суббота, 11 июля 2015 г.

БАЛДАГЫ КЕРЕМЕТ


Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар, силерге алардын курсактарындагы ферс (жарым сиңген азыктар) менен кандын арасынан, ичкендердин тамагынан оңой гана өтүүчү таптаза бир сүт ичирүүдөбүз. (Нахл Сүрөсү, 66)


Аарылар байыркы замандардан бери адамдарга бал өндүрүп кызмат кылып келе жатышат. Бал челекчиликтин (бал аары багуунун) тарыхы б.з.ч. 3500-жылдарга чейин барат.141

Бал өндүрүү

Белгилүү болгондой, балдын негизги материалын аарылар гүлдөрдөн жана мөмө бүчүрлөрүнөн топтогон ширелер (нектар) түзөт. Аарылар ширени балга айландырышат. Гүл чаңчалары болсо бал жасоодо колдонулбайт, аарылар аны белок муктаждыгын камсыздоо үчүн гана колдонушат.
Гүлдөр менен мөмө бүчүрлөрүнөн алынып жутулган шире аарылардын «бал ашказаны» деп аталган органында химиялык өзгөрүүгө дуушар болот жана ичинде көптөгөн витамин жана минералдары бар, мол канттуу бир соуска айланат. Андан соң бал уюктагы клеткаларга жайгаштырылып, үстү момдон жасалган бир капкак менен жабылат. Бал уянын ичинде аарылардын өзгөчө желдетүү системасынын натыйжасында биз билген даамга жана кейипке келет.142
Балдын түсү, кантынын деңгээли жана даамындагы айырмачылыктар толугу менен чогултулган ширелерден көз-каранды болот. Балдын жытын гүлдөрдөгү жагымдуу жыттуу эфир майы берет; бул ошол эле учурда гүлдөрдөн жыт чыгарган май болуп саналат.
Бал өндүрүү өтө көп эмгекти талап кылат. Мисалы, 1/2 кг чийки ширени чогултуу үчүн 900 аары бир күн бою иштеши керек. Мунун бир бөлүгү гана балга айландырыла алат. Гүлдөрдөгү ширеден алына турган балдын көлөмү алып келинген ширенин кант концентратынан көз-каранды болот. Мисалы, алма гүлүндө көп кант болбойт. Ошондуктан бул дарактан алынган ширенин аз бөлүгү гана балга айландырыла алат.143
450 граммдык таза балды алуу үчүн болжол менен 17000 бал аары 10 миллион гүлдү зыярат кылышы керек. Аары орточо бир азык издөөгө чыкканда болжол менен 500 гүлдү зыярат кылат жана бул 25 мүнөткө созулат. Ошондуктан 450 грамм таза бал алуу үчүн аарылар 7000 саат иштеши керек.144
Абдан оор жумуш болгонуна карабастан, аарылар балды өз муктаждыктарынан эсе эсе көп өндүрүшөт. Албетте, бул Аллахтын адамдарга берген сонун бир сый-жакшылыгы.

Балдын курамы

Балдын, албетте, биринчи эсибизге келген өзгөчөлүгү – бул таттуулугу. Буга балдын ичиндеги үч кант себеп болот: жүзүм канты (глюкоза) (34%), сахароза (2%) жана левулоза (мөмө канты 40%).
Мындан тышкары, балдын 17%ы суу, калган 7%дык бөлүгү болсо темир, натрий, күкүрт, магний, фосфор, гүл чаңчасы, марганец, алюминий, күмүш, альбумин, декстрин, азот, белок жана кислоталардан турат. Балдын сапатын ушул 7%дык аралашма аныктайт.145


Балды биз билген канттан айырмалаган өтө маанилүү бир айырмачылык бар. Кант тамак сиңирүү системасында өзгөртүлгөн соң гана канга аралашса, бал сиңирүүнү талап кылбастан тездик менен канга аралашат. Себеби анын курамындагы мөмө канты менен жүзүм канты башында көлөмү өтө жогору болгон сахарозанын терс-жүзгө айланышынан келип чыгат. Ошондуктан бул канттар «жөнөкөй канттар» деп аталат. Кыскасы, бал – адамдын денеси эң жогорку даражада жана эң ыкчам пайдалана ала тургандай долбоорлонгон бир азык. Жылуу сууга аралаштырылган балдын бир канча мүнөттүн ичинде денеге энергия берээри аныкталган.

Балдагы шыпаа

Бал – курамындагы витамин жана минералдары, жана структуралык өзгөчөлүктөрү себептүү адамдар үчүн абдан шыпаалуу бир азык жана Куранда да буга көңүл бурулган:

Раббиң бал аарыга вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Эч күмөнсүз, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)

Балдын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири; анын ичинде бактерия жашай албайт. Доктор Бодаг Бек (Dr. Bodag F. Beck) «Бал жана ден-соолук» аттуу китебинде бул жөнүндө мындай дейт:
Бүт жандыктарга өмүрүн улантуу үчүн белгилүү өлчөмдө нымдуулук керек. Бактериялар балга тийгенде нымдуулуксуз калып, жок болушат. Мындан тышкары, балдын кычкыл реакциясы дагы бактериялардын жашашына ыңгайсыз бир чөйрөнү пайда кылат. Адам денесине таасир тийгизүүчү көптөгөн микроорганизмдер балда жок болушат.146
Бал ичинде бактерия жашатпоо менен бирге, ошол эле учурда бактерияны жок кылууда да колдонулат. Мисалы, антибиотиктерге карата чыдамкай болгон MRSA бактериясынын балга туруштук бере албашы аныкталган.147
Доктор У. Сакетт (Dr. W. Sackett) бал аркылуу келтенин микробдорун 48 саат ичинде жок кылган. Ичөткөк (дизентерия) микробдору 10 саат ичинде өлгөн.148
Бул маалыматтардан да көрүнүп тургандай, бал абдан шыпаалуу бир азык. Балдын жакында эле белгилүү болгон бул касиетине Куранда 1400 жыл мурда көңүл бурулган. Албетте, бул дагы чексиз кудуреттүү Аллах түшүргөн Курандын кереметтеринин бири.
Балдын ичинде минералдардан, канттардан жана көптөгөн витаминдерден тышкары, аз санда бир катар гормондор, цинк, жез жана иод да бар. Таблицада 100 грамм балдын химиялык анализи көрсөтүлгөн.
  


ТЕҢДЕШСИЗ БИР АЗЫК: ААРЫ ЧАҢЧАСЫ


Аарылар чыгарган дагы бир азык – бул аары чаңчасы. Мурда да айтылгандай, аарылар гүлдөрдөн чогулткан чаңчаны түздөн-түз колдонушпайт, «аары чаңчасы» деп аталган бир затка айландырышат. Муну гүлдөн топтолгон чаңчаларга ширени жана кээ бир ферменттерди кошуу аркылуу жасашат.
Аарылар өндүргөн бул аралашмада бизге керектүү нерсенин баары бар. Аары чаңчасынын 25%ы өсүмдүк белогунан турат (8 даанасы негизги аминокислоталардан болуп, жок дегенде 18 аминокислота). Мындан тышкары, бир дюжинадан көбүрөөк витамин, 28 минерал, 11 фермент жана жардамчы ферменттерди жана 11 углеводду камтыйт. Аары чаңчасы мындай курамы менен абдан баалуу бир азык болуп саналат.
1950-жылдардан бери аары чаңчасы жөнүндө көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп келүүдө. Өзгөчө Парижге жакын аймакта жайгашкан «Apiary» изилдөө лабораторияларында бул жөнүндө сансыз эксперименттер жасалды. Аары чаңчасынын курамында ичеги таякчаларына жана кээ бир сальмонеллаларга (бир бактерия түрү) таасир берүүчү антибиотиктердин бар экендиги, жана ошондой эле, энергия берүүчү, күчтүү жана зат алмашууга пайдалуу бир зат экендиги да белгилүү болгон.149
Диетолог доктор Пааво Аитрола (Dr. Paavo Aitrola) аары чаңчасын мындайча мактайт:
Чаңча табияттагы азык жагынан эң бай жана мыкты бир азык. Дененин стресске жана ооруларга карата иммунитетин жогорулатат, көп оорулардан айыгууну ылдамдатат...»150
Орустар дагы аары чаңчасына өтө маани беришкен. Владивостоктогу Longevity (Узун өмүр) академиясынын башчысы доктор Наум Петрович Джоириш мындай дейт:
...Аары чаңчасы оригиналдуу бир азык жана дары-дармек казынасы. Жашоого керектүү бүт негизги заттарды камтыйт.151
Дененин күч-кубатын жогорулатуу дагы аары чаңчасы менен байланыштырылган. Карлсон Уэйд (Carlson Wade) «Аары чаңчасы жана ден-соолугуңуз» (Bee Pollen and Your Health), Linda Lyngheim жана Jack Scagnetti «Аары чаңчасы» (Bee Pollen) аттуу китептеринде аары чаңчасынын спортсмендердин күчүн көбөйтөөрүн айтышкан.152


ААРЫ СҮТҮ


Аары сүтү – өтө комплекстүү жана алигече белгисиз болгон кээ бир кошулмаларды камтыгандыктан жасалма жол менен өндүрүлө албаган бир зат. Табигый гормондор, минералдар, В витаминдери, фолий кычкылдыгы, май кислоталары, денеде жетишсиз болгондо Паркинсон, Альцгеймер жана ушул сыяктуу нерв системасынын ооруларына алып келген ацетилхолин заты, аминокислоталар, белоктор, майлар жана углеводдорго бай. Мындан тышкары, курамында денедеги тканьдардын жаңыланышында жана чоңоюшунда маанилүү роль ойногон аспарагин (аспартат) кислотасы да бар.
Аары сүтүнүн антибактериалдык, антивирустук, энергия берүүчү жана улгайуунун алдын алуучу таасирлери бар. Ошондой эле, дем алуу, скелет, нерв, көбөйүү, эндокрин, жүрөк тамырлары, иммунитет жана клетка системаларына пайдалуу. Аары сүтү гормоналдык тең салмактуулукту стимулдайт. Гормондорду жана зат алмашуу функцияларын жөнгө салып, калыбына келтирет. Адамдын жашы өткөн сайын начарлаган клетканын жаңылануу процессине көмөкчү болот. Тери ооруларын айыктырат жана теринин өңүн да сактайт.
Өнөкөткө айланган чарчоо, олуттуу оорулар, операция же травмадан соң дененин күчтөнүшүнө себеп болот. Энергияны көбөйтүүчү таасирге ээ. Кан сары суусунун холестеринин жана ашыкча майларды азайтат, артериосклероздун алдын алууга көмөкчү болот. Мындан тышкары, боорду коргоо, ткань жана булчуңдардын калыптанышы, сөөктөрдүн чоңоюшуна жана чың болушуна көмөк көрсөтүү, эс-тутумду жакшыртуу, дене салмагын жөнгө салуу жана жарааттардын айыгышына колдоо көрсөтүүдө да пайдалуу болоору изилдөөлөрдүн натыйжасында белгилүү болгон.
Германияда ар кандай тармакта изилдөөлөрдү жүргүзгөн докторлор аары сүтүн жакшы тойбогон жана ара туулган наристелерди күчтөндүрүүдө пайдаланышкан. Аары сүтү менен азыктанган наристелердин салмагы менен ден-соолугунун жакшырганы байкалган. Ошондой эле, аары сүтү берилген нерв жана психикалык оорулуулардын салмагынын калыпка келип, нерв системасынын, дене түзүлүшүнүн жана психикасынын күчтүүрөөк болуп калганы байкалган.

Аары сүтү улгайуу таасирин кечеңдетүү үчүн, менопауза, ачыгууну (ачкалыкты) оңдоо, артрит, кан-тамыр оорулары, язва, боор оорулары сыяктуу ооруларда жана жалпысынан эле ден-соолукта болуу үчүн докторлор тарабынан сунушталууда.153


Булактар:

141- Encyc. Americana, 1993, USA, Vol.3, Int. Headquartes, Danbury Connecticut, s.444
142- http://www.atd.ucas.edu/homes/cook/mead/danspaper. html
143- Lucy W. Clausen, Insect Fact and Folklore, Int. Book and Periodicals Supply Services, New Dehli
144- John Brackenbury, Insects and Flowers, 1995, UK, s.12
145- Murray Hoyt, The World of Bees, Coward Mcnann Inc, New York, 1965 s.181
146- F. Beck Bodog and Smedly, Honey and Health, Mc. Bride and Co., N.Y., Doree, 1946
147- www.wave.co.nz/honey
148- Murray Hoyt, The World of Bees, Coward Mcnann Inc, New York, 1965 s.185
149- http://www.good-vitamins.com/front/honey.htm
150- http://www.good-vitamins.com/front/honey.htm
151- www.aim4health.com
152- www.aim4health.com
153- http://www.wic.net/waltzark/rjelly.htm http://www.health- pages.com/rj/

Комментариев нет:

Отправить комментарий