воскресенье, 12 июля 2015 г.

ААРЫЛАРДЫН БАЙЛАНЫШ КУРУУ ЫКМАЛАРЫ


Чыныгы Малик Аллах өтө Улуу, Андан башка кудай жок; (Ал) Керим, Арштын Рабби. (Мүминун Сүрөсү, 116)



Илимпоздор он миңдеген аары жашаган уюкта кантип тартип орнотулат деген суроонун жообун табуу үчүн көп жылдардан бери көптөгөн изилдөөлөрдү жасашты. Бул темада көптөгөн илимий эмгектер да даярдалды. Мисалы, аарылар темасында алдыңкы адистердин бири Мюнхен университетинин профессорлорунан, австриялык зоолог Карл фон Фриш «The Dance Language and Orientation of Bees» (Аарылардын бий тили жана багытты аныкташы) аттуу 350 беттик китебин толугу менен аарылардагы байланыш темасына арнаган.


ДҮЛӨЙ ААРЫЛАР КАНТИП ТҮШҮНҮШӨТ?



Аарылар көбүнчө тамак табуу үчүн алыстарга барып, көп тарапты кыдырууга мажбур болушат. Жаңы бир азык булагын тапкан аары колониянын башка мүчөлөрүнө кабар берүү үчүн тездик менен уюкка кайтат. Кыска убакыттан кийин колониянын башка мүчөлөрү азык булагынын айланасында учуп башташат.
Аарылар дүлөй болушат, ошондуктан бири-бири менен үн аркылуу байланыш кура алышпайт.72 Бирок азык булагынын ордун колониянын башка мүчөлөрүнө эч адашпай таба тургандай кылып сүрөттөй алышат. Сүрөттөө ыкмасы болсо өзгөчө бир ыкма.
Аарылардын тапкан жерлерин бири-бирине кантип кабар берээрин изилдеген илимпоздор өтө таң калыштуу нерсени көрүшкөн. Аарылар сүрөттөгүсү келген жерди «бийлөө аркылуу» башкаларга түшүндүрүп беришет. Азык булагын табуу үчүн ал булактын уюктан алыстыгы, багыты, көлөмү сыяктуу бүт керектүү маалыматтар ушул бийде камтылат.
Азык булагын тапкан аары уюкка кайтып, башка аарылардын көңүлүн буруу үчүн тынымсыз белгилүү кыймыл-аракеттерди кайталап баштайт. Аарынын кыймылдарынан азык булагы жөнүндөгү бүт маалыматтарды алууга болот. Мисалы, чаңча топтоп келген бир аары уюкка кайтканда жүгүн курбуларына берип, кайра учуп кетсе, бул «аары пайдаланган булак белгилүү бир булак же түшүмү аз» деген мааниге келет. Суу аз болгон кездерде болсо бул бий суунун булагынын ордун көрсөтүү үчүн да колдонулат.73



Аарылардын бийлери

Аары бийинин эки түрү бар. Бийдин формасы азык булагынын алыстыгына жараша өзгөрөт.
«Айланма бий» деп аталган бий эң көп кездешет жана булактын алыстыгы менен багытын көрсөтпөйт. Болгону жумушчуларга уюктун жакын жеринде, 15 метрден жакыныраак аралыкта бир булак бар экенин кабар берет. Бул бий учурунда жакын жерден булак таап алган жумушчу аары алгач уюктун ичиндеги жумушчуларга ширени берип, андан соң бийлеп баштайт. Башка аарылар кийинчерээк бул бийге кошулушат. Бийчи кайра кайра кичине айланаларды чийет. 1-2 жолу айланган соң, кээде андан да бат бат артка бурулат. Бир канча секундага же бир мүнөттөй убакытка созулган бул бийде 20 жолудай айлануу жасалат. Андан соң бийчи менен уюктагы аарылар кайрадан шире алмашышат. Эң аягында бий бүтөт. Бийлеген аары башка бир азык издөө үчүн уюктан чыгат. Карл фон Фриш бир экспериментте бийчи аары менен мамиледе болгон 174 жумушчунун 155инин 5 мүнөттүн ичинде азык булагын туура тапканын аныктаган.74
Аарылар бийлөө аркылуу жасаган сүрөттөөлөрүн караңгы бир уюктун ичинде жасашат. Бул аарылардын кемчиликсиз байланыш жөндөмүн жакшыраак түшүнүү жагынан маанилүү бир жагдай. Аарылар айланасына топтолгон башка аарыларга азыктын булагы жөнүндөгү керектүү бүт маалыматтарды караңгы жерде беришет. Уюктардын үстүндөгү бүт кыймылдарын караңгы болгонуна карабастан, бүт аарылар туура түшүнүп, ошол замат колдонушат.

Аарылар уюктан 15 метрдей аралыктагы азык булактары үчүн айланма бийди колдонсо, 25-100 метр арасындагы азык булактары үчүн бир өткөөл бий болгон чайпалма бийди колдонушат. Мындан тышкары, бал аарылар уюктан 100 метрден алысыраак булактар үчүн булактын алыстыгын, багытын жана сыпатын кабар берген куйрук бийи аркылуу байланыш түзүшөт. Бул бий ошондой эле «8 саны бийи» деп да аталат.
Аарылар азык булагынан уюкка кайтканда уянын үстүндө ушул бийди бийлешет. Бул бийде жумушчулар кадам таштап жатып бир тараптан курсактарын дирилдетишет. Кыймылдарынын формасы 8 санына өтө окшошуп кетет. Кадимки бир куйрук бийинде аары кыска аралык үчүн түптүз бир линияда кыймылдайт. Денесин секундасына болжол менен 13-15 жолу бир тараптан экинчи тарапты көздөй чайпайт.
Аары түз өткөн бул жолдун уяны жогорудан төмөн көздөй кесип өткөн (элестүү) казыкка болгон бурчу азык булагынын күнгө карата бурчун берет. Бийлеп жатканда жерге тик келген жогору бөлүк символдуу түрдө күндө көрсөтөт. Эгер аары уюгу менен азык булагын жана уюк менен күндүн астындагы горизонтту бириктирүүчү бир сызык чийсек, эки сызыктын арасында пайда болгон бурчтун чайпалма бийдин бурчуна дал келээрин көрөбүз. Аарылар курулуш инженериндей болуп аянттарды үч бурчтуктарга бөлө алышат.75


Куйрук бийиндеги чайпалуу кыймылында аарынын курсагы эң негизги орган болуп саналат. Булчуңдар менен скелеттин дирилдөөсүнөн чыккан ызылдаган үн айланага тарайт. Аары бир жол менен түз барып жолдун аягында бурулуп, башталыш чекитин көздөй жарым айлана «сызып» кайтат. Андан соң кайра түз линия менен барып, карама-каршы багытка бурулат. Айлана бийиндеги сыяктуу, куйрук бийи дагы бийчинин токтоп ашказанындагы балды жакындардагы жумушчуларга таратышы менен бүтөт. Бийди көргөндөр 0,1-0,2 секундадай кыска убакытка дирилдешет. Бул дирилдөө бийчинин токтошуна жана ызылдаган аары менен азык алмашууга себеп болот. Шире чогулткандар да, чаңча чогулткандар да окшош бийлешет.
Бул бийди көргөн жумушчулар азык булактарынын ордун оңой эле таба алышат. Аралыкты көрсөткөн бийдин өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп ар бир 15 секундадагы бурулуу саны менен ченелген бийдин ритми жана түз бир линиядагы чайпалма кыймылдар менен ызылдоолор саналат. Бийдин ритми азык булагы алысыраак жайгашканда жайыраак болуп, жакын жайгашканда ылдамдайт. Ошондой эле, азык булагы алысыраакта жайгашканда түз линияда көбүрөөк убакыт өткөрүлөт.76
Бирок булактын багытын гана билүү эч бир ишке жарабайт. Жумушчу аарылар бал ширесин топтоо үчүн канчалык алыска барышы керек экенин да билиши керек. Уюкка кайткан аары башка аарыларга белгилүү дене кыймылдары аркылуу гүл чаңчаларына чейинки аралыкты да айтып берет.

Бий бүткөнчө башка жумушчулар сүрөттөп жаткан аарыны тегеректеп, ар бир кыймылын карап турушат. Ошондой эле, бийчинин дирилдеген курсагына антенналары менен тийишет. Бул өтө маанилүү, себеби аарыдан чыккан абадагы үзгүлтүксүз агым азык булагына чейинки аралыкты билдирет. Аарынын денесинин ылдый бөлүгүн чайпашы натыйжасында аба агымдары пайда болот. Башка аарылар болсо антенналары аркылуу ал агымдарды кабыл алып, бара турган азык булагына чейинки аралыкты аныкташат.77 Мисалы, аары 250 метр алыстыктагы бир жерди сүрөттөө үчүн жарым мүнөттүк мөөнөттүн ичинде денесинин астыңкы бөлүгүн 5 жолу чайпайт. Мындай бийлер аркылуу аарылардын 9-10 километрге чейин жеткен аянттагы азыктардын ордун бири-бирине кабар бергени байкоолордо аныкталган.
Аарыларга керектүү маалыматтардын дагы бири болсо – бул ал жердеги азыктын сапаты. Бул маалыматты болсо бийлеген аарынын үстүнө сиңген жыттан алышат.
Чогулткуч аарылардан алынган бул маалыматтардын негизинде башка аарылар азыктын ордун оңой гана табышат. Азык булагына көп аарынын чогулушу уюкта бийлеген аарылардын саны менен да түз байланышта болот. Бир аарынын бийинен бүт уюк жөнөп калбайт. Эң алгач колониядан бир топ аары алдынан барышат. Бул топ учуштан кайтканда алар да бийлесе, көбүрөөк аары жөнөйт. Тапкан булагы канчалык жакшы болсо, ошончо көпкө бийлеп, көбүрөөк аарыны ээрчитишет. Ошентип колониянын азык чогулткучтар командасы дайыма эң жакшы азык булагын көздөй багыт алат.
Табылган азык булагы түшүмсүз болгондо да аарылар бийлешет. Бирок мындайда аарылардын бийи көңүлсүз жана кыскараак болот. Бул уюктагы башка аарыларга да таасир берет жана бийчилердин жанына чогулган аарылар кыска убакыт ичинде тарап кетишет. Бул жагдайда жаңы бир команда азык издөөгө чыгат.

Эми бул жерде бир аз ой жүгүртөлү. Жогоруда терең сөз кылынган бийди бал аарылар бийлешет. Башкача айтканда, адамдар көчөгө чыкканда, бакчаларында баратканда, балкондордо отурганда көп жолуктурган, көлөмү бир канча сантиметр болгон жандыктар. Бул жерде кызыктай бир парадокс бар. Адамдар бал аарыларды жөнөкөй, бүт тарапта учуп жүргөн чымын-чиркейлердин бир түрү катары көрүшөт, бирок бул жерге чейин айтылгандар өтө курч бир акыл менен гана жасала ала турган иш-аракеттер болуп саналат. Аарылар бий аркылуу жасаган сүрөттөөнү бир адамдан талап кылсак, мынчалык ийгиликке жете албайт. Себеби адам баласы акылдуу жана аң-сезимдүү болгону менен, мынчалык так эсептерди өлчөгүч шаймандарсыз жасай албайт.


Андай болсо аарыларга мындай акылдуу кыймыл-аракеттерди ким үйрөткөн? Аарылар бул кыймыл-аракеттерди башка аарылардан үйрөнүшпөйт, алардын жашоосунан мындай таалимди көрө албайбыз. Алар булардын баарын билип, убактысы келгенде жасай тургандай болуп дүйнөгө келишет. Жана бул жер жүзүнүн бүт тарабында, миллиондогон жылдан бери жашап келе жаткан бүт аарыларга тиешелүү.
Демек, бул жерде абийирдүү бир адам эч тана албай турган улуу бир чындыкты көрөбүз: бүт жандыктардын Жаратуучусу Аллах бал аарыларды дагы кемчиликсиз кылып жараткан жана аларга ушундай акылдуу кыймыл-аракеттерди үйрөткөн. Бал аарылар Нахл Сүрөсүндө кабар берилгендей, Раббибиздин аларга берген илхамы менен кыймылдашат.
Аарылардын бий аркылуу жасаган сүрөттөөсүн жакшыраак түшүнүү үчүн уюктун ичиндеги аарылардын кыймылдарын жана ал чөйрөнү ойлонуу керек. Эволюционист бир жазуучу Мариан Стемп Доукинс (Marian Stamp Dawkins) «Жаныбарлардын жымжырт дүйнөсү» аттуу китебинде аарылардын бул сүрөттөөнү кантип жасаары жөнүндө мындай дейт:
Аарылардын көйгөйү – бул алардын ичи караңгы, азык да, күн да көрүнбөгөн бир уюктун (бал челектин) ичинде жасашы. Бул эле эмес. Аарылар тигинен жайгашкан бир уянын үстүндө бийлешет.78
Эми элестетип көргөнгө аракет кылыңыз. Азыктын ордун сүрөттөгөн аарылар тигинен (вертикалдуу) бийлешкени менен, бул маалыматты колдонуп азык издөөгө чыга турган аарылар туурасынан (горизонталдуу) турган мейкиндикте жолго чыгышат. Башкача айтканда, аарыларга кайсы багытты көздөй учаары жөнүндөгү маалымат негизи горизонталдуу мейкиндикте болушу керек. Эгер аарылар вертикалдуу абалда жасалган бир сүрөттөөгө карап жол жүргөндө, түптүз жогору көздөй учуп азык издеши керек болмок; анда эч качан азык таба алышмак эмес.
Доукинс китебинде бул жөнүндөгү сөзүн мындайча улантат:
...Ошондуктан аарылар азыктын ордун ошол багытка белги берип же ошол тарапты көздөй бийлеп билдире алышпайт. Уюктан азыкты көздөй учуу маршрутун уюктун ичинде жердин тартылуу күчүнө карап бир горизонт белгилеп (сыртка чыккан соң күнгө карап белгилешет), ошонун үстүндө көрсөтүшөт. Берки аарылар болсо сыртка чыкканда бул маалыматты күнгө карап тууралашат. Эгер азык күн турган тарапта болсо бийчи аары чайпалган түз учууну уюкта тик (вертикалдуу) позицияда жасайт. Эгер азык күндүн 40 градус батышында болсо, тик сызыктын 40 градус солунда учат. Ошентип бийчи аары азык жайгашкан жердин бурчун күндүн ордуна, тик сызыкка карап көрсөтөт жана караңгы уюктун ичиндеги курдаштарына күнгө чыкканда кайсы багытты көздөй учаары жөнүндө маалымат берет.79

Бул жерде айтылгандар жөнүндө ойлонолу. Аарылар караңгыда жана башка бир мейкиндикте болгонуна карабастан, сүрөттөөнү толук туура түшүнүп, максатты дайыма туура табышат. Сүрөттөп берген аарынын тик сызыкка карата жасаган кыймылдарын бурчтарды эсептей алган башка аарылар толук түшүнүшөт. Мариан Стемп Доукинс бул жөнүндөгү пикирин төмөнкүчө айткан:
Аарылардын муну (бурчту эсептөөнү) туура жасашы бири-бирине чындап маалымат өткөргөндүгүнүн бир көрсөткүчү.80
Көрүнүп тургандай, бүт аарылар бурчту эсептей алышат. Муну Доукинс аарылардын бири-бирине маалымат өткөрүшү деп чечмелеген. Бирок бул жерде маанилүү суроолор туулат. Аарылар мындай эсептөө ыкмасын кантип табышкан? Күндү карап, аарыдай бир жандыктын горизонталдуу менен вертикалдууну айырмалай алышы, сүрөттөөгө карап өз алдынча бурчту белгилей алышы жана муну дайыма туура жасашы мүмкүнбү? Мындан тышкары, аарылар бир нерсени чечмелөө жөндөмүнө кантип ээ болушкан? Күндү компас катары колдонууну кантип үйрөнүшкөн?


Аарылардын мейкиндиктин айырмасын, бурчту өлчөө, эсептөөлөрдү жасоо сыяктуу математикалык операцияларды өз алдынча жасай албашы апачык бир чындык. Аарылардагы бүт бул жөндөмдөрдүн бир гана себеби бар. Аарылар улуу бир күч-кудурет тарабынан башкарылып турушат. Бүт ааламды башкарган бул кудурет Аллахка тиешелүү. Аарыларга бүт жөндөмдөрдү Аллах берген.


Аарылар күн бүркөө болгондо кантип багытты аныкташат?

Азыкты көздөй учуп баратканда аарылар бир тараптан күндү карап барышат. Бул бий аркылуу көрсөтүлгөн багыт менен бурчту колдонуу үчүн керек.
Аарылар жасаган бул жумуштун канчалык кереметтүү экени даана көрүнүп турат. Бирок аарылар мындан да кереметтүү нерсени жасашат. Күн бүркөө болсо да, күндү компас катары колдоно алышат, муну болсо ультра-кызгылт көк нурларды колдонуу аркылуу жасашат. Ультра-кызгылт көк нур толкундары булут өтө калың болбосо, булуттардын ичинен өтө алат. Ошондуктан жумушчу аарылар күндүн багытын аныктоо үчүн ушул толкундарды пайдаланышат. Күндөн тараган табигый нур поляризацияланган болот, башкача айтканда, нур толкундарынын термелүүсүнүн багыты күн асманда кыймылдап баратканда белгилүү бир тартипте өзгөрөт. Мындай поляризацияларды адамдар көрө алышпайт, бирок аарылар жана дагы көптөгөн жандыктар сезе алышат. Күндүн көрүнбөшү же асмандын бүркөө болушу бул жандыктарга тоскоолдук жаратпайт. Аарылар булуттуу асманды кандайдыр бир мааниде «пакеттелгендей» элестетет жана күндүн ошол учурдагы турушу керек болгон ордун эсептей алышат.81 Албетте, бул өзгөчөлүк дагы Аллахтын улуу долбоорунун мисалдарынын бири. Бал аарылар ушул өзгөчөлүктөр аркылуу жашоосун улантышууда.



Аарылар абдан так сүрөттөө жасашат

Аарылар бийчи аарынын бийин көргөн соң уюктан чыгып максатты көздөй жөнөшөт деп айттык. Бирок аарылар бул жерде өтө маанилүү бир көйгөйгө кабылышат. Аарыларга жасалган сүрөттөөдө күн негиз катары алынат. Бирок күн ордунда кыймылсыз турган бир тело эмес. Белгилүү болгондой, күндүн орду ар 4 мүнөттө 1 градуска жылат. Аары эгер бирдей бурч менен бара берсе, күндүн кыймылынан улам көздөгөн жерине эч качан бара албайт. Ар 4 мүнөттө 1 градустук ката кетирет жана алыс аралыктарда болсо такыр эле башка тарапка кетип калган болот.
Өтө кыска аралыктарда, мисалы, 200 метр аралыкта бул бир көйгөй жаратпайт. Себеби аарынын бир мүнөттө басып өткөн жолу болжол менен саатына 13 км=мүнөтүнө 216 метрдей болот.82
Бул жерде «көздөлгөн жер 4 мүнөттөн алысыраак аралыкта болсо эмне болот?» деген суроо туулат.
Аарылар 10 километрлик аянттан азык чогулта алышат деп айткан элек. Аары 10 км жолду басып өтүү үчүн болжол менен 45 мүнөт учушу керек.83 Бирок күндүн орду 45 мүнөттө болжол менен 11 градуска жылат. Эгер аары уюкка кабар берген аарынын сүрөттөгөн бурчу менен жүрүп отурса, күндүн орду өзгөргөн сайын азык булагынан алыстай берет. Албетте, бул жерде уюктан 10 км алыска барган аарынын артка кайтканда деле ушул сыяктуу күндүн ордуна жараша азык булагынын ордун эстеп калганын да белгилей кетүү керек. Болгондо да, ал аары жүк менен кайткандыктан, ылдамдыгы жайыраак болот (9 км/саат).84 Ошондуктан аары кайтып келгенге чейин күн 16,5 градуска жылат. Демек, аары күнгө карап сүрөттөө жасаганда ката кетирүү ыктымалдыгы келип чыгат. Бийлеген аарынын 16,5 градустук катасы менен жолго чыккан аарынын 11 градустук жаңылыштыгын кошсок, аары 10 километрлик бир аралыкта азык булагынан 27,5 градустай алыс жакка кетип калган болот. Болгондо да, азык чогулткуч аары мынчалык алыс жерге барганда, эгер азык таба албаса, кайра кайтканга күчү да калбайт. Себеби аарылар барган жеринен көбүрөөк азык менен кайтуу үчүн курсактарына аларга кабар берилген аралыкка жеткидей гана бал алышат. Бул бал түгөнгөндө күчтөрү да түгөнүп, ширеге жете албаса, энергиялары калбаганы үчүн артка кайта алышпайт.


Бирок мындай болбойт. Миллиондогон жылдан бери аарылардын көрсөткөн бүт сүрөттөөлөрүн -күндүн жылганына жана бурчунун өзгөргөнүнө карабастан- башка аарылар түшүнүшүүдө жана азык булактарын эч кыйынчылыксыз табышууда. Бул болсо аарылардын күнгө карап бурчту эсептөөдө жаңылыштык кетирбей турганын көрсөтөт. Математикалык тил менен айтканда, аарылар күндүн ар 4 мүнөттө бир градуска жылаарын эсепке алышат. Бул эсептөөлөрдүн натыйжасында булактын ордун туура эстеп калышат жана башкаларга туура сүрөттөп беришет. Күнгө карап бурчту эсептеген башка аарылар дагы бул сүрөттөөнү түшүнүп, сүрөттөлгөн жерди табышат.
Жогорудагы абзацты жакшылап ойлонуп кайра окусак, аарылардын бул өзгөчөлүгүнүн кереметтүү экенин заматта түшүнө алабыз. Бул жерде сүйлөмдөрдү кадимки көнүмүш адат менен окуп койбой, бир-бирден, айтылып жаткандарды элестетүүгө аракет кылып, акылыбызды, логикабызды жана абийирибизди колдонуп ойлонуп көрөлү. Бүгүнкү күндө күндүн канча мүнөттө канчалык бурчка жылаарын билген адамдардын саны деле чектелүү. Ал эми бал аарылар болсо муну эң мыкты билишет жана мүнөткө, ал тургай, секундага да адашпай эң туура математикалык эсептөөлөрдү жасашат. Бир аары бул тармакта адис эмес бир адам дагы жасай албаган мындай эсептөөлөрдү өз акылы менен жасай алабы? Албетте, жасай албайт; бул жөндөм аарыга Аллах тарабынан берилген. Аары муну өз акылы менен жасайт деп айтуу акыл жана логикага такыр сыйбайт. «Аарылар «эволюциялык бир процессте» мындай эсептөөнү өз алдынча үйрөнгөн» деп айткан бир адам «аарылар «эволюциялык бир процессте» бир канча кылымдан кийин учурдагы эң белгилүү математика профессорлоруна караганда жакшыраак эсеп чыгара алышат» да деши керек. Бир адам ушундай бир ойду жактай алабы? Албетте, жактай албайт; мындай нерсени айткан адамдын акылы жайындабы деген күмөн пайда болот.



Аарылар эсептегенди кайдан үйрөнүшкөн?

Бул жерге чейин айтылгандардан да көрүнүп тургандай, аарылар ар кандай эсептөөлөрдү жасашат жана ал эсептөөлөрдө күндү колдонушат. Бир аарынын жердин жана күндүн кыймылдарын жана алардын натыйжаларын өзүнүн акылы менен түшүнүшү жана ошого карап иш-аракет жүргүзүшү эч качан мүмкүн эмес. Аарылардын мындай эсептөөлөрүнүн дайыма кокустан туура чыга бериши да мүмкүн эмес. Анткен менен -бул тармактагы илимпоздордун баары кабыл алгандай- аарылар мындай эсептөөлөрдү миллиондогон жылдан бери катасыз жасап келе жатышат.
Бир адам адашып кеткенде -эгер бул багытта атайын билим алган эмес болсо- жүрө турган багытын табуу үчүн компас сыяктуу каражаттарга муктаж болот. Ал адамдын күндүн бурчуна карап эсептөөлөрдү жасап, өз багытын аныкташы дээрлик эч мүмкүн эмес. Ал эми бир аары болсо күндүн жылып баратканына карабастан, көргөн жерин эч катасыз уюктагы башка аарыларга сүрөттөп бере алат.
Аарылардын мындай кереметтүү жөндөмдөрү кантип пайда болгон? Аарылар мындай эсептөөлөрдү жасаганды кантип үйрөнүшкөн?
Бул суроолордун жооптору абдан маанилүү. Эң биринчиден, аарылардын багытты аныктоо жана аны башка аарыларга сүрөттөп берүү жөндөмү алгач пайда болгон кезден баштап бар болушу керек болгон. Бул аарылардын азыктануу жана бир жерге башкалкалоо муктаждыгын камсыздашы жана натыйжада тукумун уланта алышы үчүн сөзсүз керектүү болгон бир жөндөм.
Бул жөндөмдүн эволюционисттер айткандай убакыттын өтүшү менен, акырындап пайда болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан эволюция теориясын жактаган илимпоздор дагы «аарылардын бий аркылуу байланыш куруу жөндөмү кантип пайда болгон» деген суроонун алдында өтө оор абалда калышууда. Мисалы, учурдагы белгилүү эволюционисттердин бири Ричард Доукинс (Richard Dawkins) аары бийинин эволюциясы жөнүндө узатылган суроого жооп бере албай айласы кеткен. Доукинстин аарылардын бийи жөнүндөгү суроолорго берүүгө аракет кылган жообу мындай болгон:
«Бир пикир айтуу керек болсо... Балким бий бир... Болжолдоо көп деле кыйын эмес... Мунун эмне себептен болгонун эч ким билбейт, бирок кандайдыр бир жол менен болууда...
Учурдагы аары бийинин жөнөкөйүрөөк бир башталыштан эволюциялашканы жөнүндө бир катар акылга сыярлык өткөөл этаптарды таптык. Сизге айтып берген аңгемем сыяктуу... бул туура бир аңгеме болбошу мүмкүн. Бирок ушуга окшогон бир нерсе сөзсүз болгон чыгаар.»85
Доукинстин бул суроого берген жообунун логикасыздыгынан да көрүнүп тургандай, аарылардын бийин кокустуктар менен, өткөөл этаптар менен айтып берүү ойдон чыгарылган бир аңгеме деңгээлинде гана болушу мүмкүн.
Күндү пайдаланып бурчту эсептөө кокустан пайда боло турган бир жөндөм эмес. Бирок аарылардын бийлегенди үйрөнүшү же бурчту эсептей алышы да жетиштүү болбойт; мындан тышкары, буларды башкаларга сүрөттөп бергенде алар да муну түшүнүшү зарыл. Буларды ойлонгондо «кокустук» сыяктуу бир ыктымалдыкты ойлоп коюунун дагы тантыктык болоорун түшүнөбүз. Канча убакыт күтсөк дагы бир жандыкта мындай эсептөөлөрдү жасоо жөндөмү өзүнөн-өзү эч качан пайда болбойт.
Аарынын ой жүгүртүү жөндөмү жок. Анткен менен, башынан бери айтылып келе жаткандай, жасаган бүт кыймыл-аракеттери теңдешсиз бир акылдын жана аң-сезимдин бар экенин көрсөтөт. Ааламдын бүт тарабындагы сыяктуу, аарыларда да көрүнгөн бул акыл менен аң-сезим бүт нерсени кемчиликсиз кылып жараткан Аллахка тиешелүү.



ААРЫЛАРДЫН КӨЗДӨРҮ


Аарылардын күндү пайдалана алуу жөндөмүн байкаган илимпоздор алардын кантип багытты аныктаарын изилдеп башташкан. Эң башында аарылардын көзүнүн түзүлүшү изилденип, көздөрүнүн бул эсептөөлөрдү жасай ала тургандай долбоордо экендиги аныкталган.
Аарылардын көзүнүн түзүлүшү абдан өзгөчө. Аарынын көздөрүндө «омматидиялар» деп аталган 6900 даанадан, өз-өзүнчө көргөн бөлүктөр бар. Бул бөлүктөрдүн ар бири өз алдынча бир көздөй болушат. Булар бир кутудагы камыштардай бир жерге чогултулушкан. Ошондой эле, ар бири сыртта бир аз дөмпөк жана тунук бир объектив (линза) менен аяктайт.86 Бул объективдер көздүн айнек сыяктуу эллипс формасындагы сырткы катмарын түзөт. Аарылардын башынын эки тарабында жайгашкан бириккен көздөрүнөн тышкары, баштарынын үстүндө 3 жөнөкөй көздөрү да болот. Башынын үстүндөгү бөлүктөр күндүн нурунун күчүн өлчөө үчүн колдонулат деп болжолдонууда. Аарынын көзүнүн адамдын көзүнө салыштырмалуу эки артыкчылыгы бар. Булар ультра-кызгылт көк нурларды көрүү жана жогоруда да айтылгандай, нурдун поляризациясын бөлүштүрүү.87
Мына ушул өзгөчөлүктөр аарылардын күндүн ордун жана бурчун аныкташына мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада аарылар күн жылган сайын уюктагы башка аарыларга сүрөттөп бере турган багытын оңдоп, көздөлгөн багытты катасыз аныктай алышат.




ГҮЛДӨРДҮ БЕЛГИЛЕП КОЮУ ЫКМАЛАРЫ


Чогулткуч аары уюкка кайра кайтаардан мурда азык булагына өзгөчө бир жытты жугузуп койот. Ар бир жумушчу аарынын денесинде каалаган учурда колдонууга боло турган бир жыт баштыкчасы бар. Бул баштыкча аарынын жонунда жана денесинин арт жагында ичти көздөй кабатталган бир бүктөлгөн териден турат жана кадимки шарттарда сырттан көрүнбөйт. Аары каалаган кезде муну сыртка чыгарат жана баштыкчанын жыты ал турган гүлгө жана айланасына тарайт. Бул жыт мелисса гүлүнүн жытына окшошот жана аны адамдар дагы сезе алышат. Аарылар болсо өзүнүн уюктагы курдаштарынын жытына карата өтө сезгич болушат жана бул жытты өтө алыстардан сезе алышат.88


Бал аарылар гүлдөрдү белгилеп койгону үчүн башка аарылар бир гүлдүн ширесинин башка аарылар тарабынан түгөтүлүп коюлганын коноор замат түшүнүп, ошол замат ал гүлдөн учушат. Натыйжада убакытты да, энергияны да текке кетиришпейт.

Гүлдөрдүн уруктанышы жана аарылар


Ар кандай гүлдөр жайнаган бир шалбаада бал чогултуп жаткан аарыларга бир саамга байкоо жасасак, кызыктуу көрүнүштү байкайбыз. Аарылар ар жолкусунда бир гүл түрүн гана кыдырышат. Бир гүлдөн экинчисине учуп жатканда башка түрдөгү гүлдөргө көңүл да бурушпайт.
Кээде бир канча күн бою бир түрдөгү гүлдөрдү зыярат кылган аарылардын бул кылганы өздөрүнө да, гүлдөргө да пайдалуу. Муну мындайча түшүндүрүүгө болот. Бир гүлгө биринчи жолу конгон бир аары ал гүлдүн түзүлүшүн билбесе, бир тамчы шире табуу үчүн бир топ убакыт эмгектенүүгө мажбур болушу мүмкүн. Аары бир гүлгө бешинчи же алтынчы жолу конгон соң гана ылдамдыгы жана жөндөмү өсөт жана максатына оңой жеткендиктен убакыттан үнөмдөп баштайт.
Мунун гүлдөргө пайдалуу тарабы болсо – бул аарылардын бир гүл түрүн тандашынын ылдам жана коопсуз бир уруктанууга себеп болушу. Себеби бир гүлдүн чаңчасы башка гүлдөрдү уруктандыра албайт жана аарылар бир түрдөгү гүлдөрдү кыдырганда гана гүлдөр уруктанышат. Аарылар бир түрдөгү гүлдөрдү табуу үчүн жытты пайдаланышат.
Бул жерде кыскача гүлдөрдөгү уруктануунун кантип ишке ашаарына токтоло кетүү туура болот. Белгилүү болгондой, аарылар гүлдөрдү шире жана чаңча чогултуу үчүн зыярат кылышат. Бирок аарылар чаңча топтоого аракет кылып жатканда, гүлдөр үчүн өтө маанилүү бир функцияны аткарып, алардын уруктанышына ортомчулук кылышат. Гүлдөрдө уруктануу ишке ашышы үчүн гүлдүн ургаачы уругу эркек уруктар менен (чаңчалар менен) биригиши керек. Башкача айтканда, гүлдүн чаңчалары чаңдыктын үстүнө келип ал жерден ургаачы урук менен биригиши керек. Гүлдөр көбүнчө эркектик органдарындагы чаңчаларды чаңдыктарынын үстүнө өздөрү жеткире алышпайт. Чымын-чиркейлер аркылуу биригүү болгондо гана уруктануу ишке ашып, жаңы гүлдөрдү өстүрө турган уруктар пайда болот.89


Көрүнүп тургандай, гүлдөр менен аарылардын арасында өтө маанилүү бир байланыш бар. Эки жандык тең бири-бирин өзүнө тарта турган кылып Аллах тарабынан долбоорлонгон. Мисалы, чымын-чиркейлер тарабынан уруктанышы керек болгон гүлдөр аларды өзүнө тарта турган ширелерди чыгарышат жана чындыгында аарыларды ошол ширелер өзүнө тартат. Мындан тышкары, гүлдөр жыттары же ачык түстөрү аркылуу дагы чымын-чиркейлердин көңүлүн бурушат.
Аарылар менен гүлдөрдүн арасындагы бул байланыш адамдар үчүн дагы өтө маанилүү. Себеби бал челекчилик кылуунун айыл-чарбада мааниси чоң. Көптөгөн мөмөлөр жана гүлдөр негизинен аарылар аркылуу уруктанышат. Ошондуктан кээде адистер аарылардын бул багыттагы колдоосун бал өндүрүүгө караганда маанилүүрөөк бир салымы деп баалашат. Бул маалыматтарды ойлонгондо, оюбузга Нахл Сүрөсүндөгү бал аары жөнүндөгү аяттар келет. Аллах бул аяттарда аарылардын бүт мөмөлөрдөн жешине көңүл бурган:

Раббиң бал аарыга вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Эч күмөнсүз, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)



Бул жерде белгилей кетчү жагдай; аарылардан башка чымын-чиркейлер дагы гүлдөрдү уруктандырышат. Бирок аарылар санынын көптүгү, эмгекчилдиги жана дене түзүлүшүнүн ыңгайлуу болушу себептүү чаңчаны башка чымын-чиркейлерге салыштырмалуу көбүрөөк санда ташышат. Айыл-чарбанын көп бөлүгү аарылардын чаңдаштыруусунан көз-каранды болот. Чымын-чиркейлер аркылуу чаңдашуунун 80%ы бал аарылардын мойнунда. Бул чаңдашуу болбогондо, мөмө-чөмө жана жашылча-жемиштердин түшүмдүүлүгү бир топко азаймак.



Гүлдөр менен аарылардын бири-бирине төп келиши

Гүлдөрдүн уруктанышында өтө маанилүү ролду ойногон аарылар уруктандыра албаган гүлдөр дагы бар. Мисалы, аарылар кызылды көрбөгөнү үчүн бул түстөгү гүлдөрдү уруктандыра алышпайт. Шилби, кызыл беде, жапайы зыгыр сыяктуу ичинде башка түсү жок кызыл түстүү кээ бир өсүмдүктөр башка чымын-чиркейлер тарабынан уруктанышат. Бул гүл түрлөрүнүн түсүнөн тышкары аарылардын уруктандырышына бөгөт койгон дагы бир кызыктуу өзгөчөлүктөрү бар. Бул гүлдөрдүн ширеси гүлдүн өтө тереңинде болот. Бул гүлдөрдү уруктандырууну каалаган чымын-чиркейлердин гүлдүн ички бөлүгүндөгү бул аймакка жетүү үчүн өзгөчө органдары болушу керек. Чымын-чиркейлердин, ошондой эле, кызыл түстү көрүшү керек экенин да унутпаш керек. Башкача айтканда, бул өсүмдүктөрдү уруктандыра турган жандыктарда бул эки өзгөчөлүк тең болушу керек; гүлдөрдүн терең ичине жете ала турган атайын бир орган жана кызылды көрө ала турган көздөр. Чындыгында табиятта кызыл түстү көргөн эки гана чымын-чиркей түрү бар: сары аарылар жана чокмор муруттуу көпөлөктөр (күндүзгү көпөлөктөрдүн бир тобу) жана болгондо да, бул жандыктардын экөөсүндө тең тереңдеги ширелерге жете ала турган узун шлангдар бар.90



Мындай шайкештикти кокустуктар менен түшүндүргөнгө аракет кылуу, албетте, акылсыздык болот. Эч бир кокустук эки түрдүү жандыкта бири-бирине толук шайкеш келе турган физикалык өзгөчөлүктөрдү пайда кыла албайт. Мындай шайкештик (төп келүүчүлүк) эки жандыктын тең бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын далилдейт. Бүт жандыктарды башкарган Аллах экөөсүн тең бири-бирине шайкеш кылып жараткан.



Булактар:

72- Bilim ve Teknik Dergisi, Cilt 23, Sayı:269, Nisan 1990
73- Prof. Karl von Frisch, Arıların Hayatı, s. 135-136
74- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.152
75- Discovery, Nov. 97, s. 87
76- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.155
77- Marl L. Winston, The Biology of the Honey Bee, s. 154-156
78- Marian Stamp Dawkins, Hayvanların Sessiz Dünyası TÜB‹TAK, Popüler Bilim Kitapları, 1999, Ankara, s.137
79- Marian Stamp Dawkins, Hayvanların Sessiz Dünyası, s.137
80- Marian Stamp Dawkins, Hayvanların Sessiz Dünyası, s.137
81- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.163-164
82- Prof.Dr.Ali Demirsoy, Yaflamın Temel Kuralları, Omurgasızlar/ Böcekler, Entomoloji Cilt II / Kısım -II, Ankara; s. 66
83- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.171
84- Prof.Dr.Ali Demirsoy, Yaflamın Temel Kuralları, Omurgasızlar/ Böcekler, Entomoloji Cilt II / Kısım -II, Ankara; s.66
85- http://www.origins.org/articles/bohlin_upariver.html
86- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.15
87- Encyc. Americana, 1993, USA, Vol.3, Int. Headquartes, Danbury Connecticut, s.439
88- Prof. Karl von Frisch, Arıların Hayatı, s.143
89- Prof. Karl von Frisch, Arıların Hayatı, s.41
90- Prof. Karl von Frisch, Arıların Hayatı, s.31

Комментариев нет:

Отправить комментарий