воскресенье, 12 июля 2015 г.

КИРИШҮҮ: ААРЫЛАРДЫН ЖАШООСУ




...Аларда алар (адамдар) үчүн канчалаган пайдалар жана суусундуктар бар. Дагы эле шүгүр кылышпайбы? (Йасин Сүрөсү, 73)

Ички (жарандык) согуштар, массалык кыргындар, мыкаачылык менен адам өлтүргөн адамдар, көчөлөрдө жаткан жаш балдар, үй-жайы болбогону үчүн суукта тоңгон адамдар, бала кезде кылмыш кылгандар, үй-бүлөлөрдөгү көйгөйлөр, жаштардын кылмыштуу топтору, коррупция, ...
Күнүмдүк жашоонун бир бөлүгүнө айланган бул коомдук маселелерди ойлонгондо, баарынын негизинде бир орток кемчилик турганын көрөбүз. Бүт бул маселелердин келип чыгышына себеп болгон адилетсиздик, алдамчылык, көз бойомочулук, таш боордук сыяктуу жаман адеп-ахлактардын негизинде да ушул эле кемчилик турат.
Бул негизги кемчилик – адамдардын ойлонбошу жана ошондуктан чындыктарды түшүнө албашы. Мындай адамдар биринчи кезекке өз кызыкчылыктарын, өз жашоосун коюшат. Айланасында болуп жаткандар аларды кызыктырбайт. Кээ-кээде ойлонгон нерселери да өздөрү менен байланыштуу маселелер болот. Ошондуктан өздөрүнүн «туура» жана «туура эместеринин» негизинде өмүр сүрүшөт. Күнүмдүк жашоодо кылгандарын жетиштүү көргөн мындай адамдар «бул дүйнөгө келүү максатым эмне» деген эң маанилүү нерсени эстеп да коюшпайт.
Айланасындагы жандыктардын өзгөчөлүктөрүн, мынчалык кемчиликсиз, сансыз жаныбар жана өсүмдүк түрлөрүнүн кантип келип чыкканын, өздөрүнүн денелерин, космостогу тең салмактуулуктарды, кыскасы, эч нерсени ойлонушпайт. Натыйжада булардын Аллах тарабынан «пландалганын», башкача айтканда, «жаратылганын» байкай алышпайт. Бүт ааламдын Жаратуучусу чексиз кудуреттүү Аллахтын кудуретин түшүнө алышпайт. Эмне үчүн жаратылганын жана Аллахтын алдында жоопкерчиликтүү экенин билишпейт. Чындыгында болсо, Куранда ой жүгүртүүнүн маанилүүлүгүнө, ой жүгүрткөн адамдардын гана насаат алаарына басым жасаган көптөгөн аяттар бар. Аяттарда ой жүгүрткөн жана анын натыйжасында Аллахтын кудуретин түшүнгөн адамдар жөнүндө мындай деп айтылат:

Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана мындай дешет:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 190-191)

Ошондуктан «Бал аарыдагы керемет» китебинин максаты Аллахтын жаратуусундагы кереметтердин дагы бирөөсүн тааныштырып, адамдарды ойлонуу жалкоолугунан куткаруу болуп саналат. Ошондой эле, бал аарынын тандалышынын дагы бир маанилүү себеби бар. Бал аарылар Куранда Аллах адамдардын көңүлүн бурган жандыктардын бири. Аллах Нахл Сүрөсүндө аарылардын Анын вахийи (илхамы) менен кыймылдаарын мындайча кабар берет:

Раббиң бал аарыга вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Эч күмөнсүз, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында бир аят бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)

Көрүнүп тургандай, аяттарда өзүнө үй жасаган, мөмөлөрдөн жеген жана бал өндүргөн аарыларга көңүл бурулууда. Эмки бөлүмдөрдө каралгандай, уюктагы иштердин баары жумушчу аарылар тарабынан жасалат. Бир аары уюгунда жумушчу аарылар, эне аары (ханыша аары) жана эркек аарылар болот. Уюктагы дээрлик иштердин баарын жумушчу аарылар жасашат. Бирок эне аарынын уюкту улантуу деген өтө маанилүү бир кызматы бар. Эркек аарылардын болсо уюктун ичинде бир гана кызматы бар: эне аарыны уруктандыруу. Кыска өмүрүндө бул кызматын орундатышып, андан көп өтпөй өлүшөт.
Аарылардын өзгөчөлүктөрү терең каралган бул китепте, мындан тышкары, аарылардын өз ара кантип байланыш кураары, уюктагы он миңдеген аарынын кантип эч урушуп-талашпай жашаары, багытын кантип аныктаары, кантип бал өндүрөөрү сыяктуу дагы көп тараптары Куран аяттары менен бирге каралат. Табиятта да, аарылардын жашоосунда да эволюция теориясында айтылган ээнбаш жана кокустукка таянган бир «жашоо күрөшү» жок экенин дагы бир жолу көрөбүз.


АКЫЛДУУ ПЛАН (ДОЛБООР), БАШКАЧА АЙТКАНДА, ЖАРАТЫЛУУ

 Аллах жаратуу үчүн долбоор түзүүгө муктаж эмес.
Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор (план)» сөзүн туура түшүнүү керек.
Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир планда (долбоордо) жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот.
Куран аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)


Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Комментариев нет:

Отправить комментарий