воскресенье, 12 июля 2015 г.

КОЛОНИЯНЫН БӨЛҮНҮШҮ


...Ал чыгыштын дагы, батыштын дагы жана булардын арасындагы бүт нерселердин дагы Рабби... (Шуара Сүрөсү, 28)


Эне аары жаздын башынан баштап күнүнө 1500-2000 жумуртка таштайт деп айткан элек. Эгер аарылар бир чара көрбөсө, белгилүү убакыттан соң уюктун сыйымдуулугу аарылардын муктаждыгын канааттандыра албай калат. Эне аарынын жумурткалоо ылдамдыгына карап эсептесек, 1 айдын ичинде эле колонияга 45000 менен 60000дин арасында аары кошулат. Аарылардын санынын мындай ылдам өсүшү аары колониясынын кыска убакыт ичинде функцияларын аткара албай калышы деген мааниге келет.
Белгилүү болгондой, эне аары чыгарган зат уюктагы тартипти орноткон факторлордун бири. Уюктагы жумушчулардын санынын өсүшү менен бирге белгилүү убакыттан соң бир аарыга туура келген эне аары чыгарган зат дагы азайып баштайт. Эне аары чыгарган заттын азайышы аарыларга тургундардын санынын өсүшүн чечүүгө убакыт келгенин билдирет.91
Бир жерде тургундардын саны көбөйгөндө көрүлө турган чаралар белгилүү. Же жашаган жерди кеңейтүү же болбосо элдин санын азайтуу керек болот. Аарылар бул эки жолдун эң ыңгайлуусун тандашат. Жашаган жерди кеңейтүү маселени чечпейт, себеби маселе конуштун тардыгынан эмес, эне аары чыгарган заттын жетишсиздигинен келип чыгат. Бул зат жетишсиз болгондо ургаачылардын көбөйүү органдары өрчүп баштайт жана колониянын өзгөчө жыты жоголо баштайт. Мунун натыйжасында жумушчу аарылар тынымсыз эне аары клеткасын жасап башташат. Кыскасы, уюктагы бүт тең салмактуулуктар астын-үстүн болот.
Аары уюктарындагы тургундардын санын пландоо ыкмасы эң акылдуусу болуп саналат. Аарылар элдин саны көбөйгөндө санды азайтуу жолун тандашат. Бирок муну, кыш айларында мажбур болгондогу сыяктуу, личинка менен куурчакчаларды өлтүрүү аркылуу жасашпайт. Аарылардын чарасы өтө акылдуу жана бүт тарабынан пайдалуу бир жол болуп саналат. Бир уюкта (бал челекте) элдин саны көбөйгөндө, уюктагы аарылардын бир бөлүгү мурдакы эне аары менен бирге колонияны таштап, башка конуш издеп жөнөшөт.
Аарылардын уюктагы тургундарды азайтуу үчүн колдонгон бул ыкмасы «бөлүнүү» деп аталат. Ушундайча аарылар жаңы колонияларды түзүшөт.




ААРЫЛАР САПАРГА ЧЫГААРДАН МУРДА КӨРҮЛГӨН ДАЯРДЫКТАР


Аарылар бөлүнүү операциясынын биринчи этабында -жаздын башында- эркек аары клеткаларын жасап башташат. Эркектер башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк убакытта жетилгени үчүн (эне аары 16 күн, жумушчулар 21 күн, эркектер болсо 24 күн) апрельдин баштарында бул клеткалар даяр болушу керек.92 Эне аары чыгарган зат толук азайаардан мурда эркек клеткаларынын биринчи кезекте жасалышы көңүл бурарлык бир жагдай. Анткени кадимки шарттарда бул зат азайганда жумушчулар биринчи кезекте эне аарыга клетка жасашы керек болот. Ошого карабастан, жумушчулар эркек аарыларга клетка жасашат жана эркектер майдын башында клеткаларынан чыгышат. Ал ортодо эмне үчүн эркек аарыларга клетка жасалаары да белгилүү болот. Биз билгендей, эркек аарылар туулгандан 2 жумадан соң эне аарыны издеп чыга алышат. Мына ошондо эркектер жуптала турган эне аары таба алышпаса, өмүрлөрү текке кеткен болот. Ошондуктан эне аары дагы дал ушул кезде чоңойтулуп жупталуу үчүн учууга чыкканга даяр болушу керек. Эгер жумушчу аарылар эркектерге клетканы бир аз кечирээк жасаса, эне аары жуптала албайт же жупталуу кечигүүгө дуушар болот. Эне аары жупталмайынча жумуртка таштай албаганы үчүн, бул колонияга коркунуч туудурат. Жумуртка таштай ала турган мурдакы эне аары болсо жаңысы туула электе уюкту таштап кетет. Татаалдай көрүнгөн бул абал аарылардын убакытты туура пландоо жөндөмү менен дал керектүү учурда эне аары клеткаларын жасашы натыйжасында чечилет.
Бир тараптан жаңы эне аары клеткаларын жасап баштаган жумушчу аарылар экинчи тараптан мурдакы эне аарыны жумуртка таштоо ишин токтотконго мажбурлашат. Себеби аарылар көчө турган убакыт келген болот жана ушуга жараша даярдык көрүлүшү керек. Ошондуктан жумушчулар мурдакы эне аарыга аары сүтүн азыраак берип башташат. Азык жетишсиздигинен улам эне аары жумуртка таштаганды токтотот. Эне аарыга азык берүүнү токтотуунун дагы бир себеби бар. Эне аары колониядан бөлүнүп чыккан башка аарылар менен бирге уча алышы үчүн өтө чоң болбошу керек. Жумушчу аарылар колдонгон бул ыкма белгилүү убакыттан соң натыйжа берип, эне аары ыкчамыраак кыймылдап баштайт. Белгилүү убакыттан соң ал дагы башка аарылардай ылдам болуп калат.93

Жаңы уюк издөө иши башталат...


Башка убактарда чаңча, шире же суу издеген жумушчу аарылар эми колониялары үчүн жаңы орун издөөгө чыгышат. Уюкту таштоо көбүнчө жаздын аягы менен жайдын башында жүрөт. Бул мезгилде азык (чаңча жана шире) көп, күн жылуу, күндөр болсо узун болот. Бул шарттар бир аары тобунун уюкту ташташына ыңгайлуу чөйрөнү пайда кылат.
Жаңы колонияны түзүү үчүн сапарга чыга турган аарылар энергия алуу үчүн уюктан (бал челектен) чыгаардан мурда ашказандарын болушунча көп балга толтурушат. Себеби гүлдөрдү кыдырууга убактылары болбойт. Мунун натыйжасында курсактары ушунчалык чоңоюп, денелери ийнесин колдонууга керектүү ийкемдүүлүгүн жоготот.94 Ошондуктан өтө тынчтыкчыл болушат. Аарылардын бул абалынын да терең мааниси бар. Бал аарылардын мындайда тынчтыкчыл болушу адамдардын коопсуздугу жагынан маанилүү. Бөлүнүү учурунда бир колониянын болжол менен жарымы уюкту таштап чыккандыктан, 20000-30000 чабуулчу аарынын жандыктарга коркунуч туудураары анык.
Жаңы эне аары келээрге жакын мурдакы эне аары ичине жумушчу аарылар менен бир аз эркек аары кирген бир топ менен бирге уюктан бөлүнөт. Аары тобу уюктан чыккан соң жакындардагы бир бутакта же орчукта жүзүм шиңгилине окшоп бир жерге үймөлөктөшөт.95 Ал топтун ортосунда эне аары болот. Жумушчу аарылар эне аарыны ороп денелери менен бир тосмо жасап, анын коопсуздугун камсыз кылышат.96 Аарылар тартиптүүлүк менен топтолушат жана белгилүү убакыттан соң жаңы колониянын өзүнө тиешелүү жыты пайда болот.


Жогоруда гүлдөрдү белгилеп коюу жөнүндө сөз кылып жатканда айтылгандай, ар бир жумушчу аарынын денесинде каалаганда колдоно ала турган бир жыт баштыкчасы болот. Бул баштыкча аарынын жонунда жана денесинин арт жагында ичти көздөй бүктөлгөн териден турат жана колдонулбаган кезде сырттан көрүнбөйт. Бирок аары каалаган кезде муну сыртка чыгара алат. Натыйжада баштыкчанын ичиндеги атайын бездер иштеп баштайт жана жыт чыгарат. Иликтөөчү аарылар бул жытты жаңы тапкан жерин белгилөө үчүн колдонушат. Өзүнүн колониясынын жытына карата абдан сезгич аарылар иликтөөчү аары калтырган бул жытты өтө алыстардан да даана сезе алышат.97 Натыйжада бара турган жерин оңой гана табышат.





















Иликтөөчү аарылар кызматта

Колониянын бир бөлүгү жүзүм шиңгилине окшоп күтүп жатканда, иликтөөчү аарылар чоң жумуштун үстүндө болушат. Ал тургай, даярдыктар алда качан башталган болот. Уюктан бөлүнүп чыгаардан бир канча күн мурун иликтөөчү аарылардын кээ бирлери жаңы орун табуу үчүн төрт тарапка тарашат. Кээде бир канча километр алыстарга чейин учушат.98
Иликтөөчү аарылар жаңы уя кура турган жаракаларды жана дарак коңулдарын издөөдө туш келди иликтөө жүргүзүшпөйт. Колония үчүн орун издеген, «турак жайдын планын» түзгөн көп сандагы иликтөөчү аарылар ар кандай эсептөөлөрдү жасап, жаңы орундун ылайыктуулугу жөнүндө орток бир пикирге келишет. Андан соң да чогуу иш алып барышат жана колония турган даракка кайтып келип, колонияны жаңы орунга жеткиришет.
Бир иликтөөчү аары ылайыктуу бир тешик же коңул тапса көпкө чейин, кээде бир саат бою, системалуу түрдө аны иликтейт. Айланып учуп тапкан жеринин сырттан көрүнүшүн анализдейт. Көбүнчө ичине кирип, тешиктин ичинде басат. Алгач кире турган жердин жакын аймактарын, андан соң ичинде басып тапкан жеринин бүт ич тарабын кыдырып чыгат. Бул темада атайын изилдөө жүргүзгөн Йель университетинен Томас Сили (Thomas Seeley) бир аарынын ушинтип 50 метр басаарын аныктаган. Сили аарыларды өзүнүн огунда айлана алган цилиндр формасындагы жасалма уюктарда бастырып эксперимент жасаган жана натыйжада аарылардын уюктун айланасын кыдыруу үчүн канча басышы керек экенин жана ошого карап тешиктин көлөмүн эсептээрин аныктаган.99
Уюкка орун издөө үчүн учкан аарылардын саны кээде эки дюжинага чейин жетет. Бул ыкманын натыйжасында колония бир учурда бир канча орун жөнүндө альтернативдүү маалымат алат. Эң аягында жумушчу аарылар ыктымалдуу орундарды кезеги менен иликтеп чыгып чечим алышат. Эки дюжинадай (жыйырмадан ашуун) орун электен өткөрүлүп эки же үчкө түшүрүлөт жана аягында колония үчүн кайсынысынын эң жакшы уюк болоору жөнүндө бир пикирге келинип, ошол жер жаңы уюкка айланат. Аягында колония жок дегенде иликтөөчү аарылардын көпчүлүгүнүн анализи боюнча, аймактагы ыктымалдуу эң жакшы орунду тандайт. Аарылардын жаңы уюктун ордун тандоо процесси бир канча күнгө созулушу мүмкүн. Себеби ар бир аары ыктымалдуу уюктун ордун абдан кылдат иликтейт жана 500дөй жумушчу аарынын ар кандай ыктымалдыктарды салыштырып орток бир чечимге келиши көп убакытты талап кылат. Бул убакыт бою аары тобунун башка мүчөлөрү, жогоруда айтылгандай, бир даракта жүзүм шиңгилине окшоп үймөлөктөшүп күтүшөт жана иликтөөчүлөр анык бир чечимге келгенде гана жумушчу аарылардын жол көрсөтүүсү менен жаңы уяны көздөй жөнөшөт.
Аарылардын бул кыймыл-аракеттеринин маанисин жакшыраак түшүнүү үчүн буларды бир-бирден карап чыгуу туура болот. Эң биринчиден, иликтөөчү аарылардын тапкан жеринин ыңгайлуулугун эмнеге карап белгилээрин карайлы.
Иликтөөчү аарылар жаңы орундун жерден бийиктигин, тешиктери бар болсо аларды жамаганга болоорун, ичинин кеңдиги сыяктуу көп жагдайларды эске алуу менен уя издешет. Мындан тышкары, кире бериштин ыңгайлуулугуна өзгөчө көңүл бурушат. Уюктун кире беришинин тешиги ууру аарылар, тыйын чычкандар жана чымчыктар кире албай турганчалык тар, бирок ошол эле учурда бал топтоодон ичин ширеге толтуруп кайткан аарылар эч кыйынчылыксыз кире ала турганчалык кенен болушу керек. Антпесе, азык чогултуп кайткан аарылар уюктун ичине кирүү үчүн күтүүгө мажбур болушат. Уюктун кире беришинин негизинен кичине болушун каалашат. Себеби эгер кире бериш өтө кенен болсо, уюкту коргоо кыйындайт. Ошондой эле, кышында жылуулук жоготуу көп болгондуктан, уюктун температурасын тең салмакта сактоо да кыйын болуп калат.100

Бир жерди аарылар уюк катары колдонушу үчүн талап кылынган өзгөчөлүктөрдүн дагы бири болсо – бул уянын кенендиги. Мисалы, бир дарак коңулун карайлы. Ал жер өтө кенен болсо аарылар уюкту жылытууда кыйналышат. Бирок аарылар уянын кичине болушуна караганда чоң болушун көбүрөөк каалашат. Себеби керексиз бош жерлерди аары чайыры менен толтура алышат. Уянын аянты тар болгондо чоңураак маселелер жаралат. Себеби кампа катары колдонулган аянт дагы тар болгондуктан, кыш үчүн жетиштүү көлөмдө азык жыйнаганга мүмкүнчүлүк болбойт. Бул болсо бүт колонияны өлүмгө алып бара турганчалык олуттуу маселени пайда кылат.101
Дагы бир жагдай болсо уюктун кире беришинин күндү караган бурчу болуп саналат. Белгилүү болгондой, кире бериши түндүктү караган бир жер суугураак болгону үчүн жашаганга ыңгайсыз болот. Иликтөөчү аарылар жаңы уюкту издөөдө бул маанилүү жагдайды дагы эске алышат.102
Иликтөөнүн натыйжасында ылайыктуу көрүлгөн жерди тапкан иликтөөчү аарылар ал жерди гүлдү белгилеп койчу жыттары менен белгилеп коюшат. Аарылар белгилүү убакытка жыт баштыкчаларын ачып коюп жаңы уюк ордунда жүрүшөт жана ушундайча колониянын жытын жаңы конушка сиңиришет.103



Колония жаңы конушка жөнөйт

Иликтөөчү аарылар белгилүү убакыттан соң колония аларды күтүп жаткан жерге барып, тапкан конушун бий аркылуу курдаштарына көрсөтүшөт. Бул бий аарылардын азык жайгашкан жерди көрсөтүүдө колдонгон бийи менен бирдей. Уюк жасаганга ыңгайлуу деп табылган жердин багыты сегиз санына окшогон бийдин аарынын түз сызыктын үстүндө оңду-солду көздөй чайпалган бөлүгү аркылуу көрсөтүлөт. Табылган жердин уюк жасаганга ыңгайлуулугу бийдин күчү менен чагылдырылат. Аарылар бүт шарттарга ылайыктуу, идеалдуу бир конуш тапканда жарым саат же бир саатка чейин бийлеши мүмкүн. Эгер табылган жер анчалык ыңгайлуу болбосо, аарылардын бийи көңүлсүзүрөөк болот.104
Аарылар баары чогуу бир тарапты көздөй бир заматта жөнөп калышпайт. Себеби иликтөөчү аарылар канчалаган километр квадраттык аянтты иликтеген болот жана ар бир иликтөөчү топ кайтып келгенде ар кайсы жерди колонияга сунушташат. Колония турган жерде бир учурда бир канча топ аары бийлеши мүмкүн. Кээде ал топтордун ар бири ар кайсы багытты көрсөтөт.105


Иликтөөчү аарылардын бийи күтүп турган топтон кээ бир аарылардын сүрөттөлгөн багытты көздөй учуп жөнөшүнө чейин уланат. Ал аарылар иликтөөчү аарылар колониянын жытын калтырган жерди тапканга чейин издөөнү улантышат. Эң ыңгайлуу конушту көбүрөөк аары зыярат кылат жана натыйжада колониянын жыты ал аймакка жакшылап сиңет.106
Жүзүм шиңгилиндей болуп үймөлөктөшкөн аарылар эң кеч бир жуманын ичинде толугу менен тарашат жана жаңы конушун көздөй чогуулай учушат. Колония абада учуп жөнөгөндө, жаңы конушка көнүп калган аарылар топко чыгарган жыттары аркылуу жол башчылык кылышат жана аары тобу башка эч бир маалыматка муктаж болбостон конушуна жетип алат. Эне аары дагы сөзсүз бул топ менен бирге учушу керек. Себеби колонияны эне аары чогуу кармап турат. Эне аары колония менен бирге болбосо, аары тобу жаңылып, мурдакы мекенине кайра кайтат.107
Көрүнүп тургандай, аарылардын жаңы бир колония түзүүдө кылган бүт кыймыл-аракеттери өтө акылдуу. Жана бул процесстеги аарылардын план түзүү, ой жүгүртүп тандоо жасоо сыяктуу өзгөчөлүктөрү сөзсүз бир акылды талап кылат. Бирок аарылардын өзүнүн бир акылы бар деп айтууга болбойт. Жогоруда да айтылгандай, аарылар болгону бир канча сантиметрлик бир чымын-чиркей түрү болуп саналат. Мээлери өтө кичинекей. Бул айтылгандардын баарын акылы жана логикасы бар адамдар жасаса кадыресе көрүнүш катары кабыл ала алмакпыз. Бирок булардын баарын аарылар жасап жаткандыктан, муну бир ойлонуп көрүү зарыл.
Бул жандыктар мынчалык терең пландарды кантип түзө алышат? Булар акылы жана аң-сезими жок жандыктар кокустан үйрөнүп ала турган нерселер эмес. Себеби «үйрөнүү» бир аң-сезимди жана эркти талап кылат. Албетте, аарыларда мындай аң-сезим жана эрк жок. Аларга мындай аң-сезимдүү иш-аракеттерди жасаткан, таң калыштуу акылмандыктарды көрсөттүргөн – чексиз илимдүү Аллах. Аллах бул жандыктарды, бүт башка жандыктар сыяктуу, коргоп карап жана керектүү системаларды аларга үйрөтүп турат. Худ Сүрөсүнүн 56-аятында айтылгандай, «...Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн бир дагы жандык жок...».

Мурдакы уюкта кандай окуялар болот...

Бөлүнүү операциясы бүткөн соң аарылардын болжол менен жарымы же жарымынан көбүрөөгү мурдакы уюкта калат.
Уюктагы эне аары жаңы эне аары пайда боло электе уюктан кеткендиктен, негизги уюк белгилүү убакытка эне аарысыз калат. Бирок мындай абал бир канча күнгө гана созулат. Себеби бөлүнүү операциясынан көп өтпөй жаңы эне аарылардын бири жетилип, клеткасынан чыгып уюктагы жаңы жашоосун баштайт.108
Эгер мурдакы эне аары жаңы эне аары талапкерлери клеткадан чыкканга чейин уюкту таштап кетпесе, бул анын улгайганын көрсөтөт. Мындайда мурдакы эне аары жаңы эне аары тарабынан чагып өлтүрүлөт.
Бирок кээде эне аары улгайа элек болгонуна карабастан, аба-ырайынан улам гана уюкту таштап кете албайт. Бул болсо чоң коркунуч туудурушу мүмкүн. Себеби мурдакы эне аары уюкта турганда жаңы бир эне аары пайда болсо, алардын согушаары жана экөөсүнөн биринин сөзсүз өлөөрү анык.
Уюктагы тең салмактуулуктарды буза турган мындай башаламандыктын алдын алуу үчүн болсо аарылар таң калыштуу бир ыкманы колдонушат. Өрчүп жетилип, куурчакчасын жарып сыртка чыгууга аракет кылган эне аары талапкерлеринин клеткасынын капкактарын мурдакыга караганда бекемирээк жаап коюшат. Бирок алар үчүн кичинекей бир тешик ачып коюуну да унутушпайт. Жумушчу аарылар андан соң ошол тешик аркылуу эне аары талапкерлерин багышат.
Бирок маселе муну менен эле чечилип калбайт. Мурдакы эне аары уюкта мурдакыдан активдүүрөөк болуп тынымсыз кыдырууга чыгат. Эгер жаңы эне аарыларды байкап калса, аларды жок кылууну каалайт. Бирок буга жол берилбейт. Жумушчу аарылар эне аары клеткаларынын үстүнө үймөлөктөшүп алышат жана эгер эне аары аларга зыян тийгизүү үчүн жакындаса аны артка түртүшөт.109
Жумушчу аарылардын бүт аракети жаңы эне аарыны жана натыйжада колонияны сактап калууну көздөйт. Ал үчүн бүт ыктымалдыктар эске алынып, көрүлгөн чаралардын натыйжасында эне аарылар сактап калынат.
Кээде бир аары тобу бир канча жолу бөлүнүшү керек болуп калат. Мындайда эгер жаңы жаш эне аары дагы экинчи бөлүнүү үчүн уюктан кете турган болсо, анда жумушчулар ошол замат дагы бир жаңы эне аары чоңойтуп башташат.110



ААРЫЛАР АЛЛАХТЫН ИЛХАМЫ МЕНЕН КЫЙМЫЛДАШАТ


Бул жерге чейин айтылгандардан да көрүнүп тургандай, аарылар жаныбарлар ааламындагы эң таң калыштуу касиеттери бар жандыктардын бири. Өтө сабырдуулук менен чыгарган төөнөгүчтүн башынчалык болгон бал мому менен курган архитектура керемети болгон уюктары, күн сайын эч тажабай личинкаларды жүздөгөн жолу зыярат кылышы, колониясын коргоо үчүн өз жанын аябашы, бал өндүрүү үчүн кылган аракеттери, жаңы колонияны түзүүдөгү жөндөмдөрү, уюктун ичинде толук тынчтыкты орното алышы менен бүт илимпоздорду айран-таң калтырышууда.
Аарылар өз тилдери менен айланаларын анализ кылып, чечимдерди чыгарышат жана аларды ишке ашырышат. Ал чечимдерди абалга жараша өзгөртө алышат. Кыскасы, аарылардын бүт кыймыл-аракеттеринде, бул китепте көп мисалдар аркылуу көрсөтүлгөндөй, курч бир акыл жана аң-сезим бар. Бирок китепте көп жолу айтылгандай, бул аң-сезим менен акыл аарылардын өздөрүнө тиешелүү эмес.

Аллах Куранда бал аарылар жөнүндөгү «Раббиң бал аарыга вахий кылды...» (Нахл Сүрөсү, 68) деген аяты аркылуу бул жандыктардын кыймыл-аракеттеринин, акылдуу иштеринин баарынын Өзүнүн илхамы менен болоорун кабар берген.


Булактар:

90- Prof. Karl von Frisch, Arıların Hayatı, s.31
91- Edward O.Wilson, The Insect Societies, Harvard Unv. Press, Cambridge, Massachussetts, 1972, s.96,303
92- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.46
93- Thomas A.Sebeok, Animal Communication, Indiana Unv. Press, London; s.224-225
94- Prof. Karl von Frisch, Aus Dem Leben Der Bienen, Verständliche Wissenschaft Band 1, 8.Auflage, s. 59
95- Thomas A.Sebeok, Animal Communication, Indiana Unv. Press, London; s.237
96- Prof. Karl von Frisch, Aus Dem Leben Der Bienen, Verständliche Wissenschaft Band 1, 8.Auflage, s.61
97- Prof. Peter J.B. Slater, The Encyc. of Animal Behaviour, Facts on File Publications, New York, s.120
98- Prof. Karl von Frisch, Aus Dem Leben Der Bienen, Verständliche Wissenschaft Band 1, 8.Auflage, s.61
99- T. Seeley, Measurement of Nest Cavity Vol. by the Honey Bee, Behavioral Ecology and Sociobiology 2, 1977
100- Edward O.Wilson, The Insect Societies, Harvard Unv. Press, Cambridge, Massachussetts, 1972, s.306-308
101- Prof. Karl von Frisch, Animal Architecture, A Helen and Kurt Wolff Book/Harcourt Brace Jovanavich, Inc. New York and London; s.84-85
102- Ernst Neufert, NEUFERT, çeviren: mimar Abdullah Erkan, Güven Yayıncılık, 30. baskı, 1983, s.534
103- Edward O.Wilson, The Insect Societies, Harvard Unv. Press, Cambridge, Massachussetts, 1972, s.230
104- The New Encyclopedia Britannica, Vol.21, 15th edition, 1991, s.663
105- Prof. Karl von Frisch, Tanzsprache und Orientierung der Bienen, Universitat München, Springer Verlag, 1965; s.269-277
106- Prof. Karl von Frisch, Tanzsprache und Orientierung der Bienen, Universitat München, Springer Verlag, 1965; s.269-277
107- Edward O.Wilson, The Insect Societies, Harvard Unv. Press, Cambridge, Massachussetts, 1972, s.238
108- Prof. Karl von Frisch, Aus Dem Leben Der Bienen, Verständliche Wissenschaft Band 1, 8.Auflage, s.62
109- Edward O.Wilson, The Insect Societies, Harvard Unv. Press, Cambridge, Massachussetts, 1972, s.225-226
110- Prof. Karl von Frisch, Aus Dem Leben Der Bienen, Verständliche Wissenschaft Band 1, 8.Auflage, s.62

Комментариев нет:

Отправить комментарий