воскресенье, 12 июля 2015 г.

ААРЫНЫН УЮГУНДАГЫ ЖАШОО


Силердин жаратылууңарда жана көбөйтүп-жайган жандууларда так илим менен ишенген бир коом үчүн аяттар бар. (Жасия Сүрөсү, 4)



Жыйырма миң түрдөн турган бир канча түркүмү бар аарылар – жаныбарлар дүйнөсүндөгү эң кереметтүү инженерия жана архитектура илимин билген, социалдык жашоосу менен башка көп жандыктардан айырмаланган, араларындагы байланыш системасы менен илимпоздорду таң калтырган жандыктар.
Бул китепте каралган бал аарылардын болсо башка аарылардан өзгөчө касиеттери бар. Колониялары менен дарактардын коңулдарында же ошого окшогон жабык жерлерде өздөрүнө уюк жасашат. Бир аары колониясы (үй-бүлөсү) бир эне аары, бир канча жүз эркек жана 10-80 миң жумушчу аарыдан турат. Көрүнүшү жагынан бири-биринен айырмаланган бул үч аарыдан эне аары менен жумушчу аарылар ургаачы болот.
Аары колонияларынын ар биринде бир гана эне аары болот, жана ал эне аары башка ургаачыларга караганда чоңураак болот. Анын негизги кызматы болсо – бул тукумдап көбөйүү. Көбөйүү эне аары аркылуу гана жүрөт, башка ургаачылар эркектер менен жуптала алышпайт. Эне аары, жумуртка таштоодон тышкары, колониянын бүтүндүгүн жана уюктагы системанын иштешин камсыздаган маанилүү заттарды да бөлүп чыгарат.
Эркектер болсо ургаачылардан чоңураак болушат, бирок ийнелери да, өздөрүнө азык топтой турган органдары да болбойт. Бир гана кызматы бар: эне аарыны уруктандыруу. Уя жасоо (токуу), азык чогултуу, аары сүтүн өндүрүү, уюктун температурасын жөнгө салуу, тазалык, коргонуу сыяктуу иштердин баарын болсо жумушчу аарылар жасашат.
Аары уюгундагы жашоонун ар бир этабында бир тартип бар. Личинкаларды кароодон уюктун жалпы муктаждыктарын камсыздоого чейин бүт иштер эч үзгүлтүккө учурабай орундатылат. Бул тартиптин эң ачык мисалдарынын бирин уюктагы личинкалардын каралышында көрө алабыз. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн башка аарылардын наристелерге болгон аяр, кылдат мамилесин тереңирээк кароо керек.


ААРЫЛАРДЫН НАРИСТЕЛЕРИНЕ БОЛГОН АЯР МАМИЛЕСИ


Кээ бир жандык түрлөрүндө наристелерин карап-багуу башкаларга караганда көбүрөөк эмгекти талап кылат. Өзгөчө жумуртка, личинка, куурчакча сыяктуу бир канча этаптан өтүп жетилген жандыктарда ар бир этапта ар кандай багытта кароо жасалат.
Аарылар дагы бир канча чоңоюу этабынан өтүшөт. Аары наристелери личинка жана куурчакча этаптарынан өтүп жетилишет. Эне аарынын жумурткаларды ташташы менен башталган бул период бою аары наристелери өтө кылдат кароого алынат.
Аары уюктарындагы наристелердин бүт жоопкерчилиги жумушчу аарыларга жүктөлгөн. Жумушчу аарылар эң биринчиден эне аары жумуртка ташташы үчүн уюктардын ичиндеги атайын белгиленген бир жерге куурчакча клеткаларын даярдашат. Ал клеткаларга жумуртка таштоого келген эне аары клетканын тазалыгын жана ыңгайлуулугун текшерген соң, ар бирине бирден жумуртка таштап чыгат.
Жумурткалардын өрчүшүнө керектүү шарттарды камсыз кылуу, жумурткадан чыга турган личинкаларга керектүү азык заттарды алып келүү, клетканын температурасын туруктуу кармоо, атайын клетка контрольдору сыяктуу көптөгөн жагдайлар белгилүү план менен ишке ашырылат. Жумушчу аарылар белгилүү ыкмаларды колдонуп, личинкаларды өтө кылдат карашат.

Жумушчу аарылардын личинкаларды кылдат контрольдошу


Эне аары өтө кылдаттык менен клеткаларга жайгаштырган аары жумурткалары болжол менен 3 күн ичинде өрчүйт. Бул мөөнөттүн аягында клеткалардан ак курт формасындагы аары личинкалары чыгат.1 Жумурткадан чыккан бул жандыктардын көздөрү, канаттары жана буттары жок болот. Сырткы көрүнүшү жагынан бал аарыга эч окшобойт.
Жумушчу аарылар бул жаңы төрөлгөн личинкаларды өтө кылдат азыктандырышат. Жумушчу аарылардын бир личинканы чоңоюу периодунда болжол менен 10000 жолу зыярат кылаары аныкталган.2 Личинкалар жумурткадан чыккан соң биринчи үч күн бою аары сүтү менен азыктанышат. Личинка периоду аарылардын тынымсыз азыктанып, денеси эң көп өрчүгөн периоду болуп саналат. Аары личинкалары бул периоддогу үзгүлтүксүз азыктануу натыйжасында 6 күндө баштапкы салмагынын 1500 эсесине чейин жетишет.3
Уюктагы миңдеген личинкага туура келген ошончо санда жумушчу, бакча аарылар болот. Тынымсыз кыймылдап турган бул бакча аарылар жумурткаларды жана личинкаларды эч кыйынчылыксыз контроль астында кармашат. Уюкта миңдеген аары личинкасы болгонуна жана алардын азыктануу формасынын күндөргө жараша өзгөрүп тураарына карабастан, эч башаламандык чыкпайт. Личинкалардын кайсынысынын канча күндүк экени, кайсынысынын эмне менен азыктанаары сыяктуу жагдайларда жумушчу аарылар эч жаңылышпайт.
Бул өтө таң калыштуу, себеби клеткаларда эне аары тарабынан башка башка убакта ташталган жана чоңдугу ар кандай болгон көптөгөн жумурткалар болот. Жана наристе аарылар өзгөчө личинка убагында канча күндүк экенине жараша бир азыктануу программасы менен азыктандырылат. Ошого карабастан, бакча аарылар личинкаларды багууда эч кыйынчылык сезишпейт.
Аары уюгундагы атайын даярдалган жерлерде чоңоюп жаткан личинкалардын жетинчи күнүндө таң калыштуу бир кубулуш болот. Личинка тамак жегенди токтотот жана аларды караган аарылар личинка турган клетканын оозун момдон жасалган, бир аз купол сыяктуу бир капкак менен толук жабышат.4 Ал ортодо личинка өзү чыгарган бир зат менен турган бөлмөсүнүн ичинде айланасына пилла (кокон) токуп, өзүн анын ичине «камайт».5

Аары личинкалары ушинтип куурчакча этабына өтүшөт. Куурчакча этабын тереңирээк караардан мурда пилла токулган заттын түзүлүшүнө токтоло кетүү керек.
Аары личинкалары баштарында жайгашкан эки тараптуу жибек бездери аркылуу чыгарган бул заттын өзгөчөлүгү; абага тийээр замат кыска убакыт ичинде катуулашат. Дагы бир өзгөчөлүгү болсо, курамындагы «фиброин» аттуу белок себептүү күчтүү бир бактерия өлтүрүүчү жана инфекциянын алдын алуучу касиетке ээ. Аарыларды изилдеген илимпоздор бул жандыктардын личинкалары пиллалар аркылуу микробдордон коргонот деп болжошууда.
Пилланы токууда колдонулган тор көптөгөн химиялык заттардын белгилүү өлчөмдөрдөгү аралашмасынан турат.
1-Ийкемдүү бир белок «фиброин» 53,67%. (Бул бөлүк гликоль (66,5%), аланин (21%), лейцин (1,5%), аргинин (1%) жана тирозинден (10%) турат.)
2-Желатин түзүлүшүндөгү бир белок «серицин» 20,36%. (Бул зат серин (29%), аланин (46%) жана лейцинден (25%) турат.)
3-Башка белоктор 24,43%.
4-Мом (парафин) 1,39%.
5-Май жана чайыр 0,10%.
6-Түс берүүчү зат 0,05%.6
Аары личинкалары пилла өргөн бул жибектин формуласы бүт аарыларда бирдей болот. Миллиондогон жылдан бери бүт аары личинкалары пилла токууда ушул формуладагы жибекти колдонуп келүүдө. Ошондой эле, аары личинкалары мындай татаал түзүлүштөгү затты дайыма эмес, керек болгон убакта, б.а. чоңоюу периодунда гана өндүрүп башташат. Буларды тереңирээк ойлонгондо көптөгөн суроолор туулат. Мисалы, личинкалардын денесиндеги бул химиялык зат кантип пайда болгон? Көзү, канаты, мээси жок, бир кесим эттен эч айырмасыз, али дүйнөнү эч көрө элек, кандай шарттарда жашаарын билбеген бир личинка өз башы менен чечим алып, ушундай бир нерсени жасашы мүмкүнбү? Мисалы, химиялык заттын микробдордон коргой турган формуласын личинка өзү ойлоп тапканбы? Мунун өндүрүшүн личинка өзү жасап үйрөнгөнбү? Бул химиялык затты личинканын денесине ким орноткон?
Албетте, пилланы токууда колдонулган жибекти эч кыймылдабаган, башка жандыктардын кароосунда чоңойгон, көрө албаган, уга албаган, өтө жөнөкөй жашоо функциялары гана болгон личинканын өзү жасай албайт. Муну личинка өзү жасаган деп айтуу, албетте, илимге жана акылга туура келбейт. Себеби бул «аары личинкасынын химиялык зат жасай ала турган билими бар, ал математикалык эсептерди чыгара алат» деген тыянактарды кабыл алуу деген мааниге келет. Бул болсо илимден өтө алыс бир көз-караш болот.
Бирок бул жерде басым жасала турган өтө маанилүү бир жагдай бар. Бул жандык аң-сезими бар бир жандык болсо да эч нерсе өзгөрбөйт. Себеби эч бир жандык өз денесинде болбогон бир системаны өз алдынча жасай албайт. Мисалы, адам табияттагы акылы бар жалгыз жандык болуп саналат. Бирок, анткен менен, бир адам өтө жөнөкөй формулалуу бир химиялык затты өндүрө турган системаларды да өз денесинде жасай албайт. Демек, акылы жана аң-сезими бар адамдар жасай албаган нерсени бир аары личинкасы жасай алат деп айтуу, акылга жана логикага эч туура келбейт.
«Личинка пилла өндүрүүдө колдонгон жибек кантип пайда болгон?» деген суроонун жообун берүүдөн мурда жибекти түзгөн заттарды кайрадан эстейли. Алардын бири фиброин гликоль, лейцин, аргинин жана тирозин заттарынын белгилүү катыштарда биригишинен келип чыгат. Жибекти түзгөн заттардын дагы бири серицин болсо серин, аланин жана лейциндин абдан так бир катышта биригишинен пайда болот. Аары личинкалары пилла токууда колдонгон жибектин курамындагы заттар булар менен эле чектелбейт. Мындан тышкары, жибектин курамында мом, май жана чайыр сыяктуу заттар да болот.
Көрүнүп тургандай, жибек пайда болушу үчүн көп сандагы заттар белгилүү катыштарда биригиши керек. Бир эксперимент жасап, жибекти түзгөн заттардын эң жөнөкөйүнүн өзүнөн-өзү пайда болушун күтөлү. Канча убакыт күтпөйлү, эмне гана кылбайлы эч натыйжа чыкпайт. Жана күндөр, айлар, жылдар, ал тургай, миллиондогон жылдар бою күтсөк дагы, бул заттардын бирөөсү мындай турсун, ал заттарды түзгөн атомдордун бирөөсү дагы кокустан пайда боло албайт. Демек, пилла токууда колдонулган жибекти түзгөн заттардын бүт баары кокустан пайда болушкан, жана андан соң кокустан биригип жибекти пайда кылышкан деп айтуу акыл жана логикадан толук алыстагандык болот.
Жибектин пайда болушу бир аарынын жумурткадан чыгып, уча турган абалга келиши үчүн керектүү көптөгөн механизмдердин бирөөсү гана. Личинка аарыга айланышы үчүн бүт механизмдер бир учурда, толук иштеши керек. Ар кандай кемчилик же катачылык аарынын өрчүй албашына, б.а. өлүмүнө себеп болот. Бул болсо аарылардын бара бара тукум курут болушуна алып келет. Демек, аарылар эволюционисттер айткандай убакыттын өтүшү менен өзүнөн-өзү пайда болушкан эмес, бир заматта бүт системалары менен бирге пайда болушкан. Бул болсо бизге аарылардын бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын көрсөтөт. Ал Жаратуучу бүт ааламды башкарган, улуу акыл ээси Аллах.
Аарылардын кандай өзгөчөлүктөрдө болоорун белгилеген жана алардын баарын толугу менен жараткан, личинкага кантип пилла токууну илхам кылган, кыскасы, аарылардын бүт кыймыл-аракеттерин башкарган – Аллах.


Куурчакча периоду


Жумушчу аарылар үстүнө момдон бир жапкыч өргөн соң личинка куурчакча периодуна кирет. Аары куурчакчасы клетканын ичинде 12 күн турат.7 Бул убакытта клеткада сырттан караганда эч бир өзгөрүү байкалбайт. Анткен менен, клетканын ичиндеги куурчакча тынымсыз чоңойо берет. Аары жумурткасы эне аары тарабынан клеткага ташталгандан толук үч жума өткөн соң клетканын капкагы айрылып, ичинен учууга даяр бир бал аары чыгат. Андан соң куурчакчанын сырткы бети өлүү бир кабык бойдон клеткада калат. Куурчакчадан чыккан бал аарынын болжол менен 6 жумага созула турган өмүрү ушул клетканын ичиндеги өрчүү этаптарынан өткөн соң башталат.8 Бал аары клеткадан личинкага да, куурчакчага да окшобогон, такыр башка бир жандыкка айланып чыгат. Бал аарынын акыркы этап бүткөн соң, куурчакчадан жашоосунда керек боло турган бүт системалар менен чыгышы терең ойлонула турган бир жагдай. Аарынын бүт өзгөчөлүктөрү куурчакчанын ичинде, б.а. кичинекей жабык бир жерде пайда болот. Мисалы, узун учуштарда колдоно турган өзгөчө түзүлүштөгү канаттары, кыла турган иштерине ыңгайлуу долбоорлонгон көздөрү, душмандарына каршы колдоно турган ийнеси, секреция бездери, бал момун өндүрө турган системасы, көбөйүү системасы, чаңча чогулта турган түкчөлөрү, кыскасы, бүт дене системалары толугу менен аары куурчакча периодун өткөргөн пилланын ичинде өрчүйт.
Личинканын куурчакчанын ичинде кантип бир аарыга айланаарын бир канча суроо менен карайлы. Аары жумурткаларынын куурчакча периодундагы чоңоюу этаптары эң башында кантип келип чыккан? Бул процессти ким же эмне белгилеген? Аары өзүбү, эволюционисттер айткандай кокустуктарбы, же баарынын үстүндөгү башка бир күчпү?
Бул суроолордун жообу негизи ачык көрүнүп турат. Пилланын ичиндеги жандык сыртта эмне керек болоорун билип, өзүн ошого жараша өзгөртөт деп айтуу туура болбойт. Өзүнөн-өзү ишке ашкан кокустуктар натыйжасында бир жандыкта көз, тамак сиңирүү системасы, фермент, гормон сыяктуу түзүлүштөрдүн пайда болушу эч мүмкүн эмес. Куурчакчанын ичине сырттан кийлигишүү да жасала албайт.
Куурчакча этабында аарынын бүт органдарын кемчиликсиз, дал керектүү функциялары менен бирге кокустуктар да, аарынын өзү да калыптандыра албайт. Мындай кемчиликсиз нерсени улуу кудуреттүү бир Зат гана жасай алат; Ал болсо кудурети теңдешсиз, жаратууда эч шериги жок Аллах.




ЭМГЕКТИН БӨЛҮНҮШҮ ЖАНА УЮКТАГЫ ТАРТИП


Бир уюкта 10000ден 80000ге чейин аары жашайт. Аарылардын саны көп болгону менен, иштер эң мыкты бөлүштүрүлүп, мыкты дисциплина болгону үчүн, уюктагы иштерде эч кемчилик кетирилбейт жана уюктун ичинде башаламандык да болбойт.
Аарылардын арасындагы тартип өтө таң калтырат. Ошондуктан илимпоздор уюктагы тартип кантип орнойт, иштер эмнеге карап бөлүштүрүлөт, мынчалык көп мүчөдөн турган топ кантип чогуу иш-аракет жүргүзөт деген сыяктуу суроолорго жооп издеп аарыларды өтө терең изилдешти. Алынган жыйынтыктар изилдөөчүлөрдү терең ойго салды. Өзгөчө жандыктар кокустан пайда болгон деген эволюционисттер бул жыйынтыктардан улам теорияларынын ичиндеги карама-каршылыктарды ойлонууга мажбур болушту.
Эволюция теориясынын негизги көз-караштарынын бири болгон «жашоо үчүн күрөш» түшүнүгү эволюционисттер жооп издеген карама-каршылыктардын бирөөсү гана. Эволюционисттердин ою боюнча, табияттагы жандыктардын баары өз кызыкчылыгын коргоо үчүн согушат. Ошондой эле, бул туура эмес түшүнүк боюнча, бир жандык өз урпагын улантуу каалоосу, б.а. инстинктинен улам гана балдарын багат. Ансыз да эволюционисттердин ою боюнча, жандыктардын түшүндүрүлө албаган кыймыл-аракеттеринин баарынын себеби «инстинкттер» болуп саналат. Ал инстинкттер кантип пайда болгон деген суроого болсо эволюционисттер логикага сыярлык бир жооп бере алышпайт.
Эволюционисттер инстинкт табигый тандалуу деп аталган эволюция механизми аркылуу келип чыккан бир өзгөчөлүк дешет. Табигый тандалуу «бир жандыкка пайдалуу болгон ар кандай өзгөрүүлөрдүн башкаларынын арасынан тандалып, ал жандыкта калып калышы жана натыйжада кийинки урпакка өткөрүлүшү» деген мааниге келет. Бирок мындай тандоо жасалышы үчүн бир аң-сезим жана бир чечим алуучу механизм керек болот. Б.а. бир жандык алгач бир кыймыл-аракетти жасап, анан ал кыймыл-аракеттин өзүнө узун мөөнөттө өтө чоң пайда алып келээрин түшүнүшү жана андан соң аң-сезимдүү бир чечим алып, ал кыймыл-аракетти дайыма жасачу «инстинктке айландырышы» керек болот. Бирок, албетте, мындай чечим алуучу механизм табияттагы жандыктардын эч бирине тиешелүү эмес. Өздөрүнө пайдалуу бир кыймыл-аракетти тандап улантуу мындай турсун, өздөрүнүн абалынан да кабарлары жок.
Мисалы, инстинкт темасын мурдакы бөлүмдө каралган пилла токуу мисалынын негизинде ойлонолу. Ал жерде айтылгандай, белгилүү бир убакыт келгенде, жумушчу аарылар уянын бетин жапса, личинка өзүнүн айланасына пилласын өрөт. Жана Африкада болсун, Австралияда болсун, бүт бал аарылар миллиондогон жылдан бери дал ушундай кылып келишүүдө. Башкача айтканда, бул бүт бал аарыларда болгон бир инстинкт. Аары личинкалары менен жумушчу аарылар личинкалардын өрчүшүнө эң ыңгайлуу жердин пилланын ичи экенин кантип түшүнүшкөн? Муну өздөрүнүн эсептөөлөрү жана тандоосу менен жасашы мүмкүнбү?
Мына ушул жерде эволюционисттердин чоң карама-каршылыкка түшкөнүн көрөбүз. Себеби алар айткандай бир тандоону жогору кудуреттүү бирөө гана жасай алат; аң-сезимдүү бир зат гана бул жандыктарга керектүү өзгөчөлүктөрдү жана инстинкттерди бере алат. Муну кабыл алуу болсо бир Жаратуучунун бар экенин кабыл алуу деген мааниге келет. Башкача айтканда, табияттагы кемчиликсиз долбоор Аллахка тиешелүү, жана жандыктардын «инстинкт» деп аталган бүт кыймыл-аракеттери Аллахтын аларга илхамы. Эволюционисттер да негизи бул чындыкты түшүнүшөт. Аарыдай кичинекей жана аң-сезими жок бир жандыктын мындай кереметтүү жөндөмдөргө өз эрки менен жете албашын алар да билишет. Бирок эволюционисттер Аллахтын улуу кудуретин көрүп жана өздөрүнүн көз-караштарынын ыктымалсыз экенин түшүнүп туруп, эволюция теориясын жактай беришет.
Тарыхта да мындай түшүнүктөгү адамдар жашашкан. Аз. Муса доорунда бул куттуу пайгамбар көрсөткөн апачык кереметтерди көрмөксөн болгон жана Аллахтын бар экенин танган адамдар болгон. Аллах мындай адамдардын абалын Куранда төмөнкүчө кабар берген:

Абийирлери (жүрөктөрү) кабыл алганына карабастан, зулумдук жана текебердик себебинен аларды жокко чыгарышты. Эми сен бузукулардын кандай натыйжага туш кылынганын бир кара. (Немл Сүрөсү, 14)


ЭВОЛЮЦИОНИСТТЕРДИН МОЮНГА АЛУУЛАРЫ


Илимпоздор табияттагы жандыктарды изилдегенде, бир, эки эмес, жүздөгөн, миңдеген, ал тургай, миллиондогон жандык түрлөрүнүн бири-биринен өтө айырмалуу жаратылуу далилдерин көрүштү. Жана ушул себептен «инстинкт» көз-караштарынын негизсиз экенин көп жолу моюнга алууга мажбур болушту.
Генетик Гордон Тейлордун төмөнкү сөзү эволюционисттер кабылган туюкту апачык көрсөтөт:
Инстинкттик бир кыймыл-аракет башында кантип пайда болот жана бир түрдө кантип тукум куучулукка айланат деп сурасак, бул суроого эч бир жооп ала албайбыз.9
Чарльз Дарвиндин уулу Фрэнсис Дарвин «The Life and Letters of Charles Darwin» аттуу китепте атасынын бул темадагы кыйынчылыктарын төмөнкүчө айтып берген:
Эмгектин 3-бөлүмүндө биринчи бөлүк аяктайт жана жаныбарлардын көнүмүш адаттары менен инстинкттериндеги көп түрдүүлүктөр (вариация) жөнүндө сөз болот... Бул теманын тексттин баш жагына киргизилишинин себеби – бул, инстинкттер аркылуу жүрүүчү табигый тандалуу көз-карашын ыктымалсыз деп ойлогон окурмандардын шашылыштык менен бүт теорияны жокко чыгаруусуна бөгөт коюу. Түрлөрдүн келип чыгышында орун алган «Инстинкттер бөлүмү» өзгөчө теориянын эң олуттуу жана эң ачык кыйынчылыктарын камтыган тема.10
Эволюция теориясынын инстинкттер менен байланыштуу кыйынчылыктарын Чарльз Дарвин көп сөздөрүндө мойнуна алган. Мисалы, Дарвин жаныбарлардагы инстинкттердин теориясын кулатканын Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинде төмөнкүчө айткан.
Инстинкттердин көпчүлүгү ушунчалык таң калыштуу болгондуктан, алардын келип чыгышы окурманга балким теориямды толугу менен кулатууга жетиштүү күчтө көрүнөт.11
Чарльз Дарвин башка бир сөзүндө болсо инстинкттердин өзгөрүп-өнүгө албашы жөнүндө мындай дейт:
Мобул божомол көбүрөөк ыктымалдуу көрүнүүдө. Инстинкттер түзүлүштөрдөй кылдат өзгөрүүгө кабылбайт. Китебимде да айтканымдай, инстинкт же түзүлүштүн кайсынысынын биринчи болуп сезилбей тургандай кичинекей этаптар менен өзгөргөнүн билүү дээрлик мүмкүн эмес.12
Теориянын негиздөөчүсү Дарвин жаныбарлардагы татаал жана пайдалуу кыймыл-аракеттердин табигый тандалуу аркылуу келип чыгышынын мүмкүн эмес экенин да көп жолу мойнуна алган. Бирок тантыктык болгонуна карабастан, бул көз-карашты эмне үчүн жактай бергенин болсо төмөнкүчө түшүндүргөн:
Аягында, балапан күкүктүн өгөй бир туугандарын уядан чыгарып салышы, кумурскалардын кул кылышы... сыяктуу инстинкттерди атайын тартуу кылынган же жаратылган инстинкттер катары эмес, бүт органикалык нерселердин алга жылышына себеп болгон жалпы бир мыйзамдын, б.а. көбөйүүнүн, өзгөрүүнүн, эң күчтүүлөрдүн жашашынын жана эң алсыздардын өлүшүнүн кичинекей натыйжалары катары көрүү логикалуу бир жыйынтык чыгаруу болбошу мүмкүн, бирок менин кыялдануу күчүмдү алда канча канааттандырат.13
Эволюция теориясынын жактоочулары жогорку бир Жаратуучунун бар экенин кабыл албоо үчүн ар кандай жолго барышат. Теориянын негиздөөчүсү Чарльз Дарвин жогорудагы сөзүндө инстинкттердин жаратылганын кабыл албоонун логикасыз болоорун, бирок ошентсе да кыялдануу күчүнө таянып Жаратканды тануунун өзүнө «канааттануу» алып келээрин айткан. Мындан чыккан жыйынтык жогорудагы аятта айтылган «абийирлери (жүрөктөрү) кабыл алганына карабастан, жокко чыгаруунун» апачык бир мисалы.
Чарльз Дарвин мисал келтирген күкүктөрдүн жана кул кылуучу кумурскалардын орток өзгөчөлүгү максатка ылайык бир тактика иштеп чыгуу жана ал тактикага ылайык план түзүп, аларды кемчиликсиз ишке ашыруу болуп саналат. Башка бир жандыкты алдоо үчүн тактика иштеп чыгуу, анын алсыз тараптарын таап, ичинен кыйрата турган пландарды түзүү сыяктуу өзгөчөлүктөр акыл, пландоо жана ой жүгүртүү жөндөмдөрүнөн гана келип чыгышы мүмкүн. Бирок кумурскалардын да, күкүктөрдүн да акылы жана ой жүгүртүү жөндөмү жок. Бул багытта билим алышкан эмес. Колдонгон тактикаларын башкалардан үйрөнүшкөн да эмес. Бул жөнүндө тажрыйбалары да жок. Эч кандай ойлонуу жөндөмү болбогон бул жандыктар бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге Аллах тарабынан жаратылган. Аллахтын илхамы менен акыл жана ой жүгүртүүнү талап кылган мындай иш-аракеттерди жасай алышат.


«Инстинкт» көз-карашына бал аарыдан бир сокку

Эволюционисттер канчалык көрмөксөн болбосун, табияттагы жандыктардын кыймыл-аракеттери алардын көз-караштарын четке кагууда. Бал аарылар дагы коомдук тартиби, аң-сезимдүү иш-аракеттери менен эволюционисттик көз-караштарга сокку урган жандыктардын бири.
Аары уюктарында эволюционисттер айткандай бир «жашоо согушу» эч кездешпейт. Тескерисинче, аарылар өтө жан аябастык кылышат жана бири-бири менен кызматташтыкта болушат. Уюктагы жалпы тартиптин негизинде бир салыштыруу жасоо аарылардын акылдуу, жан аябас жана тартиптүү иш-аракеттерин өз башы менен жасабашын, кокустан да пайда боло албашын түшүнүүгө жетиштүү болот.
Сан жагынан бир уюктагы аарылардын санынчалык адамдар чогуу, бир жерде жашап, ал адамдар бүт муктаждыктарын өздөрү камсыздасын деп элестетсек, аарылардын кылган ишинин канчалык маанилүү экенин жакшыраак түшүнөбүз. Бир аары уюгундагы эң төмөнкү чек болгон 20000 адам чогуу, бир имаратта жашайт деп элестетели. Тазалык, тамактануу, коопсуздук жана ушуга окшогон дагы көп жагдайда бир топ маселелер келип чыгат. Толук бир тартип эң мыкты уюштуруу жана эмгекти бөлүштүрүү натыйжасында гана түзүлөт.
Кыскасы, аарылар курган тартипти адамдардын курушу өтө көп эмгекти талап кылат. Ал эми бир аары болсо клеткасынан чыгаар замат бул тартипти кантип улантаарын, өзүнүн ишин, каерде, качан, эмне кылышы керек экенин билет. Болгондо да, бул жандыктарды башкарган, аларга эмне кылышы керек экенин айтып турган башка аарылар жок. Бул жандыктар эч таалим, тарбия да алышпайт, анткен менен өз ишин өтө дисциплиналуу жасашат. Себеби аарылар бул өзгөчөлүктөрү менен бирге Аллах тарабынан жаратылышкан. Жогоруда Нахл Сүрөсүндө да айтылгандай, Аллах аларга кыла турган ишин «илхам кылган». Караңгы бир уюкта он миңдегени чогуу жашаган аарылардын араларындагы тартипти жана кемчиликсиз дисциплинаны чексиз кудуреттүү жана илимдүү Аллах орноткон.


УЮКТУН ЭҢ ЭМГЕКЧИЛДЕРИ: ЖУМУШЧУ ААРЫЛАР



Уюктагы иштердин үзгүлтүккө учурабашында жана тартиптин камсыз кылынышында эң чоң фактор жумушчу аарылар болуп саналат. Сан көп болгону үчүн аары уюктарында жумуш өтө көп болот. Наристе аарыларды багуу, тазалык, тамактануу, азык чогултуу жана сактоо, коопсуздук сыяктуу көп иштер жумушчу аарылардын мойнунда. Эне аары сыяктуу ургаачылардан турган жумушчу аарылар клеткаларынан чыгаар замат, өтө ылдам уюктун иштерине киришет. Жумушчу аарылардын иштерин тереңирээк кароодон мурда, төмөнкүчө тизмелөөгө болот:
1. Уюктун тазалыгы
2. Аары личинкаларын жана балдарын кароо
3. Эне аары менен эркек аарыларды тамактандыруу
4. Бал жасоо
5. Аары уясын куруу жана оңдоо иштери
6. Уюкту желдетүү
7. Уюктун коопсуздугу
8. Шире (нектар, бал экстракты), гүл чаңчасы, суу, чайыр сыяктуу материалдарды топтоо жана сактап коюу.
Он миңдеген аары жашаган уюктагы тартип ар биринин өз милдетин так, толук орундатышы натыйжасында камсыздалат. Уюкта кандай тартип бар? Аарыларга иштер кантип жана эмнеге карап бөлүштүрүлөт?
Бул суроолордун жоопторун изилдеген немец илимпоз Gustav Rosch бир катар эксперименттер натыйжасында жумушчу аарылардын кылган иштеринин жаштары менен байланыштуу болоорун аныктаган. Башкача айтканда, жумушчу аарылар өмүрүнүн алгачкы 3 жумасында такыр башка башка иштерди жасашат.14 Бул периоддорду;
- Биринчи период: 1- жана 2-күн
- Экинчи период: 3-9-күндөр
- Үчүнчү период: 10-16-күндөр
- Төртүнчү период: 17-20-күндөр
- Бешинчи период: 21-күн жана андан кийинки күндөр деп бөлүүгө болот.
Негизи аарылардын кайсы ишти аткараарында бир гана жашы баарын чече бербейт. Ар бир аарынын белгилүү жоопкерчиликтери болгону менен, өзгөчө кырдаалдарда аарылар өз милдетин заматта өзгөртө алышат. Бул аары уюгундай көп мүчөдөн турган бир топ үчүн өтө маанилүү бир артыкчылык. Эгер аарылардын арасындагы иштердин бөлүштүрүлүшү ийкемсиз, катуу эрежелерге таянганда, күтүүсүз окуя учурунда колония оор кырдаалга кабылышы мүмкүн эле. Мисалы, уюкка күчтүү бир чабуул жасалганда, күчөтчү аарылар гана согушуп, калгандары өз жумушун уланта берсе, албетте, бул уюкка коркунуч туудурмак. Ошондуктан мындай кырдаалда колониянын көп бөлүгү коргонууга катышып, алгач уюктун коопсуздугу камсыз кылынат.
Негизи аарылардын бир заматта ишин өзгөртүшү медицина тармагында иштеген бир кишинин бир заматта архитектордун же инженердин жумушун жасап башташына окшошот. Бул жерде адамдарга салыштырып ойлонуп көрөлү. Ар кайсы багытта эмгектене алган адамдар мээлүү деп сыпатталат. Бир адам үчүн кадыресе көрүнүш болгон бул өзгөчөлүктөр бир аарыда болгондо, албетте, абал өзгөрөт. Себеби адамдар белгилүү тармакта билим алуу же белгилүү бир тажрыйба алуу натыйжасында ал ишти жасай алышат. Ал эми бул жерде болсо аарылар жөнүндө сөз болуп жатат. Аарылардын жөндөмү жана тажрыйбасы жөнүндө. Мунун өзүнчө бир керемет экени анык. Бул жерде мындай суроо туулат: аарылардагы тажрыйбаны жана жөндөмдү кантип түшүндүрүүгө болот? Аларга ким тарабынан берилген?
Аарылардагы мындай жөндөмдөрдүн себеби эволюция теориясын жактагандардын ою боюнча, же кокустуктар же болбосо «табият эненин» аларга бир белеги. Эволюционисттер табият же «табият эне» деп атаган күч аарыларды адис архитекторго, адис бакчага, адис бал өндүрүүчүгө айланткан дешет. Чындыгында болсо, канаттуулардан, чымын-чиркейлерден, сойлоочулардан, дарактардан, таштардан, чөптөрдөн жана гүлдөрдөн турган «табият» түшүнүгү кокустуктарды колдонуп бир аарыны жасай албайт. Бир аарынын канатын, аарылардагы уялардын баарын бирдей өлчөмдөгү алты бурчтуктардан жасоо жөндөмүн, аарылардын көбөйүү системасын, кыскасы, аарынын денесинин бир органын дагы жарата албайт. Себеби табияттын өзү дагы Аллах тарабынан жаратылган. Табиятты түзгөн бөлүктөрдүн баары бүт майда-чүйдөлөрү менен бирге Аллах тарабынан долбоорлонгон.
Аарылар дагы жер жүзүндөгү бүт жандыктар сыяктуу Аллахтын илхамы менен кыймылдашат. Кылган аң-сезимдүү иш-аракеттеринин, бүт жөндөмдөрүнүн жалгыз булагы ушул.

Жумушчу аарылардын жашоосундагы маанилүү доорлор

Биринчи доор: Куурчакча тазалагыч аарылар

Жумушчу аарылар дүйнөгө келээри менен уюктун ичиндеги иштерге жардам берип башташат. Аларга кыла турган ишин түшүндүргөн, жол көрсөткөн мугалимдер болбойт. Жумурткадан чыгаар замат акылмандык менен иш алып барышат. Ар бир аарынын милдети белгилүү. Эч башаламандык чыкпастан, он миңдеген аары толук гармонияда иштеп, уюктагы тартип кыска убакытта камсыз кылынат.
Бир жумушчу аарынын уюктагы биринчи иши – бул тазалык. Куурчакчадан чыккан аары ошол замат тазалыкты баштайт. Алгач өзүнүн клеткасынан баштап, биринчи эки күн бою куурчакча клеткаларын тазалайт. Эне аары тынымсыз жумуртка таштап турганы үчүн жаңы клеткалар керек болот. Ошондуктан бошогон клеткаларды ыкчам тазалап, жаңы жумурткаларга даярдоо зарыл. Жумушчу аары тазалай турган клетканын ичине кирип, кээде бир канча мүнөт анын ичинде болот. Клетканын бүт капталдарын жакшылап жалап тазалайт. Жумушчу аарылар алгачкы эки күнүн тазалыктан тышкары, уюкту таануу үчүн анын ичин кыдыруу менен да өткөрүшөт. Өмүрүнүн андан кийинки бөлүгүндө болсо жумушчу аарылар уюктун жалпы тазалыгынан жооптуу болушат.15

Экинчи доор: Личинка багуучу аарылар

Жумушчу аарылар өмүрүнүн 3-күнүнөн баштап личинкаларды багуу милдетин аркалашат. Муну менен байланыштуу бүт иштерди өтө кылдат орундатышат.16
Аары личинкаларын багуу башка көп жандык түрлөрүнө салыштырмалуу көбүрөөк көңүл бурууну талап кылат. Бул жерде маанилүү бир жагдай – бул личинкалардын тамактануу формасынын шарттарга жараша өзгөрүшү. Личинканын жашы, келечекте уюктун ичинде кандай иштерди аткараары сыяктуу факторлор буга таасир берет. Бакча аарылар белгилүү бир тамак тизмесинин негизинде личинкаларды багышат.
Аарылардын личинкаларды багышы личинкалардын жашына жараша эки этапка бөлүнөт.
1) Жумушчу аарылар өмүрүнүн 3-5-күндөрүн «личинкалардын үч күндүк болгондорун» тамактандыруу менен өткөрүшөт. Аларды чаңча менен балды аралаштырып жасаган «аары наны» деп аталган азык менен тойгузушат.17 3 күндүк боло элек личинкалар аары нанын сиңире албаганы үчүн, аларды башка бир тамак менен багышат.
2) Жумурткадан жаңы чыккан личинкаларга жумушчу аарылар чыгарган бир сүт түрү азык болот. Жумушчу аарылар өрчүүнүн 6-күнүнө келгенде баштарынын үстүндөгү бир жуп без ишке кирет. Бакча бези деп аталган бул органдан «аары сүтү» же «royal jelly» (энелик сүт) деп аталган бир суюктук чыгарылат. Мына ушул суюктук 1-3 күндүк аарылардын тамагы болот. Аары сүтү илимпоздорду өтө таң калтырган өзгөчө бир зат болуп саналат. Себеби бир личинканын эне же жумушчу аары болушу толугу менен жумушчу аарылар чыгарган ушул заттан көз-каранды болот. Бакчалар (няня) личинкаларды жумурткадан чыккан алгачкы 3 күндө гана аары сүтү менен багышат. Личинка, жогоруда да айтылгандай, андан соң аары наны менен тамактандырылат. Бирок эне аарылыгына кандидат личинкаларга болсо эч качан аары наны берилбейт. Эне аарыларга башкалардан айырмаланып личинка периоду бою (6 күн бою) аары сүтү берилет.18

Үчүнчү доор: Курулуш кызматкерлери жумушта


10-күндөн баштап аарылар уюктун сыртына чыгып айлана жөнүндө маалымат алышат. Бул алардын уюктан биринчи жолу чыгуусу болуп саналат. Ал ортодо жумушчулардын курсагындагы бал мому бездери өрчүп баштайт жана 12-күндө жетилип бал мому өндүрө турган абалга келет.19 Бакча бездери болсо ишин токтоткон болот. 12 күндүк болгон жумушчулар аары наристелерин тамактандырууну токтотуп, бири-бирине барабар алты бурчтуктардан турган аары уясын куруп башташат (бул тема өтө маанилүү болгону үчүн кийинки бөлүмдө терең каралат).
Аарылар уюктун (бал челектин) ичинде тынымсыз уя курууга мажбур эмес. Жашаган жери муктаждыгына жетпегенде же башка бир жерге көчкөндө жаңы аары уяларын токушат. Калган учурда бал момун көбүнчө уяны оңдоого колдонушат; бул жумуш болсо көп деле убактыларын албайт. Бул периоддо аарылар өтө маанилүү дагы үч жумушту жасашат.
Алардын экөөсү сырттан алып келинген азыктарды башка аарыларга таратуу жана уя клеткаларына сактап коюу. Аарылар бал челекке келген шире топтоочулардан балды алып, аны ачка досторуна бөлүштүрүшөт же шартка жараша бал бөлмөлөрүнө сактап коюшат.20

Уюктагы чоң тазалык

Жумушчу аарылардын кылган үчүнчү жумушу болсо – бул уюкту тазалоо. Тазалык уюктун (бал челектин) чың болушунда өтө маанилүү роль ойнойт. Бул жаштагы аарылар клеткалардан жаңы чыккан аарылардан калган бөлүктөрдү, жумушу бүткөн уя капкактарын, уюктун ичинде өлгөн аарылардын денелерин жана ушуга окшогон көптөгөн чоочун заттарды уюктун сыртына чыгарып, бал челектен бир канча метр алыска алып барып ташташат.21
Бирок эгер уюктун ичиндеги нерсе көтөрө албай турганчалык чоң болсо аны «прополис» деп аталган бир зат менен ороп салышат. Аарылар прополисти кээ бир дарактардын жабышчаак бүчүрлөрүнөн астыңкы жаактары менен кемирген чайырга ооздорунан чыккан суюктукту кошуп жасашат. Андан соң арткы буттарындагы атайын баштыктарга салып, уюкка алып келишет. Аары чайыры деп да аталган прополистин өзгөчөлүгү: анын ичинде бактерия жашай албайт.22
Аарылар прополистин антибактериалдык касиетинен эң мыкты пайдаланышат. Уюктун ичинде өлтүрүп, сыртка чыгара албаган чоң курт-кумурска, чымын-чиркейлерди прополис менен ороп, «мумиялап» коюшат.
Акыркы сүйлөмдү тереңирээк ойлонуп окуганыбызда таң калыштуу жагдайларды көрөбүз. Аларды жакшыраак түшүнүү үчүн аарылардын прополисти колдонуу ыкмасын жана жасаган иштерин кезеги менен ойлонолу.
Эң биринчиден, аарылар бир жандык өлгөндө денесинин бузулаарын жана андан чыккан заттардын уюктагы жандыктарга зыян тийгизиши мүмкүн экенин билишүүдө. Мындан тышкары, бузулуунун алдын алуу үчүн өлгөн жандыкка карата атайын бир химиялык чара көрүү керек экенин да билишет. Мумиялоо иш-чарасы үчүн болсо бактерия жашай албай турган бир затты, б.а. прополисти колдонушат.
Бул жерге чейин айтылган маалыматтардын негизинде ой жүгүртүп, төмөнкүдөй суроолорду узаталы: аарылар бир жандыктын денесинин бузулаарын жана анын зыяндуу таасирлерин кантип жок кылууга болоорун кайдан билишет? Болгондо да, буларды билип эле тим болбой, прополис деген бир затты колдонууга кантип баштары жеткен? Аарыларга муну ким үйрөткөн? Бул затты аарылар кантип табышкан? Анын формуласын кантип таап, кантип аны өндүрүп башташкан? Бул формуланы башка колония мүчөлөрүнө жана алардан кийин келген урпактарга кантип өткөрүшкөн?
Мумиялоо процесси, антисептик заттын курамы жана өндүрүшү же каерлерде колдонулаары сыяктуу жагдайларды аарылардын биле албашы жана өз денелеринде муну өндүрө турган бир системаны өздөрүнүн жасай албашы анык. Булардын баарына аарылар өз акылы менен жете албайт. Ар бир этабы белгилүү бир акылды жана илимди талап кылган мындай иштерди аарылар кокустан билип калышкан да эмес. Себеби кокустуктардан пландуу жана акылдуу иш-аракеттер келип чыкпайт.
Булар бүт бул иштердин кантип жасалаарынын аарыларга башка бир Акыл тарабынан үйрөтүлгөнүн көрсөтөт. Бул маалыматтардын баары аарыларга бүт нерсенин Жаратуучусу Аллах тарабынан илхам кылынат. Жер жүзүндөгү бүт нерселер сыяктуу аарылар да Малик (бүт ааламдын ээси жана чыныгы өкүмдары)- Аллахка моюн сунушкан:

Чыныгы Малик Аллах өтө Улуу, Андан башка кудай жок; (Ал) Керим, Арштын Рабби. (Мүминун Сүрөсү, 116)



Прополистин башка максаттарда колдонулушу

Аары чайыры (прополис), мындан тышкары, уя курууда да колдонулат. Аарылар уядагы жарака жана тешиктерди ушул зат менен жамашат. Ошондой эле, температура өтө жогору болгон кээ бир вулкандык аймактарда (Италиянын түштүгүндөгү Салерно аймагы сыяктуу) уялар ээрибеши үчүн уянын чийки заты болгон бал момуна чайырдан кошуп, бал момунун чыдамкайлыгын өстүрүшөөрү да байкалган.23
Уюктун ичинде ар кандай тармактарда колдонулган прополисти чогултуу жана жеткирүү сыяктуу иштерде аарылардын арасында эмгек толук бөлүштүрүлгөн. Прополис алып келген аарынын уюкка кайтышы чаңча алып келген аарыныкынан айырмаланат. Чаңча алып келген аары жүгүн коюу үчүн бош бир клетка издейт. Прополис алып келген аары болсо ал зат керек болгон курулуш аянтына барып, алып келген затын башка аарыларга көрсөтөт. Жумушчулар прополис керек болгондо, анын жанына барып, керектүү көлөмдөгү затты баштыктын ичинен алышат. Аны бал момуна аралаштырып, жабышчаак клейге айландырышып, курулуш иштеринде колдонушат. Бул жерде таң калыштуусу: прополис алып келген аары курулуш иштерине аралашпай, курулуш жасап жаткан курбуларынын андан жүктү алышын күтөт.24 Аары колонияларындагы ар бир мүчөнүн белгилүү бир жумушу бар. Бүт баары өз жумушун жасайт жана бир жумушта кемчилик болгондо гана башка аарылар ал ишке көмөк көрсөтүшөт. Ошондуктан аары чайырды чогултуу, жамоо же мумиялоо, мумиялаганын сыртка чыгаруу сыяктуу иштердин баарын жасабайт. Уюктагы жумушчу аарылардын баары бул иштердин баарын жасай ала турган жөндөмдө болгонуна карабастан, өз жумушун гана эң мыкты жасап, башка иштерди ал иштер тапшырылган курбуларына калтырышат.
Жумушчу аарылардын жашоосун изилдөөдө өтө маанилүү бир жагдайды унутпаш керек. 5-6 жумалык өмүрүндөгү жумушчу аарылардын жасаган иштеринин өзгөрүшү толугу менен денелериндеги өзгөрүүлөргө байланыштуу болот. Кээ бир бездер ишин токтотсо, башка жаңы бездер пайда болуп, башка бир кызмат үчүн иштеп баштайт. Мисалы, аарылардын уя жасоо доорунда бал мому бездери өрчүйт, бала бакчалык доорунда болсо личинкалар үчүн азык өндүрүүчү бездери өрчүйт. Күзөтчүлүк доору келгенде болсо жумушчу аарылардын денелериндеги секреция бездери бир заматта уу чыгарып баштайт. Эгер бездердин өрчүшү туш келди болгондо, көптөгөн маселелер жаралмак; аныгыраагы, кокустуктардын натыйжасында мындай тартиптүү система эч качан келип чыкмак эмес. Мисалы, личинканы азыктандыруу доорунда жумушчу аарылардын денесинен аары сүтүнүн ордуна уу чыгарылышы мүмкүн эле. Натыйжада личинкалардын баары өлүп, аарылар тукум курут болушмак. Бирок аарылардын жасаган кызматтарынын өзгөрүшүндө эч маселе чыкпайт. Баары өтө контрольдуу, кемчиликсиз тартип менен ишке ашат.
Жумушчу аарылардын кызматы өмүрүнүн төртүнчү доорунда дагы бир жолу алмашат.

Төртүнчү доор: Уюк күзөтчүлөрү

Аарылар өмүрүнүн төртүнчү доорунда уюктун кире беришинде күчөтчүлүк кылышат. Денелеринде бир өзгөрүү болот; ийне бездери өрчүп, уу чыгарып баштайт. Мына ушул аарылар уюктун (бал челектин) кире беришинде күзөттө туруп, чакырылбаган коноктордун ичкери киришине бөгөт болушат. Келген жандыктардын баары –аарылар дагы- дарбазадагы күзөтчүнүн текшерүүсүнөн өтүп ичкери кире алат. Күзөтчү аары ордунан жылаар замат башка бир жумушчу аары келип, күзөттү колуна алат.25
Аарылардын уюктагы күзөтчүлүгүн бажылардан кирүүгө аракет кылгандарга карата жүргүзүлгөн текшерүүгө салыштырсак болот. Бир өлкөнүн чек ара коопсуздугу өтө маанилүү. Ошондуктан көптөгөн коопсуздук чаралары көрүлөт. Ошол сыяктуу эле, уюктардагы коопсуздук чаралары да өтө катуу. Күзөтчү аарылар бал челекке (уюкка) чоочундарды эч качан киргизишпейт.
Бүт аарылар сырткы көрүнүшү жагынан бири-бирине өтө окшош болгону менен, уюкка кирген чоочун аарылар заматта таанылат. Аарылар кантип чоочун аарыларды айырмалай алат деген суроону изилдеген илимпоздор таң калыштуу жыйынтыктарды алышты. Аарылардын бири-бирин таанышындагы эң негизги фактор – бул уюктун жыты. Ар бир аары колониясынын өзгөчө, башка уюктардан аларды айырмалоочу бир уюк жыты болот. Аарылар бири-бирин ушул жыт аркылуу айырмалашат. Жыты уюктукунан башкача болгон жандыктар уюк үчүн кооптуу деген мааниге келет. Ошондуктан уюкка тиешесиз жандыктардын баары, ким гана болбосун, кире бериштеги күзөтчүлөрдүн чабуулуна туш болот.
Башка бир уюкка кирүүгө аракет кылган аарыларды жыты башкача болгону үчүн күзөтчүлөр заматта таанып, уюктан сыртка чыгарып салышат же өлтүрүшөт.
Чоочун бир жандык уюктун эшигине келгенде, күзөтчү аарылар катуу каршылык көрсөтүшөт. Уюкка тиешесиз экени аныкталган чакырылбаган конокко каршы күзөтчүлөр уулуу ийнелерин колдонушат. Күзөтчү аарылардын биринчи чабуулунан көп өтпөй көбүнчө башка уюктун мүчөлөрү да чабуулга кошулушат.
Уюктагы массалык чабуулга чоочун жандыкка кол салган күзөтчү аарынын ийнесинен чыккан жыттуу бир химиялык зат сигнал берет. Кээде чабуулду баштоочу жыттардан тышкары, аарынын чабуулга мүнөздүү турушу жана учуу абалы да уюктагы башка аарыларга сигнал болот. Коңгуроо сигналы тараган соң жүздөгөн аары уюктун кире беришине чогулат. Күзөтчү аарыдан чыккан жыт канчалык күчтүү болсо, аарылар ошончолук катуу толкунданып, катуу чабуул коюшат.26
Аарылардын бири-бирин түшүнүшүндө өтө чоң роль ойногон мындай өзгөчө жыттар аарылар биринчи пайда болгондон бери колдонулуп келүүдө. Аарылар Аллах алар үчүн жараткан өзгөчө долбоорлуу денелеринде бул жыттарды өндүрүү аркылуу өз ара байланыш куруп келишүүдө.


Жумушчу аарылардын жан аябастыгы

Күзөтчүлүк милдетин аткарган бул доордо жумушчу аарылар негизи өз өмүрлөрүн рискке салышат. Себеби душманга кол салган аары ийнесин кайра тартып ала албаса, өлүм коркунучуна кабылат. Бал аарылардын ийнесинин бир кирпинин тикениндей кичинекей октору болот. Мындай түзүлүшүнөн улам ийне көп жаныбардын этинен кайра чыкпай калат. Күзөтчү аарылар ийнесин башка бир аарыны же кээ бир жаныбарларды чакканда гана кайра чыгара алышат жана өздөрүнө мындан зыян келбейт. Бирок өзгөчө адамдарды чаккан соң учууга аракет кылып жатканда аарылардын ийнелери чаккан жеринде калып калат жана аарынын курсагынын арткы тарабы айрылат. Курсактын айрылган бөлүгүндө уу бези жана аны башкаруучу нервдер жайгашат. Ички органдардын жабыркашы натыйжасында аары өлөт. Өлгөн аарыдан бөлүнүп калган уу безинин дагы бир өзгөчөлүгү болсо: ал, аарынын денесинен бөлүнүп калганы менен, чаккан жандыктын жараатына белгилүү убакытка чейин ууну айдай берет.27

Уюкту коргоо бүт колония үчүн өтө маанилүү бир жоопкерчилик. Күзөтчү аарылар болсо бул жоопкерчиликти өз өмүрлөрүн коркунучка салып орундатышат. Уюктагы аарылардын баары убактысы келип күзөтчүлүк кызматын алганда, дал ушундай кылып, өз жанын аябай уюкту коргойт.
Аарылардын мындай жан аябастыгы эволюция теориясын жактагандардын табиятта бир «жашоо үчүн согуш» бар, ар бир жандык өзүнүн урпагын улантууну гана көздөйт деген көз-караштарын жокко чыгарат.

Аарылардын жан аябастыгынын чыныгы себеби

Эволюция теориясынын «жашоо үчүн күрөш» гипотезасы боюнча жаныбарлардагы жан аябастыкты такыр түшүндүрүүгө болбойт. Эволюционисттердин ою боюнча, жандыктар өздөрүн коргоо жана тирүү калуу үчүн күрөшүшөт. Анткен менен табиятты согушкан жандыктардан гана турат деп айтканга болбойт. Себеби жандыктардын арасында көмөктөшүү, жан аябастык сыяктуу кыймыл-аракеттер көп кездешет. Мындайда кээ бир эволюционисттер жандыктар бүт түрдүн урпагы уланышы үчүн өз жандарынан кечишет, б.а. мындан бир кызыкчылык күткөнү үчүн жан аябастыкка барышат дешет. Албетте, бул көз-караш көптөгөн карама-каршылыктарды камтыйт.
Мисалы, күзөтчү аарылар көбүнчө алардан бир топ көлөмдүү болгон чоң аарыларга эч ойлонобой кол салып, согушушат. Аарылар муну өздөрүн ойлоп жасашат жана мындан бир кызыкчылык күтүшөт деп айтуу кээ бир суроолорду пайда кылат. Аарылар «колониядагы наристе аарыларды коргоюн» деп ушундай кылабы? Аарылар өткөн учур жана келечек сыяктуу түшүнүктөрдү билип, келечекти ойлоно алышабы? Жумушчу аарылардын уюкту коргоп жатып өлүшү ага кандай пайда алып келет?
Албетте, аарылар акыл жүгүртүп, ойлоно алышпайт. Аарылар мындан эч кандай кызыкчылык да күтпөйт. Ансыз да, бир кызыкчылык күткөн болсо, өз өмүрүн коркунучка салышынын эч бир мааниси болбойт. Күзөтчү аарылар уюкту коргоо кызматы аларга тапшырылганы үчүн гана ушундай кылышат.
Эч акылы жана аң-сезими жок жандыктардын бир план түзүп, ошого жараша кыймыл-аракет жасашы, бири-бирине көмөктөшүшү, жан аябастыкка барышы кокустан келип чыкчу нерселер эмес. Булар ал жандыкка үйрөтүлгөн, башкача айтканда, Аллах тарабынан илхам кылынган болушу керек.
Бул китепте каралып жаткан аарылар дагы жер жүзүндөгү башка жандыктар сыяктуу Аллахтын илхамы менен кыймылдашат. Ааламдагы бүт жандыктар, аттар, куштар, курт-кумурска, чымын-чиркейлер, дарактар, гүлдөр, кабыландар, пилдер Аллахка моюн сунушкан. Бүт кыймыл-аракеттерин Аллахтын илхамы менен жасашат. Аллах Худ Сүрөсүндө жандыктардын үстүндөгү өкүмдарлыгын бизге төмөнкүчө кабар берет:

... Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт). (Худ Сүрөсү, 56)

Бешинчи доор: Азык чогулткуч аарылар


Жумушчу аарылардын өмүрүнүн акыркы доорундагы кызматы болсо – бул азык чогултуу. Керектүү бүт азыктарды гүлдөрдөн топтогон чаңчалар менен бал ширесинен (нектар) алышат. Чаңча белокко бай бир зат болсо, шире бир жагынан энергия булагы, экинчи жагынан болсо балдын негизги заты болуп саналат. Аарылар кышында азык таба албаганы үчүн уюктарына бал жыйнап коюшат. Кыш үчүн өзүнчө чаңча жыйнашпайт, жаан-чачындуу күндөрү колдонуу үчүн наристе аарыларга жетиштүү көлөмдө гана чаңча чогултулат.28
Аарылар гүлдөрдөн чогулткан чаңчаны түздөн-түз колдонушпайт, «аары чаңчасы» же «аары наны» деп аталган бир затка айландырышат. Муну гүлдөрдөн чогултулган чаңчаларга шире менен бирге кээ бир ферменттерди кошуу аркылуу алышат. Алынган бул зат азык катары гана колдонулат.29

Чаңча жана шире чогултуу милдети 21 күндүк жумушчу аарыларга жүктөлөт. Бул этапта бал момун жасоочу мом бездери мом чыгарууну токтотот. Жумушчу аарылар уюктун сыртына чыгып жаңы жана кооптуу кызматка киришишет. Гүлдөрдүн арасын кыдыруу иши кооптуу, себеби аарылардын бүт душмандары (жөргөмүштөр, ийнеликтер сыяктуу) сыртта. Ошондой эле, аарылар уюк менен азык булагынын арасында тынымсыз учканы үчүн бул иштен абдан чарчашат. Учуу булчуңдары чарчаган аарылар көп өтпөй өлүшөт.
Аарылардын денеси чаңча жана шире чогултуу үчүн долбоорлонгон атайын системалар менен жабдылган. Аарылар ширени бал баштыгына толтуруу үчүн жутушат. Чаңчаларды болсо ширедей жутушпайт, арткы буттарынын капталдарына топ-топ кылып жабыштырып, уюкка жеткиришет.

Аарылардын чаңча баштыктары

Аарылардын арткы буттарынын сырткы тарабы кичинекей оюк кылып долбоорлонгон. Денелеринин бул бөлүгү чаңча ташый турган бир кашык сыяктуу көрүнүшкө ээ. Мындан тышкары, буттарынын айланасында узун түктөр бар. Бул бөлүк «чаңча баштыгы» деп аталат. Аарылардын курсагынын астыңкы тарабын болсо толугу менен жумшак түкчөлөр каптап турат. Гүлдөн чаңча чогултуп жатканда булардын бетине дагы гүл чаңчалары жабышат. Жумушчу аарылардын буттарындагы щеткага окшогон түкчөлөр болсо курсактарынын астына жабышкан гүл чаңчаларын сүрүп, аларды чаңча баштыгына чогултат.30
Азык чогултуу убактысы келген бир бал аары учууга чыгаардан мурда энергия алуу үчүн курсагын белгилүү көлөмдө бал менен толтурат. Мындан тышкары, чогулткан чаңчаларды баштыкка жайгаштыруу үчүн дагы курсагындагы ушул балдан колдонот. Чаңча чогулткан аары гүлдүн эркектик органынын үстүнө конгондо, ал жердеги чаңчаларды ээги менен алдыңкы буттарын колдонуп казат жана аларды жабышчаак абалга алып келүү үчүн курсагындагы бал менен нымдаштырат. Аары бул жумушту жасап жатканда чаңчалардын бир бөлүгү денесиндеги түктөрдүн арасына жабышат. Ошондуктан аарынын көрүнүшү кээде унга булангандай болуп калат.


Чаңчаларды баштыкка сүрүү жумушун –бул процессти шыпыруу деп койсо да болот- аары учуп баратып жасайт. Бир гүлдөн башка бир гүлдү көздөй учуп баратып бир тараптан арткы бутундагы щеткасы менен денесине жана арткы бутуна жабышкан чаңчаларды бир жерге чогултат. Анан экинчи бутун да ушундай кылат. Башкача айтканда, аары бир оң, бир сол бутун колдонуп чаңчаларды чогултуп, бутунун арткы тарабында жайгашкан баштыкты көздөй түртөт. Ушинтип чаңчалар чогулат. Аары бул жумушту баштыкча толгонго чейин улантат. Эң аягында ал жерде чоң, тыгыз бир гүл чаңчасы тобу пайда болот жана аарынын чаңча баштыгы толгон болот. Чаңчалар түшүп калбашы үчүн аары кээ-кээде буту менен баштыкчаны сырт тарабынан уруп, чаңчаларды баштыкка жакшылап жайгаштырат да, уюкту көздөй жолго чыгат. Уюкка барганда болсо чаңчаларды атайын бөлүнгөн чаңча клеткаларынын бирине жайгаштырат.31


Көп курт-кумурска, чымын-чиркейлер гүлдөрдөн чаңча ташышат, бирок эч бири аарылардай жакшы натыйжа ала алышпайт. Мунун эң негизги себеби аарылардын чаңча чогултууга өтө ыңгайлуу дене түзүлүшү болуп саналат. Чаңча чогултуу иши көп жумушту талап кылат, себеби аары көпкө иштеп чогултуп уюкка алып келген чаңча пакети бир жуп гана болот. Бир уюктун көзүн чаңча менен толтуруу үчүн болсо орточо 20 жуп чаңча пакети керек болот. Бул аарылар эч тынымсыз кыймылдашы керек деген мааниге келет.32
Аарылар гүлдөрдөн эки башка зат чогултушат. Бул эки заттын курамы да, топтоо ыкмасы да, колдонулчу чөйрөлөрү да бири-биринен абдан айырмаланат. Гүлдөрдөгү ширени чогултуу үчүн аарылар чаңча ташуу үчүн колдонгондон башка бир системага муктаж болушат. Себеби гүлдөрдүн түзүлүшүнө жараша ширенин жайгашкан жери да өзгөрөт. Кээ бир гүлдөрдүн ширелери гүл жалбырактарынын бетинде ачык көрүнүп турат жана бул аймакка чымын-чиркейлер оңой эле жете алышат. Бирок кээ бир гүл түрлөрүнүн ширелери болсо жетүү кыйыныраак болгон, гүлдүн түтүк сыяктуу созулган түп жагында жайгашат. Ошондуктан чымын-чиркейлер терең сүңгүп, ширени гүлдүн ошол бөлүгүнөн чыгарышы керек болот.
Бул жагдай көп чымын-чиркейге маселе жаратса, аарыларга эч көйгөй туудурбайт, себеби аарылардын тереңдеги бал ширесине жетишине шарт түзгөн түтүк формасындагы «proboscis» (тумшукча) деп аталган бир органы бар. «Proboscis» аарынын гүлдөрдөн оңой шире чогултушуна шарт түзөт. Ошондой эле, бал жана суу сыяктуу заттарды да ушул органы аркылуу чогултушат. Узун бир тумшук деп атоого боло турган «proboscis» аарылардын өз ара азык алмашышында да роль ойнойт. Бул орган, ошондой эле, эне аарынын чыгарган секрециясын жалап, башка аарыларга өткөрүүдө да колдонулат. Жумушчу аарылар бул «тумшукчасын» колдонбогон кездерде ооздорунун ылдый жагындагы боштукка «z» тамгасына окшош формада бүктөп коюшат. Шире, чаңча же суу топтогулары келгенде болсо кайра чыгарышат.33
Аары бир гүлгө конгондо шире тамчылары алгач соруу шлангынан, андан соң кекиртектен өтүп «бал ашказаны» деп аталган бөлүккө барат. Аарылар бул жерге бал ширесинен көтөрө алышынча топтогон соң уюкка кайтышат. Бал аарылар сыйымдуулугу болжол менен 50 мм3 болгон  бал баштыгын ширеге толук толтуруу үчүн 100-150 гүлдү зыярат кылышы керек болот.34
Аарылардын арасындагы иштерди бөлүштүрүү ширени топтоо жана жайгаштыруу иштеринде да байкалат. Шире алып келген аары аны клеткаларга жайгаштырууга эч убакыт коротпойт. Анын ордуна, жайгаштыруу милдетин аткарган аарыларга ширени ооз аркылуу өткөрүп берет. Ашказанында өзүнө энергия бере турганчалык көлөмдө бал калтырып, кайра азык булагын көздөй учат. Ширени алган аары болсо шартка жараша ширени башка аарыларга берет же кампага салат. Бул уюктагы аарылардын ошол учурдагы азык муктаждыгынан көз-каранды болот.35



Башка кызматтар...

Бал аарылар азык чогултуп баштап, жетилген соң бүт иштерди жасай алышат. Бул үчүн аарылардын 3 жумалык болушу жетиштүү.
Жогоруда аарылардын чоңоюу доорунда денелеринде ар кандай өзгөрүүлөрдүн болоорун жана ошол өзгөрүүлөргө жараша уюктун ичиндеги аткарган кызматтарынын өзгөрөөрүн айткан элек. Аарылардын денелериндеги белгилүү периоддордогу мындай өзгөрүүлөр артка кайтпас өзгөрүүлөр эмес. Уюктагы муктаждыкка жараша аарылардын органдары мурдакы функциясына кайра ээ боло алат. Мисалы, бир кол салуу же бир өрттүн натыйжасында уя бузулган болсо, аны оңдоо үчүн бал мому өндүрбөй калган, жетилген аарылар бал мому өндүрүп башташы мүмкүн. Ошол сыяктуу, личинкаларды тамактандырууда бир кемчилик болуп жатса, бакчалык (няня) кылып жаткан аарылардан башка аарыларда да бакча бездери иштеп башташы ыктымал. Мындан тышкары, бал запасы жетишсиз болгондо көбүрөөк аары шире чогултууга чыгышы мүмкүн же уюкту шашылыш түрдө салкындатуу керек болсо, башка аарылар кылып жаткан иштерин таштап коюп бул ишке киришиши мүмкүн. Уюк катуу чабуулга туш болгондо, аарылардын көпчүлүгү коргонууга катышат жана жүздөгөн жумушчу аарылар уюктун кире беришине чогулуп, чабуул чогуулай артка кайтарылат.36 Кыскасы, ар бир аары ошол учурда уюкта кандай муктаждык жаралганын жана ошого жараша каерде, эмне кылуу керек экенин өтө жакшы билет. Буга чейин айтылгандардан да көрүнүп тургандай, аарылардын бүт кыймыл-аракеттеринде бир «аң-сезим, акыл» бар. Аарылар өз милдеттерин абдан ийгиликтүү орундатышат.


Бул маалыматтардын негизинде ойлонгонубузда өтө маанилүү бир жыйынтыкка келебиз. Аарыларды бүт өзгөчөлүктөрүнө (кыймыл-аракеттерине жана дене түзүлүшүнө) өз эрки менен же кокустан жетип калган деп айтуу акылга, логикага жана илимге туура келбейт. Аарылардын баарынын бир учурда бирдей кыймыл-аракет жасашы, уюктагы тартиптин аарылар алгач пайда болгон кезден бери эч өзгөрбөй уланып келе жатышы сыяктуу жагдайлар аарыларды бир акылдын башкарып тураарын көрсөтөт. Аарыларга маалыматтардын баары жогорку бир акыл тарабынан берилүүдө. Аарыларга эмне кылышы керек экенин, кайсы доордо кандай иштерди кылаарын илхам кылган бул акылдын ээси – чексиз илимдүү Аллах. Аллах бүт нерсени бир тартип менен жараткан.

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)

Уюктагы температураны жөнгө салуу

Кээ бир жандыктар жашаган жеринин температурасын жөнгө салууда өздөрүнүн дене жылуулугун колдонушат. Денесинин жылуулугу менен мындай жөнгө салууну жасай алгандар – бул сүт эмүүчүлөр менен канаттуулар. Башка көп жандыктардын (кескелдирик, жылан, бака, балык, үлүл, сөөлжан, омар, чымын-чиркей, курт-кумурска ж.б.) дене температуралары болсо жашаган аймагынын температурасына жараша өзгөрөт.
Бул маалыматтар эске алынганда аары уюктарындагы 35°Cлик өзгөрбөгөн температура таң калтырат. Себеби аарылар дагы дене температурасын өзгөртө албаган жандыктардын бири. Ошондуктан уюктун ичиндеги температураны дене температуралары менен тең салмактай алышпайт. Бирок кыймылдарынын натыйжасында келип чыккан жылуулук менен уюктагы температураны тең салмакта кармашат.37 Жумушчу аарылардын уюктун ичиндеги эң негизги кызматтарынын бири уюктагы температураны жөнгө салуу болуп саналат. Бал аарылар жашаган чөйрөсү (дарактын коңулу, таштардын арасы ж.б.) менен сырттын температурасы кандай гана болбосун, уюктагы температураны дайыма жөнгө салып турушат. Жаздын аягынан күзгө чейин уюктун температурасы 34,5°C-35,5°C арасында кармалат. Бал аарылар температуранын өзгөрүшүнөн таасирленүүчү жандыктар болуп саналат. Бал момун өндүрүү, балдын жасалышы сыяктуу процесстердин баары белгилүү бир температурада ишке ашат. Уюктагы температуранын өзгөрүүсү эң көп наристе аарыларга таасир тийгизет. Ошондуктан куурчакча бөлмөлөрүнүн температурасына өзгөчө көңүл бөлүнөт. Күндүзгү температура өзгөрүүлөрүнө жараша аарылар уюктун жылуулугун кармоо үчүн ар кандай чараларды көрүшөт. Мисалы, аба салкыныраак болгон жаңы таң аткан кезде жумушчулар уюктун айланасына жыйылып, денесинин жылуулугу менен жумурткаларды жылытышат. Акырындап аба жылыган сайын жыйылган аарылар да бир-бирден тарап башташат. Эгер температура көтөрүлө берсе, жумушчулардын бир бөлүгү температураны төмөндөтүү үчүн канаттарын желпимедей (вентилятор) кыймылдатып башташат. Абанын агымын бал челектин кире беришин жана уюктардын бетин көздөй багыттап уюктун температурасын төмөндөткөнгө аракет кылышат.
Өтө ысык күндөрү болсо аарылар күчтүүрөөк бир салкындатуу ыкмасын колдонушат. Азык чогултуучу аарылар уюктун температурасы өтө жогорулаганда чаңча же ширенин ордуна, уюкка жакын жердеги суулардан суу тамчыларын алып келип, аны куурчакча клеткаларынын үстүнө чачышат.38 Андан соң канаттары менен аба агымын пайда кылып, ал тамчылардын ичиндеги сууну буулантышат. Мындай салкындатуу системасынын натыйжасында уюктун температурасы кыска убакытта мурдакы абалына кайтат.39 Бул боюнча жасалган бир экспериментте температура 50°Cге көтөрүлгөн бир күндө бал челек күнгө чыгарылып коюлган жана аарылардын жакын жердеги бир булактан тынымсыз суу алып келип уюктун ичиндеги температураны болжол менен 35°Cде туруктуу кармаганы байкалган.
Аарылар кышында жылынуу үчүн болсо жайында уюкту салкындатууда колдонгон ыкмага окшош бир ыкманы колдонушат. Уюктун жылуулугу төмөндөгөндө аарылар алгач бири-бирине өтө жакын туруп жыйылышат. Калыңдыгы сууктун күчүнө жараша 2,5 сантиметрден 7,5 сантиметрге чейин жеткен бул аары жыйындысы бир кабыктай болуп уюкту оройт. Негизги топко кирбеген аарылар ич тарапта болот жана бири-бирине жакын болгону менен сырттагылардай жабышып турушпайт. Бул аарылар тынымсыз кыймылдап сырттагы аарылар үчүн жылуулук чыгарышат. (Ар бир аарынын 10°C температурада, мүнөтүнө 0,1 калория жылуулук чыгара алаары аныкталган.) Аарылар көбүрөөк жылуулук алуу үчүн көбүрөөк кыймылдашат. Сырттагылар болсо бүрүшүп денелерин суукка азыраак тийгизишет. Топтун сыртындагы аарылардын курсактарындагы азыгы белгилүү убакыттан кийин түгөнөт. Ошол себептен эми ич тараптагы аарылар менен беркилер орун алмашышат. Аарылардын мындай орун алмашуусу жылуулук белгилүү деңгээлге жеткенге чейин уланат.40 Аарылар бул ыкманы колдонуу аркылуу абанын температурасы -30°Cге төмөндөгөндө дагы уюктун температурасын болжол менен 35°Cде кармай алышат.41
Көрүнүп тургандай, уюктун температурасын жөнгө салууда аарылар өтө натыйжалуу жана ыңгайлуу ыкмаларды колдонушат. Бул жерде аарылар мындай чараларды кантип ойлоп табышкан жана уюктун температурасын кантип так аныкташат деген суроолор жөнүндө ойлонуу керек. Бир кичинекей жандыктын температураны мынчалык так өлчөй алышы өтө таң калтырат.
Эң биринчиден, температураны өлчөө үчүн аарынын денесинде бир температура өлчөгүч болушу шарт. Анда термометрдей тактыктагы бул орган аарынын денесинде кантип пайда болгон деген суроого жооп берүү керек болот. Аарыларда мындай система кокустан пайда боло албайт жана уюктун жылуулугунун канча градус болоорун, жылуулукту кантип кармоого болоорун аарылар кокустан билип кала алышпайт, демек булардын баарын аарыларда жараткан бир күч-кудурет бар.
Аарылар булардын баарын өздөрү кыла алышпайт. Аарылардагы температураны өлчөөчү системанын планы жана анын денелерине жайгаштырылышы, уюкту качан жана кантип жылытып-салкындатаары сыяктуу маалыматтарды аарылар өз алдынча таба алышпайт.
Булардын баары бизди бир гана жыйынтыкка алып барат. Аарыларга жасаган кыймыл-аракеттеринин баары Жаратуучубуз, улуу кудуреттүү Аллах тарабынан илхам кылынууда. Алардагы системалардын долбоору болсо теңдешсиз чеберчилигин бизге жараткан жандыктары аркылуу көрсөткөн Аллахка тиешелүү.


Жумушчу аарылардын өлүмү

Колониянын бүт жүгүн аркалаган жумушчу аарылар туулгандан баштап эч тынымсыз иштешет. Мындан улам уюктан чыгып азык чогултуп баштаган соң 3-4 жумадай гана жашай алышат.
Жумушчу аарылардын өлүмүнө себеп болгон факторлордун эң башында азык издөө жумушу турат. Бул оор жумуштун натыйжасында аарынын тамактануу жана бал мому бездери жабыркайт. Мындан тышкары, жумушчу аары түктөрүнөн ажырайт жана аягында (жалпысынан болжол менен 800 км учкан соң) учуу булчуңдары да түгөнөт. Жумушчу аарылар көбүнчө уюктан алыста, жумуш кылып жатып өлүшөт.42
Күзүндө жумурткалардан чыга турган жаңы индивиддер колонияны карашат. Бул аарылар кышында туулганы үчүн уюктун сыртына чыгышпайт жана алардан мурдакы аарылар жыйнап койгон азыктарды жешет.
Колонияны түзгөн аарылардын өмүрү кыска болгону менен, колониялар абдан узун жашашат. Бир колония (токойдун өрттөнүшү жана кургакчылык сыяктуу өзгөчө кырдаалдардан тышкары) 20 жыл же кээде андан да көпкө жашай алат.

Аарылар бир заматта пайда болушкан

Аарылардын жашоосун карап жатканда, уюктагы бүт жумуштардын саны орточо 40-80 миңден турган аарылар тарабынан жасалаарына жана ошого карабастан уюкта эч башаламандык жана тартипсиздик чыкпашына өзгөчө көңүл буруу керек. Аарылардын саны ушунчалык көп болгонуна карабастан, личинкалар да ач калбайт, коргонууда да кемчилик кетпейт жана эне аарыга да өз убагында кызмат көрсөтүлөт. Аарылар өмүрүнүн бүт этаптарында өтө акылдуулук менен, ар бир ишин эң ийгиликтүү орундатышат.
National Geographic Society тарабынан жарыяланган «The Marvels of Animal Behaviour» аттуу китепте жумушчу аарылардын иш-аракеттери төмөнкүчө баяндалат:
Жумушчу аарылардын кыймыл-аракеттери өтө акылдуу жана максатсыз кыймылдашпайт. Мисалы, бир аары жаңы жумурткалар үчүн клеткаларды даярдап жатканда, экинчиси эне аарыга кызмат көрсөтүү үчүн уюктардын арасында жүрөт, үчүнчүсү бал чогултат, дагы бири болсо уюктун эшигинде күзөттө турат. Ар бир жумушчу эмнени кантип кылаарын так билет, өтө дисциплиналуу кыймыл-аракет жасайт.43
Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, жумушчу аарылар уюктагы иштерди жасоо үчүн кээде өзгөчө суюктуктарды, кээде болсо ошол жумуш үчүн долбоорлонгон органдарды колдонушат. Бир аары жашай алышы үчүн азыркы өзгөчөлүктөрүнүн баары, бир учурда бар болушу шарт. Уюкту коргоого керектүү уулуу ийнелер, ширени гүлдөрдөн топтоо үчүн колдонгон узун тилдери, гүл чаңчаларын денелерине жабыштыруучу түкчөлөр, буттарындагы щеткага окшогон түкчөлөр жана дагы көптөгөн түзүлүштөр аарылар алгач пайда болгондон бери бар. Мындан тышкары, аарылардагы эволюционисттер «инстинкт» деп атаган кыймыл-аракеттер дагы аарылар эң алгач жаралган кезде пайда болушу керек. Бир аары личинкаларды кантип багаарын, эне аарыга кантип кызмат кылуу керек экенин, уяларды кандай бурч менен жасаса балды сактоого болоорун, бал момун кантип үнөмдөөрүн, уюкту кантип коргоорун, прополисти кантип топтоорун, азыктын ордун башкаларга кантип кабар берээрин туулган кезден баштап билиши керек. Кыскасы, аарылардын бүт жөндөмдөрү биринчи пайда болгон кезден баштап бар болушу зарыл.


Аарыларды аары кылган өзгөчөлүктөрдүн бирөөсү эле болбосо, кемчиликтер келип чыгып, бул жандыктар жашай алышпайт. Булардын баары бизге аарылардын, эволюционисттер айткандай, убакыттын өтүшү менен акырындап эволюциялашып пайда болбогонун көрсөтөт. Аарылардын денесиндеги системалардын бирөөсү эле болбосо, жашай алышпайт. Мисалы, ийнелери болбосо өздөрүн коргой алышпайт, буттарынын артындагы чаңча баштыктары болбосо уюкка азык ташый алышпайт, тилдери болбосо ширеге жете алышпайт, бал момун чыгарбаса уя токуй алышпайт. Личинкаларды багууну жана уя токууну билбесе тукум курут болушат. Уу бездери өрчүп, бирок уюкту коргоону билишпесе, бул бир ишке жарабайт. Кыскасы, аарылардын бүт дене системалары менен бүт жөндөмдөрүнүн бир учурда жана толугу менен пайда болушу шарт. Мындай нерсенин кокустан келип чыгышы мүмкүн эмес.
Булардын баары аарылардын бир заматта, азыркы көрүнүшү менен пайда болгонун көрсөтөт. Аарылар бир Жаратуучу тарабынан жаратылышкан. Ал теңдешсиз кудуреттүү Жаратуучу аарыларда жараткан кемчиликсиз түзүлүштөр аркылуу бизге Өзүн таанытууда. Ал Жаратуучу улуу кудуреттүү Раббибиз Аллах. Бүт ааламдын Жаратуучусу Аллахтын Акылы өтө улуу, чексиз жана теңдешсиз. Аллах ар кандай жаратууну билет жана бүт баарынан кабардар:

Ал асмандарды түркүксүз жараткан, муну көрүп турасыңар. Жерде болсо силерди чайпалтпасын деп чайпалбас тоолорду койду жана ал жерде ар бир жандыкты көбөйтүп жайды. Биз асмандан суу түшүрдүк, муну менен жерде ар бир сонун жуптан бир өсүмдүк өстүрдүк. Бул Аллахтын жаратышы. Андай болсо, Андан башкалардын жараткандарын Мага көрсөткүлөчү. Жок, зулумдук кылгандар апачык бир адашууда. (Локман Сүрөсү, 10-11)


УЮКТУ САКТАП ТУРГАН ЭНЕ ААРЫ

 Аары уюгуна бир аз байкоо жасасак, жумушчу аарылардын алардан бир аз чоңураак болгон бир аарыга өтө аяр мамиле кылаарын көрөбүз. Тамактануусу, тазалыгы, коопсуздугу сыяктуу бүт муктаждыктары башка аарылар тарабынан камсыздалган бул аары – колонияны улантуучу эне аары. Бир уюкта жашаган жумушчу аарылардын саны он миңдеген санга жеткени менен, бир гана эне аары болот. Эне аарынын болушу аарылар үчүн өтө маанилүү. Себеби жумуртка тууп колонияны улантуучу эне аары болуп саналат. Мындан тышкары, колониядагы дисциплина дагы эне аары чыгарган бир зат аркылуу орнойт.
Эне аары өмүр бою жумурткалоодон башка жумуш кылбайт. Дайыма уюктун ичинде болот, эч сыртка чыкпай, жаз башталгандан жайдын аягына чейин күн сайын тынымсыз жумуртка тууйт. Эне аарыны толугу менен жумушчу аарылар багып, карашат. Эне аары уюктун ичинде жүргөндө жумушчу аарылардан турган бир топ анын айланасында жандап жүрүшөт жана эне аарыны тынбай тамактандырып, антенналары менен сылашат жана жалап тазалашат. Кыскасы, эне аары өзүнүн эч нерсеси менен алектенбейт. Себеби уюктун ичиндеги анын милдети – бир гана жумурткалоо.

Өзгөчө бир аары: эне аары

Эне аарынын өзгөчөлөнүшү личинка кезде эле башталат. Эне аарылар башка уюктардан өзгөчөлөнгөн бир жерде чоңоюшат. Эне аары уюктан төмөн көздөй чубалган өзгөчө клеткаларда жетилет. Ал клеткалар эне аары башкаларга караганда көлөмдүүрөөк болгону үчүн кадимки уя клеткаларына салыштырмалуу чоңураак кылып жасалат.44
Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, эне аары чыккан жумуртка жумушчу аарылар чыккан жумурткадан эч айырмаланбайт. 6 күнгө созулган личинка кездеги тамактануудагы айырмачылыктан улам эне аары катардагы бир ургаачы аарыга эмес, көрүнүшү жана функциясы жагынан башкалардан айырмалуу бир аарыга айланат. Башка аарыларга 3 күн гана аары сүтү берилсе, эне аарыга өтө баалуу болгон бул азыктан бүт личинка периоду бою (6 күн) берилет.45
Эне аарыга берилчү аары сүтүнүн курамы менен өлчөмү дагы белгилүү эсеп менен жөнгө салынат. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында личинка периоду бою эне аарыга 10 мг аары сүтү берилсе, башкаларга болгону 3 мг берилээри аныкталган. Азыктануудагы мындай айырмачылыктан улам бири-биринен морфологиялык (структуралык) жактан айырмалуу эки жандык, б.а. эне аары менен жумушчу аарылар келип чыгат.46

Эне аары менен башка аарылардын ортосундагы айырмачылыктар

Эне аары жалпы түзүлүшү жана тышкы көрүнүшү жагынан башка аарылардан айырмаланат. Мисалы, жумушчу аарылар дагы эне аары сыяктуу ургаачы болгону менен, жумушчу аарылардын энелик бездери өрчүбөйт, б.а. жумушчу аарылар туубас болушат. Эне аары башы жана дене көңдөйү жагынан жумушчулардан өтө деле чоң болбойт. Анткен менен, жумушчу аарылардын тескерисинче эне аарынын жаак сөөгү бал момунан клеткаларды жасоого ыңгайлуу болбойт. Жана эне аарыда жумушчулардын чаңча баштыктарын түзгөн катуу түкчөлөр да болбойт. Эң негизгиси, эне аары окшош жумурткадан чыкканына карабастан, тамактануудагы айырмачылыктан улам гана башка аарылардай 5-6 жума эмес, (кышка туура келгендер бир канча ай) 4-5 жылдай жашайт.
Булар эне аары менен башка аарылардын ортосундагы жалпы айырмачылыктардын бир канчасы гана. Алардагы айырмачылыктарды тереңирээк караганда бир жагдайды унутпаш керек: аарылардын тамактануу формасы менен мөөнөтүндөгү айырмачылыктардын негизинде эркек, эне жана жумушчу аарылар пайда болушат.


Эне аарынын алгачкы күндөрү

Эне аары дагы личинка периодунан соң башка аарылар сыяктуу куурчакча этабынан өтөт жана жумуртка ташталгандан 16 күндөн соң куурчакчадан чыгат. Көрүнүшү жумушчу аарылардан бир топ чоң, эркек аарылардан болсо узунураак болот.
Уюктун коопсуздугу жагынан -ар кандай ыктымалдыктар эске алынып- жумушчу аарылар бир учурда бирөөнү эле эмес, бир канча эне аары талапкерин чоңойтушат. Эне аарыга кандайдыр бир зыян келээр замат жаңы эне аары чоңойтулуп башталат. Жаңы эне аарынын эң биринчи жумушу ичинде балы бар капкаксыз бир клетка тапканга чейин уюктарды кыдыруу болуп саналат. Эне аары тапкан балынан жеп, тездик менен башка уюктарды кыдырып баштайт. Максаты атаандаш эне аарыларды эртерээк таап жок кылуу болот. Жаңы эне аары жумурткадан чыга элек башка эне аары талапкерлерин табаар замат жок кылат. Астыңкы жаагы менен эне аары куурчакчасы турган клетканы айрып, ичиндеги атаандашын чагат. Же клетканын капкагын ачып коюп жок кылуу ишин башка жумушчуларга калтырат.


Эгер бал челекте башка бир жетилген эне аарыга жолукса, эки аары бири-бирине кол салып, бири экинчисин чакканга чейин күрөшүшөт. Ийне сайылган аары өлөт. Бул негизи бал челекте бат бат болуп турчу бир көрүнүш эмес. Себеби мурдакы эне аары өтө картайган болсо же жаңы бир колония куруу үчүн бал челектен али кете элек болсо гана эне аарылар жолугуп калышат. Көбүнчө уюкта жаңы эне аары пайда болгондо мурдакы эне аары уюктан алда качан кетип калган болот. Эне аарынын атаандаштарын өлтүрүү үчүн мынчалык өжөрлүк кылышы уюктагы тартип үчүн абдан маанилүү. Себеби уюкта (бал челекте) дисциплина болушу үчүн бир уюкта бир гана эне аары болушу шарт.47
Уюктун жаңы эне аарысы клеткасынан чыгаар замат эле мурдакы эне аарынын ордун ээлей албайт. Себеби али жумурткалап баштай элек болот. Жумурткалоо үчүн эне аары алгач жупталышы керек. Бирок жупталуу эч качан уюктун (бал челектин) ичинде болбойт. Эне аары белгилүү убакыттан соң уюктан чыгып, жупталуу үчүн эркек аарыларды издейт.48
Эне аары уюктан (бал челектен) сыртка эки учурда гана чыгат. Жупталуу үчүн учканда жана «бөлүнүү» убагында. Бул эки учурдан тышкары эне аары уюктан сыртка чыкпайт.
Жупталууга чыгаардан мурда эне аары бал челектин ичин тынымсыз кыдырат. 5- жана 6-күндөрү бал челектин эшигине көп жолу барат. Бир жума толгондо болсо уюктун ордун жаттоо жана айлананы таануу үчүн кыска аралыктарга учуп кайтат. Мындай учуулар бир мүнөттөн башталат. Күн өткөн сайын учуу мөөнөтү узарып жарым саатка чейин жетет.49

Эне аарынын жупталуу үчүн учуусу

Эне аары жупталуу үчүн уюктан бир топ аары менен бирге сапарга чыгат. Белгилүү убакыттан соң жанындагы аарылардан бөлүнүп, эркек аарылар чогулган аймактарды көздөй жалгыз учат. Ал аймакка белгилүү аралыкка жакындаганда эркек аарыларга аны таптыра турган бир феромон чыгарып баштайт.
Эркек аарылардын эне аарыны байкашы натыйжасында ишке ашкан жана «жупталуу (үйүгүш) үчүн учуу» деп аталган бул учуш эне аары куурчакчадан чыккандан 10 күндөн соң болот.50 Эне аарылардын көбөйүү органдары жумурткаларды чыгаруучу эки жумуртка безинен жана жупталуу үчүн учканда эркектин сперматозоидин жайгаштыруучу «урук кабыл алгыч» деп аталган денесинин арткы тарабындагы бир баштыкчадан турат. Бул баштыкча колониянын жаңы мүчөлөрүнүн өмүрүндөгү ролу себептүү өтө маанилүү болуп саналат. Эркек менен ургаачы аарылар абада жупталышат. Жупталуудан соң эне аары уюкка кайра кайтса, эркек аарылар көбүнчө өлүмгө дуушар болушат.
Жупталуу учурунда эне аарынын 3-12 жолу учууга чыгаары жана ар жолкусунда башка бир эркек аары менен жупталаары аныкталган. Бир эркек аарынын спермалары баштыкты толтурганга жетпегени үчүн, эне аары бир канча эркек аарыдан сперма алат.51 Жупталуудан соң эркек аарылардан келген бүт спермалар сперма баштыгында топтолот. Эне аары 4-5 жылдык өмүрү бою жупталуу үчүн учууда алган ушул спермаларды колдонот.52 Жупталган бир эне аарынын баштыгында (урук кабыл алгычта) орточо 6 миллион сперма болот.53 Башка көп жандыктардын көбөйүү клеткаларынын тескерисинче, эркек аарылардын спермалары эне аарынын денесинде бузулбастан, көп жылга чейин сактала алат. Бул аарынын денесиндеги кемчиликсиз долбоордун башка бир тарабы.
Спермалар эне аарынын денесинде топтолот. Бирок спермалар уруктануу учурунда өздөрү барып уруктандыра алышпайт. Жумурткалардын уруктанышын бүт этаптарда эне аары башкарат. Эне аары ал баштыктан өз каалоосуна жараша сперма таштап уруктанууну жөнгө салат. (Укмуш кереметтүү бул процесс китептин кийинки бөлүмдөрүндө терең каралат.)

Жылына бир миллион жумуртка...

Эне аары жупталуудан болжол менен 2-3 күндөн соң жумушчу аарылар тарабынан даярдалган клеткаларга жумуртка таштап баштайт. Жаз башталгандан күздүн ортосуна чейин созулган жумуртка таштоо иш-аракетин эне аары өмүрүнүн аягына чейин эч тынымсыз улантат.
Бир эне аары жумуртка таштоо периодунда күнүнө 1500-2000 жумуртка тууйт.54 Бул керектүү учурларда 3000ге чейин чыгат.55 Эне аарынын орточо жумуртка таштоо ылдамдыгын эсептесек, ар бир мүнөткө бир жумуртка туура келээрин көрөбүз.
Бир жылда бир эне аарынын 1,5 миллиондон ашык жумуртка таштаары аныкталган.56 Эне аарынын өмүрүн эске алганыбызда, бул бир эне аары миллиондогон жумуртка тууйт деген мааниге келет. Мындан тышкары, эне аарынын бир күндө таштаган жумурткаларынын жалпы салмагы эне аарынын өзүнүн денесинин салмагына барабар.
Эне аары жумуртка таштаарда алгач башын уя клеткасынын ичине салып, клетканы текшерет. Клетканын бош экенин жана жумуртканы таштаганга ыңгайлуу экенин көргөн соң денесинин арткы бөлүгүн клетканын ичин көздөй салат. Андан соң узун жумурткасын клетканын түбүнө акырын таштайт. Жумуртканы таштаар замат башка клеткаларды көздөй жөнөйт. Мындай иш-аракеттерди эне аары бир күндө жок дегенде 1500 жолу кайталайт. Жумуштун оордугуна карабастан, ар бир жумуртканы ушундай кылдаттык жана этияттык менен таштайт.57

Эне аары башка аарылардын жынысын кантип белгилейт?

Мурдакы бөлүмдөрдө эне аарынын уюктун ичиндеги аарылардын жынысын белгилей алаарын айткан элек. Эне аары спермалар сакталган баштыктын оозун ачып жабуу аркылуу жыныстарды жөнгө салат. Ал баштык ичке бир канал аркылуу жумуртка чыгаруу түтүгүнө кошулат. Эне аары ургаачы жумуртка чыгаргысы келгенде, булчуңдарын жыйрып жумуртка өтө турган каналга уланган баштыкчада сакталган спермалардын бир азын бери тартат жана сперма ал жердеги жумурткага жолугуп уруктандырат. Эгер баштыкчадан сперма чыкпаса жумуртка уруктанбаган болот. Эне аары тарабынан жөнгө салынган бул процесстин натыйжасында эне аары уруктандырган жумурткалардан ургаачы аарылар, уруктандырбаган жумурткалардан болсо жалаң гана эркек аарылар чыгат.58
Эне аарыда кантип мындай системанын пайда болгонун жана аарылардын жынысын эмнеге карап белгилээрин изилдеген илимпоздор өтө таң калыштуу жыйынтыкка барышкан. Жынысты белгилөө иш-аракетинде жумурткаларды эне аары жөнгө салганы менен, негизи жумуртканын жынысын жумушчу аарылардын белгилээри аныкталган. Эне аарыга ошолор багыт беришет. Себеби жумушчулар кандай типтеги клетка даярдаган болсо, эне аары ошого жараша жумуртка тууйт. Эгер эне аары жумуртка таштоо үчүн келген клетка 5,2 миллиметрлик стандарттуу бир ургаачы клеткасы болсо, эне аары уруктандырууну жасап, ал жерге ичинен ургаачы аары чыга турган жумуртка таштайт. Эгер эне аары ургаачылардыкына салыштырмалуу 1 миллиметрге чоңураак жасалган клеткаларга жолукса, ал жерге уруктандырылбаган жумурткаларын таштайт. Башкача айтканда, жумушчулар канча даана эркек аары бөлмөсүн жасаса, эне аары ошончо эркек аары чыга турган жумуртка таштайт.59
Клеткалардын санын дагы жумушчу аарылар жөнгө салышат. Уюктун муктаждыгына жараша канча жумушчу, канча эркек аары чыга турган клетка керек экенин же уюктун ичинде балга же чаңчага канча орун бөлүнөөрүн жумушчу аарылар чечишет.60


Көрүнүп тургандай, жумушчулар муктаждыкка жараша уюктагы клеткалардын санын белгилеп, клеткалардын көлөмүн ошого жараша даярдашат жана ушундайча эне аарыга багыт көрсөтүшөт. Бул жерде көптөгөн суроолор туулат. Бир аары миллиметрдик эсептөөлөрдү жасап, өз башы менен клетканын көлөмүн белгилей алабы? Бир аары башка бир аарынын иш-аракеттерине багыт бере алабы? Албетте, бул мүмкүн эмес. Аарылар – мээлери өтө кичинекей жандыктар. Ойлонуу, салыштыруу, эсептөө сыяктуу жөндөмдөргө ээ эмес. Демек, аарылардын иш-аракеттерин башка бир күч башкарып турат. Бул күч бүт нерсени жараткан Аллахтын кудурети. Жумушчу аарылардын эне аарыны жөнгө салышынын себеби бул эки жандык тең Аллахтын илхамы менен кыймыл-аракет жасайт. Аллах эки жандыкка тең эмне кылаарын үйрөткөн.
Жумушчу аарылардын эне аарыны башкарышынын дагы бир далили – бул эне аарынын жаңы эне аарылар үчүн жумуртка ташташы. Бул өтө таң калаарлык көрүнүш. Себеби эне аары уюкта өзүнөн башка бир эне аарынын болушуна эч качан жол бербейт. Ошого карабастан, уюкта жумушчулар тарабынан атайын жасалган эне аары клеткаларын көргөндө, алардын ичине жумуртка таштайт.


Бул жерде маанилүү бир жагдайга көңүл буруу керек. Эне аары клеткалары дагы эркек аарылардыкы сыяктуу, жумушчу клеткаларына салыштырмалуу чоңураак болот. Ошондуктан бул жерде эне аарынын бул эки клетканы бири-бирине адаштырып алуу риски келип чыгат. Анткен менен эне аары эч качан мындай жаңылыштык кетирбейт. Эне аары дайыма керектүү клеткага керектүү жумуртканы тууйт. Мисалы, эне аары клеткаларына чоңураак болгон эркек аарылар чыга турган жумурткадан эмес, ургаачы аарылар чыга турган жумурткадан таштайт.
Эми бул жерде токтоп ой жүгүртөлү. Аарылардын жашоосундагы бул жерге чейин каралгандардын баары өтө акылдуу кыймыл-аракеттердин, кемчиликсиз коомдук тартиптин, ал тартипке толук туура келүүчү долбоорлордун бар экенин көрсөтүүдө. Бир аарынын уянын көлөмүндөгү миллиметрлик өзгөрүүлөрдү өз башы менен аныктап, ал өзгөрүүгө жараша жумуртканын жынысын белгилей албашы анык. Эң башында муну ойлонуу керек: бир колонияда канча жумушчу аарыга, канча эркек аарыга муктаждык бар экенин, качан жаңы бир эне аары пайда болушу керек экенин ким аныктайт? Уюктарды жасаган аарылардын акылыбы? Же муну ойлонуп көрөлү: эне аары деп аталган жандык бир канча сантиметрлик, мээси жөнөкөй нерв түйүндөрүнөн турган бир жандык. Бул жандык кантип өз эрки жана акылы менен уя клеткаларынын эмне үчүн жасалганын түшүнүп, аларды бири-бирине адаштырбай, эң туура жерге эң туура жумурткаларды таштай алат? Бул жерде аарылардын кемчиликсиз бир көзөмөлдүн астында экенин түшүнөбүз. Бирок бул көзөмөл он миңдеген жумушчу аарынын бир канчасынын же эне аарынын көзөмөлү эмес. Бул көзөмөл Аллахтын илхамы. Аарылар дагы, башка бүт жандыктар сыяктуу, Аллахтын илхамы менен кыймылдашып, бул жерге чейин айтылган кемчиликсиз тартипти сакташат. Аллах алардын дене системаларын дагы алардын жашоосуна эң ыңгайлуу кылып жараткан. Ал бүт нерсенин Жаратуучусу:

Жаратуучу эч жаратпаган сыяктуубу? Эми насаат алып, ойлонбойсуңарбы? (Нахл Сүрөсү, 17)

Асмандарды жана жерди (эч өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)


Эне аарынын бийлик секрециясы

Кадимки шарттарда жумушчулар эне аары клеткасын жасашпайт. Уюкта эне аарынын болушу буга жол бербейт. Өзгөчө учурларда гана бул абал өзгөрөт. Жумушчулардын башында бир эне аары турганда, эмне себептен жаңы бир эне аары клеткасын жасоо муктаждыгы келип чыгат деген суроону түшүнүү үчүн эне аарынын секрециясын карап чыгуу керек.
Уюктагы жумушчу аарылардын баары ургаачы, бирок көбөйүү органы өрчүбөгөнү үчүн эне аары сыяктуу жумуртка тууй алышпайт. Мунун себеби көп жылдар бою илимпоздордун кызыгуусун жараткан. Буга чейин личинка доорундагы тамактануудагы айырмачылыктан улам ургаачы личинкалардын эне аарыга же жумушчу аарыга айланаарын айткан элек. Негизи башында төрөлгөндө жумушчу аарылардын дагы көбөйүү органы болот. Бирок ал эч өрчүп, жумурткалай турган деңгээлге жете албайт. Мунун себебин изилдеген илимпоздор аягында издеген жоопту табышты.

Жооп эне аары чыгарган бир суюктукта жашырылган. Ал суюктуктун өзгөчөлүгү; бир жагынан эне аарынын тирүү жана аман-эсен экенин башка аарыларга кабар берсе, экинчи жагынан колониядагы бүт ургаачыларды тукумсуз кылат. Колониянын тургундары бири-бирин дагы ушул суюктук аркылуу таанышат.61 Эне аарынын ээк бездеринен чыккан жана сүткө окшогон бул суюктуктун формуласы төмөнкүдөй.
Суюктуктун аарыларга болгон дагы бир таасири болсо, уюктун ичинде бул зат бар кезде жумушчу аарылар эне аары клеткасын жасашпайт.
Эне аары чыгарган суюктуктун формуласы

Уюктагы тартипти ушул зат камсыз кылат. Ошондуктан уюктун ичиндеги жумуштар толук жасалышы үчүн эне аары күн сайын уюктагы аарылардын баарына жете турганчалык суюктук чыгарышы керек болот. Мунун өлчөмүнүн ар бир аарыга орточо 0,1 мг экени аныкталган.62 Эне аары чыгарган бул жыт (эне аары жыты) уюктун ичиндеги бүт аарыларга жетиши керек. Эне аары уюктагы тартипти камсыз кылат, бирок, албетте, он миңдеген аарынын баарына бир-бирден көңүл бура албайт.
Эне аарынын жыты уюкта дайыма эне аарынын жанында жүргөн жана аны караган ондой аары аркылуу жайылтылат. Бул аарылар суюктукту эне аарынын денесинен жалап алышат жана азык алып жатканда бул жытты башка аарыларга жуктурушат. Белгилүү болгондой, аарылар азыкты бири-бирине ооздору аркылуу өткөрүшөт. Ушинтип азык алып жаткан учурда эне аары чыгарган жыт тездик менен колониянын мүчөлөрүнө тарайт. Натыйжада ар бир уюктун (бал челектин) өзүнө гана тиешелүү, уюктагы аары колониясынын бүт индивиддерине сиңген орток бир жыты келип чыгат.
Бул секрециянын кандайдыр бир себеп менен азайышы жумушчу аарыларга сигнал берет. Себеби эне аары чыгарган жыттын азайышы эне аарынын улгайгандыгынын же колониянын ашыкча чоңоюп кеткендигинин белгиси болуп саналат. Эки учурда тең жумушчу аарылар кээ бир тиешелүү чараларды көрүшү керек болот.63



 Эне аары улгайганда...

Эне аарынын жашы өткөн сайын күчү дагы азайат жана мунун натыйжасы уюкта байкалып баштайт. Мисалы, эне аарынын жумуртка ташташы жайлайт жана эң негизгиси чыгарган өзгөчө секрециясы азайат. Бул белгилер жумушчу аарыларга да бир ишарат берет. Белгилүү болгондой, жумушчу аарылардын жаңы бир эне аары чоңойтушуна эне аары чыгарган ушул суюктук жолтоо болот. Бул азайаар замат жумушчулар жаңы эне аары клеткаларын жасап башташат жана жаңы эне аарыларды чоңойтууга киришишет. Уюктагы шарттар кадимки жүрүшүндө баратканда, бир аары тобу күтүүсүз бир учурда эне аарысыз калышпайт. Себеби шарттар күтүүсүз өзгөрүп, колониянын эне аарыдан айрылып калуу коркунучу туулганда, жумушчу аарылар колдогу личинкалардын бир канчасын эне аары азыгы менен багып башташат.64
Бул жерде дагы бир маанилүү жагдай бар. Мурда да айтылгандай, эне аары катары чоңойтулган личинкалардын клеткалары кадимки шарттарда башкаларына салыштырмалуу кененирээк кылып даярдалат. Күтүүсүз учурларда болсо эне аары катары чоңойтула турган личинкаларды чоңураак көлөмдөгү бир клеткага ташып барууга мүмкүнчүлүк болбойт. Ал аарылардын клеткалары жумушчу аарылардын көлөмүндөй болот. Негизи бул жаңы чоңойтула турган эне аарылардын өрчүшүндө көйгөй туудурушу мүмкүн. Бирок аарыларда бул эч бир маселе жаратпайт.
Жумушчу аарылар күтүүсүз учурларда эне аары катары чоңойтуу үчүн тандалган личинкалар жайгашкаан клеткалардын айланасындагы башка клеткаларды айрып башташат. Мындагы максат – кадимки клеткаларды кеңейтип, эне аары клеткасына айландыруу. Ар бир жаңы эне аары клеткасы үчүн бир канча жумушчу аарынын клеткасы бузулат. Албетте, ал ортодо ал клеткалардагы личинкалар да өлүшөт.65
Бирок бул жоготуу уюк үчүн көп маанилүү эмес, себеби жумушчу аарылардын бул кылганы бүт аары колониясынын уланышы үчүн керектүү. Аарылар бир канча жумушчу аарынын ордуна бир эне аары талапкерин тандашат. Эне аары клеткасы даярдалган соң, жаңы эне аары талапкерлери жумушчулар тарабынан аары сүтү менен багылат.
Өзгөчө шарттар менен чоңойтулган эне аары белгилүү убакыттан кийин клеткасынан чыгып, атаандаштарын жок кылуу ишине киришет.
Эне аары клеткасынан жаңы чыккан кезден уюктан кеткенге чейин эмнелерди кылаарын өтө жакшы билет. Эне аарынын белгилүү бир максатты көздөгөн акылдуу кыймыл-аракеттери, колунда ал максатына жетүү үчүн керектүү бүт жабдыктардын бар болушу бизди бир гана жыйынтыкка алып барат. Аарылардагы акыл Аллах тарабынан илхам кылынат жана Анын каалоосу менен ушундай кыймыл-аракеттерди жасашат.


ЭРКЕК ААРЫЛАР



Ар бир аары көптөгөн кызматтарды аткарган аары колонияларында эркек аарылар гана бөтөнчө болушат. Эркек аарылар уюкту коргоого да, анын тазалыгына да, азык чогултууга да эч салым кошушпайт. Эркек аарылардын уюктун ичинде бир гана функциясы бар: эне аарыны уруктандыруу.66 Жупталуу органынан сырткары башка аарылардагы өзгөчөлүктөрдүн дээрлик эч бири эркек аарыларда болбогону үчүн, эне аарыны уруктандыруудан башка эч бир жумушту жасай алышпайт. Ургаачы аарылар менен эркек аарылардын арасында абдан чоң айырмачылыктар бар. Алардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
-Ургаачы аарылардын чаңча баштыктары бар, эркектерде болсо жок.
-Ургаачы аарылардын уулуу ийнеси бар, эркектерде жок.
-Ургаачы аарылардын буттарында чаңча топтой турган щеткалар, курсактарында түкчөлөр бар, эркектерде булар жок.
-Ургаачы аарылардын бал мому бездери бар, эркектерде жок.
-Ургаачы аарылар уя жасашат, эркектер жасай алышпайт.
-Ургаачы аарылардын багыт билдирүү бийи сыяктуу жөндөмдөрү болсо, эркектердин мындай жөндөмү жок.
-Ургаачы аарылар азык чогулта алышат, эркектер чогулта албайт.
-Ургаачы аарылар бала бакчалык кыла алса, эркек аарылар кыла алышпайт.
Кышында уюкта бир гана ургаачы аарылар болот. Себеби эркек аарылар кыштан мурда же уюктан чыгарып салынат же өлтүрүлөт. Кыш мезгили бүткөн соң жумушчу аарылар эркек аарылар чыга турган уюк клеткаларын жасап башташат. Эне аары болсо ал клеткалардын ичине эркек аарылар чыга турган жумурткаларын таштайт. Май айынын башында эркек аарылар клеткаларынан чыгып башташат.67
Көбүнчө бул айлар мурдакы эне аары жаңы колонияларды куруу үчүн уюктан кетип калган жана уюктарда жаңы эне аарылар чоңойтулган айлар болот. Мына ушул периоддо жаңы эне аары жумурткалоо үчүн «жупталуу учушуна» чыгышы керек болот. Бул жумушчулардын эркек аарыларды чоңойтуу себептеринин бири.
Эркек аарылар өтө жөндөмсүз болгонуна карабастан, эне аары менен жупталганга чейин жумушчу аарылар тарабынан өтө бөпөлөнүшөт. Уюктагы 400-500 эркек аарынын бирөөсүн эле багуу үчүн 5-6 жумушчу аары эч тынымсыз иштеши керек болот. Башкача айтканда, бир уюктагы (бал челектеги) жумушчу аарылардын 2-3 миңи белгилүү бир убакытка эркек аарыларды багуу менен гана алек болушат.
Негизи эне аары жупталышы үчүн максимум 10 эркек аары жетиштүү болот. Анткен менен, бир аары тобунда жүздөгөн эркек аары чоңойтулат. Уюктагы иштердин көптүгүнө карабастан, жумушчу аарылардын бир бөлүгү бүт убактысын эркек аарыларды караганга коротушат. Бул өтө маанилүү бир жумуш. Себеби эне аары жупталуу үчүн сыртка учуп чыкканда сөзсүз эркек аары табышы керек. Аарылардын ийнелик сыяктуу душмандары бар экенин жана эркектердин өздөрүн коргой турган уу жана ийне сыяктуу куралдары жок экенин эстесек, алардын көп санда болушунун маанисин жакшыраак түшүнөбүз.
Эч бир ишке жарабаганына карабастан, эркек аарылардын белгилүү бир убакыт бою жумушчу аарылар тарабынан карап, багылышы бүт уюктун коопсуздугу үчүн көрүлгөн өтө маанилүү бир чара. Албетте, бул чаранын өтө маанилүү бир максаты бар. Максат уюктагы жашоону улантуу, эне аарынын жупталышын рискке салбоо болуп саналат. Бул жерде аарылар мындай маанилүү чечимди кантип алышат деген суроо туулат. Аарылар бул стратегияны отуруп чогуу чыгарышканбы? Же мунун ушундай болушу керек экенин кокустан билип калышып, анан мунун жакшы стратегия экенин түшүнүп уланталы деп чечишкенби?
Албетте, аарылар булардын эч бирин өз алдынча жасай алышпайт жана мындай чечим чыгара алышпайт. Аарылардын чечим чыгаруучу механизмдери, стратегия белгилеп, андан соң аны турмушка ашыра турган аң-сезимдери жок. Алар дагы жер жүзүндөгү бүт жандыктар сыяктуу Аллахка моюн сунушкан.
Эркек аарылардын саны аз болсо, уруктанууда ар кандай көйгөйлөр жаралышы мүмкүн эле. Мисалы, эркек аарылардын бир бөлүгү эне аарыны таба албашы же өтө көп сандагы душмандарга жем болушу мүмкүн эле. Бул болсо эне аарынын сперма баштыгын толук толтура албашына жана натыйжада уюкта жетиштүү санда аары чыкпашына себеп болушу ыктымал эле. Бирок мындай болбойт. Дайыма уюкта жетиштүү санда эркек аары болот. Аллахтын аларга илхам кылганын жасаган аарылар уюкта жөн гана жүрө берген жана эч бир жумуш жасабаган эркек аарыларды жупталуу доорунун аягына чейин багышат.

Эркек аарылардагы долбоор, жупталуу жана андан соң

Эркек аарылар туулгандан болжол менен 2 жумадан кийин уюктун (бал челектин) сыртына чыгып, эне аарыны издеп башташат. Эркек аарылардын жупталуу доорунда эне аары чыгарган заттын дагы бир жаңы функциясы пайда болот. Эркек аарылар жупталуу үчүн учуп чыккан эне аарыны мына ушул зат аркылуу табышат. Эркек аарылардын уюктагы ургаачы аарыларга (жумушчу аарылар менен эне аарыга) салыштырмалуу анатомиялык жактан кээ бир артыкчылыктары бар. Мисалы, эркектердин көздөрү жумушчуларга караганда көбүрөөк (8-10 миң) бөлүктөн турат. Антенналарындагы жыттоо органдарында болсо алда канча көбүрөөк (2600 даана) тешикче бар.68 Мындан тышкары, канаттары дагы жумушчуларга караганда күчтүүрөөк болот.


Көрүнүп тургандай, эркектердин башка аарылардан айырмалуу болгон бүт өзгөчөлүктөрү белгилүү бир максатка ылайык пландалган. Бул максат эркек аарылардын эне аарыны оңой табышы. Эркектер эне аарыны издегенде көпкө чейин бийикте уча ала турган жана эне аарынын жытын бир топ алыстан сезе ала турган системаларга муктаж болушат. Жана эркек аарыларда уюктагы бүт башка аарылардан айырмаланган мына ушул өзгөчөлүктөр бар.
Ар бир жандыктын өзүнө керектүү өзгөчөлүктөргө ээ болушу ааламдагы кемчиликсиз тартиптин көрсөткүчтөрүнүн бирөөсү гана. Мындай тартиптин кокустан пайда боло албашы анык. Ар бир жандыкты ага керектүү өзгөчөлүктөрү менен бирге улуу кудуреттүү Аллах жараткан. Бүт ааламда орун алган бул тартип Аллахтын чексиз жаратуу кудуретин көрсөткөн далилдердин бирөөсү гана.

Эркек аарылардын аягы

Эне аары менен эркек аары көбүнчө бийиктерде жолугушат. Эркек аарылар 4,5 метрден төмөн жерде эне аарыга жакындай алышпайт. Жупталуунун натыйжасында эркек аарынын сперма баштыкчасы да кошо бүт эркектик органдары денесинен үзүлөт жана эркек аарылар жупталуу бүтөөр замат өлүшөт.69 Эне аары менен жуптала албаган башка эркектер да көпкө жашашпайт. Эркек аарылар жазында жана жайдын башында гана жашашып, андан соң жумушчу аарылар тарабынан жок кылынышат. Жупталуу үчүн учуунун убактысы өтүп, жайдын ысыгында гүлдөрдүн ширелери да азайып баштаганда жумушчулардын эркектерге болгон мамилеси толугу менен өзгөрөт. Жумушчу аарылар эркек аарыларды жупталуу доорунда абдан жакшы бакканы менен, бул доор бүткөн соң эркектердин канаттарын жулуп, аларга кол салып башташат. Эгер эркек аарылар бир нерсе жегиси келсе, жумушчу аарылар аларды күчтүү жаактары менен антенналарынан же буттарынан кармап уюктун эшигине сүйрөп, сыртка чыгарып салышат.
Уюктун сыртына чыгарып салынган эркек аарылар кыска убакыт ичинде ачкадан өлүшөт. Себеби өзүнө керектүү азыкты өздөрү таба алышпайт. Ошондуктан болгон аракети менен кайра уюкка кирүүнү каалашат. Бирок кайрадан жумушчу аарылардын тиштөөсүнө жана ал тургай өлүмүнө себеп боло турган уулуу ийнесине кабылышат. Эркек аарылар жумушчу аарыларга караганда чоңураак болгону менен, бул чабуулга туруштук бере алышпайт.70 Эркек аарылар уюктан чыгарылып салынгандан эмки жылдын жазына чейинки убакыт бою ургаачы аарылар (эне аары менен жумушчулар) уюкта жалгыз калышат.
Эми бул жерде эркек аарылардын абалын эволюционисттик көз-караштардын негизинде карайлы. Жогоруда айтылгандай, эркек аарылар жупталуудан көп убакыт өтпөй өлүшөт. Муну эволюционисттик көз-караштар менен түшүндүрүүгө болбойт. Эркек аарынын өлүмгө даяр болуп, урпагын улантуу үчүн жупталууга барышы «жашоо үчүн күрөш» түшүнүгүнө толук карама-каршы келет. Эгер эволюция теориясы табиятта бар деген механизмдер бар болгондо, эркек аарылар ушул күнгө чейин качан эле өздөрүнүн пайдасына боло турган бир эволюциялык процесстен өтүшмөк. Бирок миллиондогон жылдан бери эркек аарылар аягында өлөөрүн билип туруп, жупталуу үчүн уюктан учуп чыгышат.
Кыскасы, эволюция теориясынын эч бир көз-карашы менен бал аарылардагы мындай жан аябастык мисалын түшүндүрүүгө болбойт. Бир жандыктын өзүнүн өмүрүн коркунучка салып, тобундагы башка мүчөлөрдүн коопсуздугу менен бейпилдигин көздөшүнүн бир гана түшүндүрмөсү болушу мүмкүн: аары уюгундагы тартип улуу акылдуу бир долбоорчу тарабынан пландалган жана ал долбоорчу уюктагы ар бир аарыга ар кандай кызматтарды жүктөгөн. Уюкта жашаган аарылар өздөрүнө берилген бул кызматтарды аткарышат жана керек болсо ал үчүн өз жандарынан кечишет. Эң негизгиси топтун жашоосу уланышы керек; бул үчүн керектүү жан аябастык болсо аң-сезими жана акылы жок аарылардын эрки менен эмес, аларды башкарган эрктин каалоосу менен ишке ашат. Башкача айтканда, эркек аарылар аларды жараткан Аллахтын буйругун угуп жупталуу учушуна чыгышат жана өлүмгө да даяр болуп уюктун жашоосунун уланышына шарт түзүшөт.

Уюкта тургундардын санынын пландалышы

Уюктагы пландуу системанын натыйжасында миңдеген ургаачы аарылар эч бир ишке жарабаган эркек аарыларды кыш бою багуунун ордуна, уюктун ичиндеги жана сыртындагы башка пайдалуу иштер менен алек болушат. Аары колониясы үчүн кыш айларында аман калуу өтө маанилүү бир маселе болуп саналат. Аарылардын саны көп болсо көбүрөөк азык топтоо керек болот, ал үчүн көбүрөөк уюк жасоо жана натыйжада көбүрөөк эмгек талап кылынат. Болгондо да, эркектер ургаачыларга салыштырмалуу бир топ чоңураак болот жана аларды багуу ошончолук кыйыныраак.
Аарылар керектүү учурда эркектерди эле жок кылбастан, эгер азык запасы жетишсиз болсо, жумурткалар менен личинкаларды да жок кылышы мүмкүн. Бул аарылардын колониянын санын азайтуу үчүн колдонгон бир ыкмасы.


Аарылар уюктагы тургундардын санын пландоодо этап этабы менен, контрольдуу түрдө личинка же куурчакча баскычындагы жаңы индивиддерди да жок кылышы мүмкүн. Бул ыкма менен тургундарынын санын 1/5 өлчөмүндө азайтышканы байкалган.71
Бул жерге чейин айтылгандардан да көрүнүп тургандай, аарылардын жашоосунда кемчиликсиз бир көзөмөл жана тартип бар. Аарылардын бүт муктаждыктарын камсыздаган уюктагы тартип аарылардын Аллах тарабынан жаратылганын көрсөтөт.

Аллах бүт жандыктарды бир максат жана даанышмандык менен жараткан. Акылдуу адамдар болсо бул жандыктар жөнүндө ойлонуп, даанышмандыктарды көрүүгө жана мындан жыйынтык чыгарууга милдеттүү.


Булактар:

1- Hayvanlar Ansiklopedisi, C.B.P.C. Publishing Ltd./Phoesbus Publishing Company 1969/77 s.98
2- Encyc. Americana, 1993, USA, Vol.3, Int. Headquartes, Danbur Connecticut, s.439
3- Encyc. Int. Grolier of Canada Ltd. 1968, USA, Vol.2, s.473
4- Encyc. Americana, 1993, USA, Vol.3, Int. Headquartes, Danbury Connecticut; s.439
5- Compton's Pictured Encyc. Vol 2, Compton&Company Chicago, 1961 USA, s.106
6- Prof.Dr. Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları, Omurgasızlar/ Böcekler, Entomoloji Cilt.II/Kısım-II, Ankara; s.43
7- Compton's Pictured Encyc. Vol.2, Compton&Company Chicago,1961, USA, s.108
8- Prof. Karl von Frisch, Aus Dem Leben Der Bienen, Verständliche Wissenschaft Band 1, 8.Auşage, s.51
9- Gordon R. Taylor, The Great Evolution Mystery, Harper&Row Publishers, 1983, s.222
10- Francis Darwin, The Life and Letters of Charles Darwin, Cilt 1, New York: D. Appleton and Company, 1888, s.374
11- Charles Darwin, Türlerin Kökeni, Onu Yayınları 5. Baskı, Ankara, 1996, s.273
12- Francis Darwin, The Life and Letters of Charles Darwin, Cilt.II, New York:D. Appleton and Company, 1888, s.111
13- Charles Darwin, Türlerin Kökeni, s. 310
14- National Geographic Society, The Marvels of Animal Behaviour 1972, s.127
15- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.96
16- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.97
17- Compton's Pictured Enc. Vol.2, Compton&Company Chicago 1961, USA, s.106
18- Compton's Pictured Enc. Vol.2, Compton&Company Chicago 1961, USA, s.106
19- Hayvanlar Ansiklopedisi, Böcekler, C.B.P.C. Publishing Ltd./ Phoesbus Publishing Company 1969/77, s. 97
20- Prof. Karl von Frisch, Arıların Hayatı, s. 75
21- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.96
22- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.85
23- Prof. Karl von Frisch, Animal Architecture, A Helen and Kurt Wolff Book/Harcourt Brace Jovanavich, Inc. New York and London; s.95
24- Prof. Karl von Frisch, Animal Architecture, A Helen and Kurt Wolff Book/Harcourt Brace Jovanavich, Inc. New York and London; s.94
25- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.100
26- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.96
27- Russel Freedman, How Animals Defend Their Young?E.P. Dutton, New York, 1978, s. 63
28- Prof. Karl von Frisch, Arıların Hayatı, s.29-30
29- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.58
30- Prof. Karl von Frisch, Arıların Hayatı, s.36-37
31- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.25-26
32- Prof. Dr. Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları, Entomoloji, Cilt 2, Ankara 1992, s. 677
33- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, S:19-20
34- Prof. Dr. Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları, Entomoloji, Cilt 2, Ankara 1992, s. 676
35- Prof. Karl von Frisch, Arıların Hayatı, s. 127-128
36- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.107-109
37- Prof. Karl von Frisch, Animal Architecture, A Helen and Kurt Wolff Book/Harcourt Brace Jovanavich, Inc. New York and London; s.87
38- National Geographic Society, The Marvels of Animal Behaviour, s.49-64
39- National Geographic Society, The Marvels of Behaviour, 1972, s.49-64
40- Murray Hoyt, The World of Bees, Coward Mcnann Inc, New York, 1965, s.146
41- C.D. Mitchener, The Social Behavior of Bees, 1974
42- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.101
43- National Geographic Society, Marvels of Animal Behaviour, 1972, s.49-64
44- Thomas A.Sebeok, Animal Communication, Indiana Unv. Press London; s.437
45- Compton's Pictured Ency. Vol.2, Compton & Comp. Chicago, USA, 1961, s.106
46- Prof.Dr. Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları, Omurgasızlar/ Böcekler, Entomoloji Cilt II / Kısım -II, Ankara; s.212
47- Murray Hoyt, The World of Bees, Coward Mcnann Inc, New York, 1965; s.45-58
48- Edward O.Wilson, The Insect Societies, Harvard Unv. Press, Cambridge, Massachussetts, 1972
49- Murray Hoyt, The World of Bees, Coward Mcnann Inc, New York, 1965; s. 49
50- Thomas A.Sebeok, Animal Communication, Indiana Unv. Press, London, s.218
51- Edward O.Wilson, The Insect Societies, Harvard Unv. Press, Cambridge, Massachussetts, 1972
52- Prof. Karl von Frisch, Aus Dem Leben Der Bienen, Verständliche Wissenschaft Band 1, 8.Auşage, s. 56
53- Murray Hoyt, The World of Bees, Coward Mcnann Inc, New York, 1965; s.52
54- Encyc. Americana, 1993, USA, Vol.3, Int. Headquartes, Danbury Connecticut, s.440
55- New Encyc. of Science, Orbis Publishing, 1985, Vol.2, s.218
56- New Encycl. of Science, Orbis Publishing, 1985, Vol 2, s.217
57- Prof. Karl von Frisch, Aus Dem Leben Der Bienen, Verständliche Wissenschaft Band 1, 8.Auşage, s.47
58- Prof. Karl von Frisch, Arıların Hayatı, s. 55-56
59- Prof. Karl von Frisch, Aus Dem Leben Der Bienen, Verständliche Wissenschaft Band 1, 8.Auşage, s. 57
60- Moddy Science Classics, Moody Video, City of the Bees, , Chicago, A.B.D.,1998
61- The New Eny. Britannica, Sensory Reception, Vol 27, s. 134
62- Edward O.Wilson, The Insect Societies, Harvard Unv. Press, Cambridge, Massachussetts, 1972, s.96
63- Mark L. Winston, The Biology of the Honey Bee, Harvard Unv. Press, 1991, s.130
64- Murray Hoyt, The World of Bees, Coward Mcnann Inc, New York, 1965; s.40
65- Murray Hoyt, The World of Bees, Coward Mcnann Inc, New York, 1965
66- Hayvanlar Ansiklopedisi, Böcekler, C.B.P.C. Publishing Ltd./Phoesbus Publishing Company, ‹stanbul, 1979; s. 97
67- Prof. Karl von Frisch, Aus Dem Leben Der Bienen, Verständliche Wissenschaft Band 1, 8.Auşage, s. 64
68- Compton's Pictured Encyc. Vol.2, Compton&Comp. Chicago, USA, 1961,Vol.2 s. 108
69- Prof.Dr. Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları, Omurgasızlar/ Böcekler, Entomoloji Cilt II/ Kısım -II, Ankara; s.679
70- Prof. Karl von Frisch, Aus Dem Leben Der Bienen, Verständliche Wissenschaft Band 1, 8.Auşage, s. 65
71- Compton's Pictured Ency. Vol.2, Compton&Comp. Chicago, USA, 1961, s.108

20 комментариев:

  1. pixologic-zbrush-crack
    can be a standard digital marketing program that acquired the 3D market. It has work-flows and many functions.
    new crack

    ОтветитьУдалить
  2. Thank you, I’ve recently been searching for information about this subject for a long time and yours is the best I have found out so far.Ultraiso Premium Crack

    ОтветитьУдалить
  3. Your website is fantastic. The colors and theme are fantastic.
    Are you the one who created this website? Please respond as soon as possible because I'd like to start working on my project.
    I'm starting my blog and I'm curious as to where you got this from or what theme you're using.
    Thank you very much!
    eset nod32 antivirus crack
    traktor dj software crack
    advanced systemcare pro crack
    minitool power data recovery crack

    ОтветитьУдалить
  4. They say that the Devil works hard. Everyone’s wrong. You work harder. We’re so proud of you.

    defraggler crack key
    wondershare uniconverter crack
    earthview crack

    ОтветитьУдалить
  5. It was just as enjoyable for me as it was for you.
    I like the drawing and your writing style.
    Please continue to shake to your heart's content.
    Here are the details: uncomfortably quick, but no doubt
    again, as is virtually often the case if you promote this stroll inside.
    iexplorer crack keygen
    windows 8 enterprise crack
    morphvox pro crack
    speedify crack

    ОтветитьУдалить
  6. I like your all post. You Have Done really good Work On This Site. Thank you For The Information You provided. It helps Ma a lot.

    directory monitor pro crack
    directory monitor pro crack

    it Is Very Informative Thanks For Sharing. I have also Paid This sharing. I am ImPressed For With your Post Because This post is very beneficial for me and provides new knowledge to me.

    directory monitor pro crack
    directory monitor pro crack

    This is a cleverly written article. Good work with the hard work you have done I appreciate your work thanks for sharing it. It Is a very Wounder Full Post.

    directory monitor pro crack

    I like this article. I was searching over search engines and found your blog and it really helps thank you very much…

    ОтветитьУдалить
  7. Thanks for the wonderful message! I really enjoyed reading
    You can be a good writer. Bad Alvzis Blog and Testament
    He'll be back later. I want to argue
    Keep up the good work, have a great weekend!
    And I appreciate your work, I'm a great blogger.
    This article bothered me a lot.
    I will bookmark your site and continue searching for new information.
    camstudio crack
    adobe after effects cc crack
    gameloop crack
    zebra cardstudio professional crack ss

    ОтветитьУдалить
  8. I am very thankful for the effort put on by you, to help us, Thank you so much for the post it is very helpful, keep posting such type of Article.
    ReFX Nexus VST Crack
    Forza Horizon 2 Full Game For PC
    DeskSoft EarthView Crack

    ОтветитьУдалить
  9. I’ve been surfing on the web more than 3 hours today, yet I never found any stunning article like yours.
    It’s alluringly worth for me.
    As I would see it, if all web proprietors and bloggers made puzzling substance as you did.
    the net will be in a general sense more beneficial than at whatever point in late memory.

    coolutils pdf splitter crack
    mstech easy desktop organizer crack
    uvk ultra virus killer crack
    cloanto c64 forever plus edition crack
    nch debut professional crack
    acdsee photo editor crack

    ОтветитьУдалить
  10. Бал Аарыдагы Керемет (Харун Яхья): Аарынын Уюгундагы Жашоо >>>>> Download Now

    >>>>> Download Full

    Бал Аарыдагы Керемет (Харун Яхья): Аарынын Уюгундагы Жашоо >>>>> Download LINK

    >>>>> Download Now

    Бал Аарыдагы Керемет (Харун Яхья): Аарынын Уюгундагы Жашоо >>>>> Download Full

    >>>>> Download LINK SB

    ОтветитьУдалить
  11. Бал Аарыдагы Керемет (Харун Яхья): Аарынын Уюгундагы Жашоо >>>>> Download Now

    >>>>> Download Full

    Бал Аарыдагы Керемет (Харун Яхья): Аарынын Уюгундагы Жашоо >>>>> Download LINK

    >>>>> Download Now

    Бал Аарыдагы Керемет (Харун Яхья): Аарынын Уюгундагы Жашоо >>>>> Download Full

    >>>>> Download LINK fK

    ОтветитьУдалить
  12. Upper Dublin high school students collect data on tree species at the Temple Forest Observatory during their visit to the Ambler Field ...

    webstorm crack
    typing master pro crack
    vso convertxtodvd crack
    mackeeper crack
    teamviewer crack with torrent

    ОтветитьУдалить
  13. Nice & Impressive! I have not ever seen this type of blog Plz continue informative blog like this
    ipixsoft video

    slideshow maker deluxe crack

    ОтветитьУдалить