ebcioğlu, İnkılap Kitapevi, s.39
140- Anthony Smith, İnsan Beyni ve Yaşamı, Çev.Nejat Ebcioğlu, İnkılap Kitapevi, s.39

Комментариев нет:

Отправить комментарий